Өзбекстанда «Nike» жана «Adidas» бренддеринин бут кийимдери чыгарылат

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда «Nike» жана «Adidas» бренддеринин бут кийимдерин тигүү пландалууда. Бул тууралуу «Узчармсаноат» бирикмесинин төрагасы Фахриддин Бобоев «Review.uz» басылмасына билдирди:

«Биздин базарга кирүү тууралуу «Nike» жана «Adidas» компаниялары менен макулдашуу бар. Спорттук бут кийимдерди өндүрүү Анжиян облусунда жүргүзүлөт. Биргелешкен «SinoInternational» заводунда аутсорсинг шарты менен дүйнөгө белгилүү бренддин үч миллион даана бут кийимин чыгарууну пландап жатабыз».

Бобоев Өзбекстанда сапаттуу булгаары жетиштүү жана жумушчу күчү кыйла арзан экенин белгилеп, бул артыкчылыктарды Өзбекстанда дүйнөлүк бренддерди көбөйтүш үчүн пайдаланыш керек экенин кошумчалады.

Өзбекстанда валюта реформасы башталгандан кийин өлкөгө чет өлкөлүк ири компанияларды жана инвестицияларды тартуу күчөгөн. 2017-жылдын күз айларынан 2020-жылга чейин дүйнөлүк 30дан ашуун бренд Өзбекстан рыногуна кирген. Алардын арасында банктар, тамак-аш кызматтары бар.

Дагы караңыз

АКШ: «Microsoft» компаниясы шайлоого кийлигишүү аракети болгонун ырастадыӨзбекстан менен аба каттамы 14-сентябрда жанданатТалибдер менен тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүүлөр башталатБейрутта бир ай мурда жарылуу болгон портто өрт чыктыӨзбекстанда мектептер 14-сентябрдан тартып ачылат«Твиттер» аккаунттарга чабуул коюлуудаИИМ: Аксыда «Мекеним Кыргызстанданбыз» деп башка үгүтчүлөрдү коркутуу боюнча шектүүлөр кармалдыОоганстанда эки диниятчыны өлтүрүүнүн артында турган деп шек саналган жихадчы кармалды