ИИМ кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Акча талап кылган адамды кармоо учуру. 21-декабрь, 2020-жыл. Сүрөт Финполцицияга таандык.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) ыкчам кызматкери - Р. Б. аттуу жаран жүз миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) маалымдады. Ага ылайык, мурдараак Финполицияга Т. Б. аттуу жарандан милиция кызматкерине каршы арыз түшкөн.

21-декабрь күнү Финполдун кызматкерлери ИИМдин Ички тартип кызматы менен кошо атайын операция жүргүзүп, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам өкүлү Р.Б. аттуу жаранды кармашты.

Шектүү Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. (ZKo)

Дагы караңыз

Беларуста Тихановская баш болгон оппозициялык кеңештин мүчөлөрүнө иш козголду«Медиа Полиси Институту» уюмунун түзүлгөнүнө 15 жыл болдуТөрөбаев: Бакиров вице-спикерликти тапшыруу тууралуу чечим кабыл алды«Жарандык көзөмөл комитети»: Жарандык нааразылыкты басууга армияны колдонуу Конституцияга каршы келетПашинян Армениянын чек ара аймагына сапарын кыскартып, Ереванга чукулунан кайттыӨзбекстан мутацияланган вирус чыккан өлкөлөрдүн жарандарын киргизбейтОоганстанда дагы бир журналист киши колдуу болдуФКК Навальныйдын иликтөөсүн «чагым» деп атадыАКШда Жо Байден коронавируска каршы эмделди«Ну, погоди!» мультфильминин жаратуучулардын бири Курляндский каза болду