Европа глобалдык күч болобу, же Орусиябы?
Айрыкча Европа үчүн абдан чоң сыноо, финансылык, аскердик жүккө айланды. Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский 26-февралда парламентте сүйлөгөн сөзүндө азыр дүйнөнүн эки тирөөчү Америка менен Кытай болсо, үчүнчүсү Европа болобу, же Орусиябы деген суроо кабыргасынан турат деп белгиледи. Бул согуштун эртең эле аякташын украиндердей каалаган адам жок азыр. Европалыктар да коргонууга, украин армиясын колдоого кеткен чыгымдардан улам согуштун токтошун каалайт, бирок дал ушул Батыш тарап башынан эле Киевге жетиштүү жардам көрсөтө албай келатканы Украинадагы кандуу согуштун андан ары созулуп кетишинин башкы себептеринин бири.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Орус-украин согушу качан бүтөт?
Согуштун алгачкы төрт жылында украин армиясына бөлүнгөн америкалык ири жардам мындан ары берилери арсар. Дүйнөлүк экономика боюнча Кил институту билдиргендей, АКШ азыркыга чейин бул ишке 127 млрд доллардай каражат сарптады. Еврошаркеттин бардык чыгымдарын (каржылык, курал-жарак, качкындарды колдоо) эсептегенде 200 млрд доллардан ашты.
Европа Биримдигинин Орусияга каршы 20-санкциялар пакетине жана Украинага берилчү 90 млрд долларлык жардамга Венгриянын премьери Виктор Орбан каршы добуш берип, азыр шаркетте бул жагынан кризис жаралды. Орбан Украина “Дружба” кууру аркылуу Венгрия, Словакияга кара май өткөрүүнү жандантпаса, маселе чечилбейт деп катуу турат.
Украина Еврошаркеттин жардамы чечилбесе, апрелде акчасы жок каларын айтат. Премьер Орбан Венгрияга мунай ташуу маселесин Киев саясий ишке айландырып, 27-январдан тарта атайлап блоктоп атат десе, украин бийликтери “Дружба”, же Достук кууруна орус армиясынын чабуулдарынан улам зыян келтирилгенин, аны оңдоп-түзөөгө убакыт кетерин айтып жатышат.
Европалык дипломаттар Венгрияны Украинага жардам берүүгө кантип көндүрөрүн билбей убайым тартып жаткан кез. Орус-украин согушу жалпы дүйнөдөгү тынчтыкка, биримдик, тилектештикке болуп көрбөгөндөй сокку урду. Мындай согуш болбойт деп эч ким кепилдик бере албасын, кудай сактасын, кайсы бир жерде от тутанып кетсе, ал өлкө өз күчүнө, өзүнүн аскерлерине, курал-жарагына гана ишениши керек экени "баарыңарга сабак болду" деп белгиледи украин президенти ушул аптада. Дүйнөдө оту өчүп, бирок чогу тутанып турган чыр-чатактарды Украинадагы согуш мурдагыдан кооптуу жайларга айлантты.
Дагы караңыз Axios: Зеленский согуш жыл аягына чейин аяктайт деп үмүттөнөтЭки жактын эбегейсиз жоготуулары
Согуштун төрт жылдыгына карата Медиазона менен Би-Би-Си анда өлгөн 200 186 орус аскеринин ысымдары такталганын жарыялашты. Алар маалыматын Орусиянын мамлекеттик реестрин изилдеп такташат. Булардын эсеби боюнча, 2025-жыл мурдагыдан кандуу жылга айланып, былтыр согушта мерт болгон 50 миңдей кишинин аты-жөнү бышыкталды.
Эң көп жашоочусун жоготкон региондор тизмесинин башында Башкырстан, Татарстан, Тыва, Бурятия турат. Эки тарап тең канча кишиси өлгөнүн ачык жарыялабайт.
Лондондо чыгуучу "Экономист" журналы чалгындоо кызматтары, спутниктерден тартылган сүрөт, видео, жердеги көз карандысыз булактардын маалыматын чогултуп-салыштырып жазганына караганда, орустар украиндерге караганда кыйла көп кишисин жоготуп, басып алган аймагы былтыр бир аз эле кеңейди.
Тактап айтканда, "Экономист" жазгандай, орус армиясы төрт жыл ичинде 300-430 миңге чукул аскерин жоготуп, жарадар болгондордун саны бир миллиондон ашты. Ушул эле булакка ишенсек, украин күчтөрү 160 миндей кишисин жоготуп, жараат алгандар 600 миндин тегерегинде. Орусия украин аймагынын 20 пайыздайын ээлеп алганы менен, былтыр басып алган жаңы жерлери жалпы украин аймагынын 1 пайызын да түзгөн жок.
Мындан тышкары Украинадан согуш башталгандан бери 5-6 миллиондой киши тынч жай издеп чет жактарга чыгып кетишти, дагы 3-4 миллиондой киши өлкөнүн ичинде жер которууга аргасыз болду.
Дагы караңыз Трамптын кайрылуусу: Иран, Украина, "Американын алтын доору"Орусияда азыр демографиялык кризис тереңдеп баратат. Согушта өлгөн жүз миңдеген жарандарынан тышкары чет жактарга көчүп кетүү күч алган, айрым эксперттер алдыдагы 30-40 жылда Орусиянын калкынын саны 25-30 пайызга азайышы мүмкүн деп боолгоп жатышат.
Согуш Борбор Азияны бириктирип, глобалдык маанисин арттырды
Борбор Азия өлкөлөрү бул согуштан өз жарандарын жоготуп атат, апта сайын эле Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстанга алыскы согушта каза тапкан аскердин сөөгү жеткирилгенин окуп, билип атабыз. Москва өзүнүн ички экономикалык-социалдык маселелерин женилдетүү, жаңы аскерлерди табуу максатында Борбор Азиялык мигранттарга карата саясатын барган сайын катаалдатып, аларга Орусияда жашап-иштөө оорлоп баратат. Туруктуу жашоого уруксаты барлар, орус жарандыгын алгандарга жеңилирээк болушу мүмкүн. Көпчүлүккө, айрыкча аскер курагындагы эркек мигранттарга карата согушка салуунун ар кандай жолдорун колдонуп жатышат. Бул эми адамдык ресурс жагынан жоготуулар.
Экономикалык жактан Украинадагы согуштун кесепети, же шарапаты менен дейбизби, Борбор Азия өлкөлөрү, айрыкча Кыргызстан, Казакстандын банк чөйрөсү, чек аралар аркылуу товар ташыган логистикалык, соода компаниялары бир топ пайдага туйтунуп, каражат таап атышат.
Ошол эле учурда мындай саясат Борбор Азия өлкөлөрүнүн эл аралык кадыр-баркына, инвестициялык климатына көлөкө түшүрүп, зыян келтирүү коркунучу бар. Брюсселдин соңку билдирүүлөрүндө бул жагынан Кыргызстан башкалардан көбүрөөк активдүү иштеп, согуштан каржалган орус экономикасына көп түрдүү кызматтарды көргөзүп жатканы айтылат.
Медалдын эки жагы бар дегендей, бир жагынан пайда таап атса, экинчи жагынан узак мөөнөттүү зыянын эсептеп, баарын эске алынышы керек. Ошол эле учурда Украинадагы согуш Борбор Азиядагы ички ынтымак, кызматташтыкты, регионалдык жакындашууга салым кошту десек болоттур.
Дагы караңыз Украинадагы согушка төрт жыл: бейтарап Бишкек, "кара тизмедеги" компания, урушка кеткен кыргыздарЧөлкөм тышкы саясатта глобалдык деңгээлдеги жаңы багыттарды изилдеп, АКШ, Кытай, Европа, Жапония, Британия менен регионалдык деңгээлде кызматташтык, байланыштарды кеңейтүү жолдорун талкуулап жатат.
Кээ бир эксперттер Борбор Азия азыр жаңы глобалдык геосаясий оюнчуга айланып баратат деп жазышты. Ошентсе да, согуштан эч ким утпайт, тынчтык болсо азыр биз айтып аткан жаңы багыттар азыркыдан кыйла ыкчам өнүгүп, Борбор Азиянын тез өнүгүшүнө жол ачылмак экени шексиз.