Өмүрбек Суваналиев Баткен облусун жетектемей болду

Өмүрбек Суваналиев (фото архивден)

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бүгүн, 15-февралда аны облустук бийликтин жамаатына өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары Айбек Жунушалиев тааныштырды.

Ошол эле маалда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын облустук башкармалыгына Кыялбек Төлөнбаев, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) облустук башкармалыгына Мурат Боронов, милициянын подполковниги Нурланбек Бурканов (Арзыбек Буркановдун бир тууганы) Баткен шаардык милиция бөлүмүнүн башчылыгына дайындалганы белгилүү болду.

Дагы караңыз Суваналиев: "Садыр Жапаров менен мүдөөбүз бир жерден чыкты"

Облустук администрациянын буга чейинки жетекчиси Жаныбек Жалалов өкмөттүн аппаратынын башчысынын орун басары болду.

Баткен районунун акими Каланбек Маркаев иштен бошоп, ордуна Акыл Орозов дайындалды.

Облус башчысынын биринчи орун басары Жаркынбек Максутовдун ордуна Марип Тулаев келди.

Баткен облусу коңшу республикалар менен чек аралаш тилкеде, борбор шаар Бишкектен эң алыс жайгашкан аймак. Соңку күндөрү облустун айрым айылдарында чек арадагы жер талаш окуялары катталууда. (JsA)

Дагы караңыз

Финпол: "Караван" соода борборундагы коррупциялык схеманын бети ачылды Ошурахунова: Конституция элдин, атургай Садыр Жапаровдун да кызыкчылыгын коргобой жазылганИИМде ротация: экс-төраганын иниси Нарынга, Бурканов БаткенгеӨкмөт үйүнүн алдында чек ара маселеси боюнча акция жүрүп жататУКМК: Матраимовдун чет өлкөдө мүлкү табылса тергөө иштери улантылат Чекеге чыккан чек ара чатактары Суваналиев Баткен облусун жетектемей болду