Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 01:29

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (21-28-май)

Вашингтондогу Jamestown Foundation изилдөө институтунун Eurasian Daily Monitor басылмасында Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ич ара мамилеси талдоого алынган.

Автор Жорж Волошин акыркы мезгилде "Казакстандын бейтараптуулугу Орусиянын кыжырын келтирип жатканын" жазган.

"Армениядагы бийлик алмашуу Орусияга жакпады. Себеби, жаңы өкмөт башчысы "оболу армяндар" деген улутчул саясатты көздөйт.

Беларус да кээде орус лидерлерине "баш бербей", тышкы саясатта өзүм билемдикке барып жатат. Кыргызстан 2014-жылы Орусия куруп беребиз деп, бирок кийин баш тартып койгон ГЭС долбоорлорунун айынан Москвага таарынычы күч.

Кремл кыргыз мигранттарын боюна тартууда

Улуттук боштондук кыймылын Мамлекеттик Думанын депутаты Евгений Федоров жетектейт. Ал кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугуп, өзүнчө жыйын өткөргөн.

Ал эми Казакстандын тышкы саясатта мелүүн позицияны карманганы Кремлдин ачуусун келтирип жатат. 5-майда Нурсултан Назарбаев Казакстан менен АКШ 2017-жылы сентябрда макулдашылган Ооганстанга кеткен жана келген аскерий жүктөр үчүн кошумча эки транзиттик борбор ачуу жөнүндө келишимге кошумча киргизген мыйзамга кол койду.

Орусия 1990-жылдардан бери Казакстандын аскерий, тышкы саясаттагы эң башкы өнөктөшү болуп келген. Бирок Астана азыр Европа жана АКШ менен мамилесин жандантып, бара-бара Кремлдин таасиринен оолактап бараткандай" деген автор Волошин казак бийлигинин АКШ атуулдарына визасыз саякаттоого уруксат берүүсү да орус тараптын ичин тарытканын мисал келтирет.

Европадан башпаанек таба албаган оогандыктар кыйналды

"Чейрек кылымдан ашуун созулган согуш учурунда Ооганстандан качкан миллиондогон адамдар коңшу өлкөлөргө, миңдегени Батышка ооп, жаңы жашоо баштады. Бирок акыркы 30 айдын ичинде Европа өлкөлөрү кабыл албай, кайра мекенине кайтууга мажбур болгон он миңдеген оогандар өз мекенинде түрткүнчүк болууда" деп баяндайт Washington Post гезити.

Оогандык аялдар
Оогандык аялдар

Ооганстанда согуш уланганы менен Европа өлкөлөрүнүн бийлиги бул өлкөнүн атуулдарын кабыл алуунун зарылдыгы жок деген чечим чыгарышты. Өз мекенине аргасыз кайтууга мажбур болгон качкындар талиптердин бутасына кабылышты. Коңшу Пакистан жана Иранга 400 миңдей ооган мигранты жыл сайын агылат. Алардын 40 пайызы кайра кайтарылып жатат.

Эл аралык мыйзамдар боюнча өлкөсүндө согуш бүтө элек качкынды мекенине кайтарууга болбойт. Бирок Европа мамлекеттери "жакырчылыктан качты" деген негизде миңдеген оогандарды кайтарып, алардын өмүрүн коркунучка кептеди.

2016-жылы Европадан башпаанек издеген оогандыктар 745 миң 155 болсо алардын 262 миң 565и депортация болгон. Бир жагынан экономикалык кыйынчылыкка тушуккан кайрылман качкындардын эң башкы баш оорусу мекенге кайткандагы коопсуздугу болууда деген басылма бир нече качкындын жашоосун макалада баяндайт.

Индустар Таж-Махалды эмнеге жактырышпайт?

Могол императору Шах Жахан салдырган Таж-Махалга жылына миллиондогон туристтер агылганы менен Индия бийлиги бул тарыхый мураска эмнеге астейдил мамиле жасабай жатат деген суроого Newsweek журналы жооп издеген.

Жаркыраган ак мармары абанын булгануусунан саргайып, бийик мунаралары оңдоого муктаж. Таж Махал жайгашкан Агра шаарын чет элдик туристтер эң балит жана жакыр калаа катары сыпатташат.

Таж-Махал
Таж-Махал

Индус коомчулугунда диний ажырымдардан улам Таж-Махалды "тарыхыбызда орун албашы керек", "чыккынчылар тарабынан курулган" деген түшүнүктөр орун алган. Бийликте турган партия үчүн Таж- Махалдын мааниси жоктой.

Уттар Прадеш провинциясынын жетекчилиги дүйнө кереметтеринин бири атыккан эстеликке маани бербей, заманбап оюн-зоок жайларды куруу менен алек. Индус шовинисттеринин жек көрүүсүнө жеке эле Таж-Махал кабылган жок. Акыркы жылдары өлкөдөгү мусулмандарга болгон кысым да жетер чегине жетти.

Жазуучу Наянтара Сахал: "Индиянын диний толеранттуулугу, маданий ынтымагы, улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган тил, тамак-аш, музыка, бий, кийим маданияты индуизмди пир туткан шовинисттердин курмандыгына айланды", - деген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG