Доллардын кымбатташы ишкерликке зыянын тийгизүүдө

Сомдун курсу. Улуттук банктын сайтындагы маалымат. 17-декабрь, 2020-жыл.

Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы өлкөлөрдө инфляция эң жогорку деңгээлде. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков бүгүн, 22-декабрда басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, аймактын алкагында азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү товарлар 12% кымбаттады.

«Ишкерлердин көпчүлүгү насыяны доллар менен алышкан, - деп түшүндүрдү ал. - Чет мамлекеттерден келүүчү товарлар, кездемелер менен жабдуулар доллар менен алынат. Биз баары бир импорттон көз карандыбыз, ошондуктан доллардын кымбатташы ишкерликтин өнүгүшүнө зыян тийгизип жатат».

Аскар Сыдыков ишкерлик өнүгүшү үчүн саясий туруктуулук да зарыл экенин билдирди. Анын айтымында, ушу тапта ири өлчөмдө салык төлөп, жергиликтүү элди жумуш орду менен камсыз кылып келген бир нече ишкана башка өлкөгө кетүүнү көздөп турат. Сыдыков буга өлкөдөгү саясий туруктуулуктун таасири чоң экенин белгиледи.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин арзандай баштаган. Июнда 73 сомго түшүп, ноябрда кайра 85ке жеткен.

Ноябрдын экинчи жарымында Улуттук банк дээрлик күн сайын интервенция жүргүзүп, жалпысынан 75 миллионго жакын доллар саткан.

Бүгүн, 21-декабрда Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында доллар 80 сомдон сатылып жатат. Орус валютасы рубль 1,10 сом болууда.

Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 15-16 сомго көтөрүлүп, ошого жараша азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттап кетти. (ZKo)

Дагы караңыз

COVID-19: Министрлик оорудан коргонуу чараларын сактоо зарыл экенин эскерттиБШК «Парламенттик башкаруу үчүн» үгүт тобун каттадыТүркияга Англиядан барган жарандар обсервацияга алынганы кабарланды«Азаттык»: Уурулар коркутуп, коомчулук колдоп турдуМилиция 16 жаштагы кызга нике кыйылганы тууралуу маалыматты текшердиCOVID-19: Аскер жана күч кызматкерлерине кенемте төлөө боюнча маалымат берилди23-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалыматUSAID өкмөттүк эмес уюмдар үчүн кургак учук менен ооруган бейтаптарга жардам берүү боюнча окутуу уюштурду«Мегаком»: Төрөхан Жунусбековго үгүт иштерине катышууга тыюу сала албайбыз Секелекти зордуктоого шектүү өкүмгө макул эмес