Украинада жикчилдердин чалгын тобунун башчысы кармалганы кабарланды

Украинанын чыгышындагы жоокер. Луганск облусу. 2019-ж.

Украинанын коопсуздук күчтөрү өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин чалгын тобунун башчысы делген киши кармалганын жарыялады. Украинанын Коопсуздук кызматынын 16-февралдагы билдирүүсүндө, аталган адам Одессадан “кезектеги чалгын иштерин аткарып жүргөн” учурунда кармалганы айтылат.

Дагы караңыз Украин бийлиги: Крым Кремль тарабынан убактылуу гана каратып алынган деп санайбыз

Ысымы ачык айтылбаган киши 2014-жылы Луганскта бийлик имараттарын басып алууга тиешеси болгондугу жана согуштук аракеттер учурунда Украинанын мыйзамдуу бийликтерине каршы чалгындык-диверсиялык топту жетектегендиги жоромол кылынууда.

Дагы караңыз НАТО Украинага тилектештигин билдирди

2014-жылдан бери Украинанын Донбасс аймагындагы Луганск жана Донецк облустары жикчил топтордун көзөмөлүнө өткөн.

Ал топтор аймакты «Луганск жана Донецк элдик жумурияттары» деп атап, Киевдеги борбордук өкмөткө куралдуу каршылык көрсөтүп келет. Бул согуштук аракеттердин жыйынтыгында 13200дөй адам каза болду.

Маалыматтарга караганда, Орусия бул жикчил топтордун негизги каржылык жана курал-жарактык тиреги болууда. Кремль болсо бул доону өзүнө жуутпай келет.