Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Майк Помпеонун Орусия жана Иран багыты


Майк Помпео Сенат комитетиндеги угуу учурунда. Вашингтон, 12-апрель, 2018-жыл.
Майк Помпео Сенат комитетиндеги угуу учурунда. Вашингтон, 12-апрель, 2018-жыл.

Кошмо Штаттарда жаңы Мамлекеттик катчыны бекитүү жараяны башталды. Бул кызматка көрсөтүлгөн Майк Помпео Сенат комитетиндеги алгачкы угууда Иран менен өзөктүк келишимди “оңдоо” жана күчтөндүрүү үстүндө иштерин билдирип, Орусияга карата катаал турумду карманарын ишара кылды.

АКШнын Борбордук чалгын кызматы – ЦРУнун учурдагы директору, Мамлекеттик катчылыкка президент Дональд Трамп көргөзгөн Майк Помпео Сенаттын тышкы иштер комитетиндеги алгачкы угууга 12-апрелде келди.

Баяндамачылар анын билдирүүлөрүнөн эки нерсени бөлүп көргөзүшүүдө.

Биринчиден, Вашингтондун болочок башкы дипломаты ал Кошмо Штаттар Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимден чыгуусун кызуу колдошу мүмкүн деген кооптонууларды бери дегенде азыркы учур үчүн басаңдаткандай болду:

Майк Помпео Сенаттагы угууда. 12-апрель, 2018-жыл.
Майк Помпео Сенаттагы угууда. 12-апрель, 2018-жыл.

- Мен бул келишимди оңдогум келет. Максат ушул. Менимче, мына ушул нерсе АКШнын кызыкчылыктарына жооп берет. Кокус биз келишимди, андагы олуттуу кемчиликтерди оңдой албай калдык деген бүтүмгө келсек, анда президентке туура кеңештерди беребиз, колдон келгендин баарын жасап, өнөктөштөр менен эң мыкты жыйынтыкка, туура чечимге жетүү үстүндө иштейбиз, - деди Помпео сенаторлордун суроосуна жооп берип жатып.

Майк Помпео өнөктөштөр дегенде Иран келишимине катышкан башка беш өлкөнүн үчөөнү: Британия, Франция, Германияны эске алды. 2015-жылкы эл аралык келишимди өзгөртүү маселесин учурда алар АКШ менен сүйлөшүп жатат.

АКШнын өзүндөгү мыйзам талабы боюнча президент Конгресске келишим шарттары аткарылып же аткарылбай жатканын токсон күн сайын ырастап, ага катар Иранга америкалык санкциялардан жеңилдик берген документке кол коюп турушу керек. Кезектеги ошол мөөнөт 12-майда келет.

Президент Дональд Трамп ал атагандай, Иран келишиминде “катастрофалык кемчиликтер” барын сынга алып жүрөт.

Эгер алар оңдолбосо келишимден АКШ чыгып кетерин да эскерткен. Иран болсо келишимди өзгөртүүгө каршы.

Трамп жана анын администрация өкүлдөрү Иранды баллистикалык ракеталарын өнүктүрүү жана аны сыноо менен өзөктүк келишимдин “маңызын” бузганы үчүн да айыптап жүрүшөт.

Экинчиден, Мамлекеттик катчылыкка көргөзүлгөн Помпео Орусияга карата катаал турумду карманарын ишара кылды.

Анын Сенат комитети үчүн даярдаган сөзүндө “Орусия агрессивдүү аракеттерин" улантып жатканы, ал агрессия көп жылдардан берки "жумшак саясатка” байланыштуу экени, “эми бул нерсе бүткөнү” айтылган:

- Владимир Путин азырынча жетиштүү эскертүү ала элек, биз мунун үстүндө али иштешибиз керек. Бирок бул жөн эле санкциялар эмес. Эң көп, алтымыш адамды (тыңчы деп шектелген дипломаттарды) азыркы администрация чыгарды. Азыркы администрация баяндама даярдап, андан Орусия биз өзөктүк күчтөрүбүздү чыңдай турганыбыздан кабар алды. Бир нече апта мурда Сирияда орустар теңтайлаш каршылыкка кабылып, эки жүздөй орусиялык мерт болду. Бул администрация көрүп жаткан аракеттердин тизмеси абдан эле узун.

Майк Помпео Сирияда америкалыктар менен орусиялыктар ортосунда кандай кагылыш болгонун тактаган жок. Бирок ал февралдагы окуяны эске алды деп айтылууда.

7-февралда Сириянын Деир-аз-Зор провинциясында президент Башар Асад тараптагы согушкерлер АКШнын өнөктөшү-жергиликтүү күрттөрдүн турумуна кол салганда алар америкалык авиациянын соккусуна кабылган.

Ошол авиасоккуда өлгөн орусиялыктар “ЧВК Вагнера” деген компаниянын жалданма согушкерлери экени кийин медиада маалымдалган.

Сенат комитетинин олтурумуна Майк Помпео Мамлекеттик катчылыкка бекишине каршылык билдирип келгендер да болду. 12-апрель, 2018-жыл.
Сенат комитетинин олтурумуна Майк Помпео Мамлекеттик катчылыкка бекишине каршылык билдирип келгендер да болду. 12-апрель, 2018-жыл.

Мамлекеттик катчылыкка бекиш үчүн Помпео Сенатта республикачылардын да, демократтардын да колдоосуна ээ болушу керек. Тышкы иштер комитетинде он демократ, он бир республикачыл бар.

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон кызматтан кетери 13-мартта жарыяланган. Президент Дональд Трамп анда өз чечимин саясий көз караштардагы айырмачылык менен түшүндүргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG