Орхан Инандынын дайынсыз жоголгонуна бир ай болду

Орхан Инандыны табуу талабы менен митингге чыккандар. 25-июнь, 2021-жыл.

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны издөө иштери уланып жатканын ИИМдин басма сөз кызматы "Азаттыкка" маалымдады.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инанды бир ай мурун, 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз. Инандынын тарапкерлери анын табылышын талап кылып, эки жумадан ашуун тынбай акцияларды өткөрүп турушту.

Орхан Инандынын жоголушуна байланыштуу милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон, Интерполго да кабар берилгени айтылган. Президент Садыр Жапаров тийиштүү мекемелерге аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Расмий маалыматтар боюнча, Инанды Кыргызстандын чек арасы аркылуу чет өлкөгө чыккан эмес. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн издөөгө жардам сурап Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине кат жазганын, бирок аны кабыл албай коюшканын адвокаты 15-июнда билдирген.

Теги түркиялык Орхан Инанды - Кыргызстандын жараны. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал кантип жарандык алганы иликтенип жатканын маалымдаган. (ZKo)

Дагы караңыз

Москвада коронавируска каршы кайра эмдөө башталдыАКШ Ооганстанда жарандык согуш башталып кетиши мүмкүн экенин эскерттиАКШнын мурдагы коргоо министри Дональд Рамсфельд дүйнө салдыКытай Коммунисттик партиянын 100 жылдыгын белгилеп жатат"Токтогулда" суунун көлөмү 11 млрд. кубдук чектен жогоруладыГаага соту Милошевичтин эки үзөңгүлөшүн 12 жылга кестиЖалал-Абаддан Ысык-Көлгө аба каттамы жанданды