Кыргыз-өзбек чек арасында дагы бир жашыруун тоннель табылды

Кыргыз-өзбек чек арасында табылган тоннель.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облусунун Кара-Суу шарында аткезчилик үчүн Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астындагы жашыруун тоннель табылганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал Кара-Суудагы үйдүн бетон тротуарына салынган. Тоннелдин тереңдиги 17,5 метр бийиктикте, кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 см, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы аралык 155 метрге жакын.

Ушул тапта тоннелди пайдалануу менен мыйзамсыз иштерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 24-майда да Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Телман айылынын аймагында Өзбекстанга өтчү 270 метр жашыруун жол табылганын кабарлаган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын жалпы узундугу жалпысынан 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек аранын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% жакыны такталган. (BTo)

Дагы караңыз

Тажикстандык журналист Имомали милиция беш саат суракка алганын билдирдиСурдлимпиадага катышкан спортчулар менен машыктыруучулар сыйланды AP: Орусия "Азовсталда" мерт болгон украин аскерлеринин сөөгүн өткөрүп бере баштады“Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу 8-июнда башталат Атамбаев кыйноого кабылганы тууралуу маселе парламентте көтөрүлдүУкраина: Северодонецк шаары үчүн айыгышкан кармаш жүрүп жатат