2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулук көбөйдү

Зомбулук көргөн аялдарга арналган иллюстрация. Автору - Татьяна Зеленская.

Бул маалымат бүгүн, 30-декабрда өкмөттүн үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселесин талкуулаган жыйынында айтылды. Ага ылайык, 2020-жылдын 11 айында Кыргызстанда 8337 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 909 учурга көп.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында жер-жерлерде 470 комитет түзүлгөн. Алардан тышкары кризистик борборлор иш алып барды.

Ал эми вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева маселени ар тараптуу кароону сунуш кылып, балдарды мектептен эле жыныстык маданиятка тарбиялоо зарыл экенин айтты.

«Жаш муун туура маалымат алышы керек», - деди Элвира Сурабалдиева.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү иликтөөлөрдүн жыйынтыгына таянып, Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук иштеринин 70% тараптардын келишип алышы менен токтой турганын жазган. Ага ылайык, өткөн жылы тогуз айда «Зордуктоо» беренеси боюнча 269 иш сотко чейинки териштирүүгө алынса, 200ү сотко жетпей токтотулган, 17 иш гана сотко жеткен. 54 иш «Жашы жете электерге жыныстык ыдык көрсөтүү» беренеси менен катталган.

Расмий маалыматтарга ылайык үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылгандардын басымдуу бөлүгү – 30-39 жаштагы аялдар. (ZKo)

Дагы караңыз

«Түндүкэлектро» үч фазага уруксат берүүнү убактылуу токтоттуБашкы прокуратурага Жээнбековдорго каршы арыз түштүБолот Темировго кол салуу үчүн айыпталгандарга сот чечими чыктыCOVID-19: АКШ менен Индияда вирустун жаңы түрү аныкталды Мэрия: Бишкектин кеңейиши 2025-жылга чейин аяктайт КТРКнын башкы директорлугуна ат салышуудан эки талапкер баш тарттыКалиева: Судья Камил Осмоналиевге кылмыш иши жайында эле козголгонКытайда ууландырылган миллиардердин өлүмү иликтенүүдөӨгөй атасы урган баланын иши сотко өттү