Линктер

жекшемби, 22-июль, 2018 Бишкек убактысы 16:57

АКШнын Мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Латын Америкасындагы коңшуларын Кытай жана Орусия боюнча эскертти. Бул эки өлкөнүн аймактагы аракеттерин “кооптондурарлык” деп атаган Тиллерсон аларды Кошмо Штаттар менен иштешүүгө үндөдү. АКШнын улуттук коопсуздук боюнча былтыр декабрда жарыяланган стратегиясында Кытай менен Орусия атаандаш державалар деп аталган. Бээжин менен Москва Вашингтондун мындай пикирин сынга алышкан.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон АКШнын Латын Америкасындагы коңшуларына багышталган эскертүүсүн аймактагы беш өлкөгө: Мексикага, Перуга, Аргентинага, Колумбияга жана Ямайкага барарда жарыялады.

Ал 1-февралда Мексикага барарда Техаста, Остин университетиндеги жыйында сүйлөп, “Латын Америкасы өз элинин гана пайдасын көздөгөн жаңы империялык державаларга муктаж эмес” деп белгиледи.

- Кытайдын мамлекеттик өнүгүү модели өткөндү эске салат. Ал жарым шардын келечеги болбошу керек. Кытай бүгүн Латын Америкасында орун-очок алууда, мамлекеттик экономикалык машинасын колдонуп, аймакты өз огуна тартып жатат. Бирок мунун куну канча деген суроо туулат. Кытай бүгүн Аргентинанын, Бразилиянын, Чилинин, Перунун эң ири соода өнөгү. Бул соода пайда алып келгени менен кытайлыктардын көбү колдонгон адилетсиз соода тажрыйбасы бул мамлекеттердин өндүрүштүк секторуна зыян тийгизип, жумушсуздукту жаратты жана айлык акынын кыскарышына алып келди.

Тиллерсон Кытайдын өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө сунуш кылган өнүгүү багыты аларга кызык көрүнгөнү менен иш жүзүндө соодадан табылган кыска пайда узакка созулган көз карандылыкка байланыштуу экенин кошумчалады.

Ал айрыкча Кытайдын бизнес долбоорлору “Кытайдын жумушчу күчүн, ири өлчөмдөгү насыяны колдонууну” талап кыларына, адам укуктары менен мүлккө болгон укукту көзгө илбей турганына да токтолду.

АКШнын мамлекеттик катчысы Орусиянын Латын Америкасындагы аракеттерин да кооптондурарлык деп эсептей турганын айтты.

- Орусиянын аймактагы абалы бекемделиши да кооптондурарлык. Анткени ал демократиялык баалуулуктарды урматтабаган же бөлүшпөгөн режимдерге курал жана аскердик техника сатууну улантып жатат. Биздин аймак өзүнүн түпкүлүктүү баалуулуктарын чагылдырбаган алыскы державалардан сак болушу керек.

Венесуэланын борбору Каракас шаарынын көрүнүшү. 31-январь, 2018-жыл.
Венесуэланын борбору Каракас шаарынын көрүнүшү. 31-январь, 2018-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Латын Америкасына Кытай жана Орусия тууралуу эскертүүсү Вашингтондун улуттук коопсуздук боюнча стратегиясында бул эки өлкө АКШга “атаандаш державалар” катары көрсөтүлгөндөн кийинки учурга туш келди.

АКШнын былтыр декабрда жарыяланган стратегиясын Москва “агрессивдүү”, Бээжин болсо “кансыз согуш доорунан калган менталитет” деп сынга алышкан.

Аптанын башында Конгресстеги кайрылуусунда президент Доналд Трамп да Кытай менен Орусияны "атаандаштар" деп атаган болчу.

Кытайдын лидери Си Цзиньпин Аргентинанын мурдагы президенти Кристина Киршнер менен. Бээжин, 4-февраль, 2015-жыл.
Кытайдын лидери Си Цзиньпин Аргентинанын мурдагы президенти Кристина Киршнер менен. Бээжин, 4-февраль, 2015-жыл.

​“Кытай - Латын Америка экономикалык бюллетени” деген басылманын жазганына караганда, бул чөлкөмдөгү өлкөлөр ортосундагы сооданын көлөмү 2016-жылы 216 миллиард долларды түзгөн. Мунун 113 миллиарды - Кытайдын экспорту.

Вашингтондогу Брукингс институтунун эсебинде, Кытайдын мүдөөсү - 2015-2019-жылдар аралыгында Латын Америкасы жана Кариб деңизи боюндагы өлкөлөр менен сооданы 500 миллиард, тикелей инвестицияны 250 миллиард долларга жеткирүү.

Ал эми бул аймакта Орусиянын куралын сатып алган өлкөлөрүнүн көч башында Венесуэла турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG