Журналист Азият Жекшеев соттон чакыруу кагаз алганын билдирди

Азият Жекшеев.

“Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын” лидери, журналист Азият Жекшеев ага 7-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунан чакыруу кагазы келгенин билдирди. Анын “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, чакыруу мындан беш жыл мурун болгон окуяга байланыштуу. Соттук отурум 4-мартка белгиленген.

“Мен “ТВ Кайгуул” программасында иштеп жүргөндө бир адам “автордук укук бузуу” боюнча мени сотко берген. Александр Паленый деген кишинин жол эрежесин бузганы тууралуу видеосун авторун көрсөтүп туруп программага чыгаргам. Ал “менин видеомду авторду белгилебей чыгарган” деп 2-3 жолу сотко берип утулган. Иш эмнегедир кайра карала баштаптыр”, - деди ал.

Райондук сот бул боюнча маалымат бере элек.

Азият Жекшеев НТС телеканалынын кабарчысы болуп иштеп турганда чукул кырдаалдар жана кылмыш окуялары тууралуу көрсөткөн “ТВ Кайгуул” программасын алып барган. Журналисттер күнү-түнү Ички иштер министрлиги (ИИМ), Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жана “Тез жардам” кызматы менен чогуу рейдге да чыгып турушчу.

Жекшеев 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого “Реформа” саясий партиясынын тизмеси менен катышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Украина: Орусиянын чабуулу бири нече кишинин өмүрүн алды Баткенди өнүктүрүүгө каралган акчага 36 долбоор ишке кирдиБишкек ЖЭБи ушуга чейин кышкыга пландалган көмүрдүн 62% алганын билдирдиЖалал-Абад шаарынын бюджети быйыл миллиард сомго жеткирилетСоциалдык мекеме тургундарынын тамак-аш акчасы 100% көбөйдүБишкектин борбордук көчөлөрүнөн миңдей кичи автобус чыгарылдыAmnesty international эркиндикти чектеген мыйзамдарды кайра карап чыгууга чакырды Британияда иштөөгө 7 саатта 26 миңден ашык кыргызстандык арыз берди