Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12
Израилдин Бейрутка чабуулунда тартылган сүрөт. Март, 2026-жыл
Израилдин Бейрутка чабуулунда тартылган сүрөт. Март, 2026-жыл

Жакынкы Чыгыш: Ирандагы согуш качан токтойт?

28-февралда АКШ жана Израил Иранга каршы аскердик операция баштаганын жарыялашты.

Андан эки күн мурда АКШ менен Иран Омандын ортомчулугу менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүшкөн.

22:20 4.3.2026
Иран, Израилдеги кыргызстандыктардын абалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:39 0:00
20:55 4.3.2026

4-март күнү Жидда-Бишкек багытындагы учак "Манас" аэропортуна, ал эми Жидда-Ош багытындагы учак "Ош" аэропортуна келип конду. Учакта Сауд Арабиясынан кыргызстандык жарандар келишти. Алардын 90у Бишкек, 120сы Ошко жеткирилди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, тийиштүү тараптар менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, Жиддадан Ошко дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү, Бишкекке дүйшөмбү, шаршемби жана жекшемби күндөрү учак каттап турмак болду.

4-мартта Сауд Арабиясынын Жидда шаарынан эки учакта 210 адам Кыргызстанга жолго чыкканын Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси Улукбек Марипов билдирген.

Президент Садыр Жапаров 5-мартта Оман мамлекетинен эки учак менен 300 киши алынып келинерин билдирген.

3-мартта Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычев Ирандагы эки кыргызстандык Азербайжандын аймагына чыгарылганын “Азаттыкка” маалымдаган.

Тышкы иштер министрлиги Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин 2-марттагы брифингде кабарлаган.

Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирликтеринде. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.

Сауд Арабиясындагы 5 миң киши умра зыяратына баргандар жана миң киши ал жакта туруктуу жашайт. Катарга круиздик саякат менен барган 67 кишинин виза мөөнөтү 7-мартка чейин узартылган.

ТИМ Бириккен Араб Эмирликтеринде жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүп, соңку окуялар боюнча жергиликтүү бийликтин расмий билдирүүлөрүнө жана такталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырган.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан сокку уруп жатат. (

20:55 4.3.2026

НАТО Ирандын Түркияга ракета атканын айыптады. Анын алдында Анкара өзүнүн аба мейкиндигине учуп бараткан дүрмөттү альянстын абадан коргоо системасы атып түшүргөнүн билдирген. Бул тууралуу Рейтер жана АФП агенттиктери жазды.

Түркиянын Коргоо министрлиги 4-мартта маалымдагандай, Ирандан атылган баллистикалык ракета Ирак жана Сириянын аба мейкиндигинен өтүп, НАТОнун Жер ортолук деңизинин чыгыш тарабында жайгашкан күчтөрү тарабынан зыянсыздандырылган.

Ракета бутага жетпей кулап, сыныктары Хатай чөлкөмүндөгү Дөртйол районуна түшкөнү, эч ким жабыркабаганы кабарланды.

Түркия Тегеранга жаңжалдын курчушуна алып келчү аракеттерден оолак болууну эскертти. Тышкы иштер министри Хакан Фидан Ирандын башкы дипломаты Аббас Аракчи менен телефондон сүйлөшүүсүндө “жаңжалдын жайылып кетишине өбөлгө түзгөн кадамдарга жеткирбөөнү” эскертти. Бул тууралуу түрк тышкы саясий мекемесиндеги булак маалымдады.

НАТОнун басма сөз катчысы Эллисон Харт аскердик блок “өнөктөштөрдү, анын катарында Түркияны бекем коргорун” жана Иран региондогу соккуларын улантып жаткан маалда альянстын туруштук берүү жана коргонуу дарамети күчтүү экенин белгиледи.

15:56 4.3.2026

Тегеранга каршы чабуулдардын жаңы толкунун баштаганын Израил армиясы 4-мартта жарыялады.

Ошону менен катар Ирандын жаңылыктар каналдары борбор калаанын бир нече районунда, анын ичинде Тегерандын чыгыш жана түндүк-чыгышында бир катар жарылуу болгонун кабарлашты.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары бул чабуулдар тууралуу кабарлаган жок.

Бул өлкөдө интернет кайрадан чектелгендиктен бутага алынган жерлер тууралуу маалыматты тактоо мүмкүн эмес.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG