Бүгүн 27-июнда президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга эки күндүк расмий иш сапар менен жөнөп кетти.
Президенттин расмий сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, Жапаров 27-28-июнь күндөрү Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эл аралык, регионалдык кызматташтыкты талкуулай турганы жазылган.
Жапаров мындан тышкары кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышат. Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсү менен таанышат.
Андан ары 28-29-июнь күндөрү Тажикстанга расмий сапар менен барат. Тажик президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу кызматташтык жана чек ара маселесин сүйлөшөт.
Садыр Жапаров буга чейин Борбор Азиядагы мамлекеттерден Өзбекстанга жана Казакстанга барган. (MiK)
Дагы караңыз
COVID-19: Бишкекте ооруканалар толуп калдыКоронавирус бир суткада миңге жакын кишиден аныкталды УКМК муфтий шайлоого аралашпаганын билдирдиАбактагы Жээнбеков кайрылуу тараттыОоганстандагы кырдаалдан улам Өзбекстанда аскердик машыгуу башталдыРябков АКШ элчиси менен мамилени жакшыртуу үчүн жолугатМарипов коронавируска каршы эмдөөдөн өттү