Бишкекте түнкү клубдун ди-джейинин өлүмү иликтенип жатат

Бишкек шаарындагы "312" түнкү клубунун ди-джейин белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы 26-февралда кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлашынча, 25-февраль күнү "102" кызматына "Чыгыш-5" кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде белгисиз адамдын өлүгү жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Милициянын тобу окуя болгон жерге барып, маркум көкүрөгүнө тийген эки октон улам каза тапканын, ал 39 жаштагы С. Д. аттуу адам экенин аныктаган.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды. Милиция кылмышка шектүүлөргө издөө жарыялады. (ZKo)

Дагы караңыз

Аты баатыр, өзү жакыр аэропорт Салянованын Батукаевдин иши боюнча соту уландыКулагы начар уккан балдар үчүн уюлдук тиркеме чыктыОш шаарында эки окуучуну бычактаган өспүрүм үй камагына чыкты Финпол: Бишкекте жашыруун цех иштеткен чет өлкөлүктөр аныкталдыМектептердин айланасына жашылча-жемиш өстүрүүгө уруксат берилди COVID-19: Вирус дагы 51 адамдан табылды, каза болгондор катталган жокАрмениянын армиясы Пашинянды коркуттуКобзев: Навальныйды белгисиз жакка чыгарып кетиштиАбактан кайтпай калган активистТаиландда каза болгон кыргызстандык боюнча ТИМ иш алып барууда