Нарын шаарында Жумамүдүн Шералиев көчөсүндө болгон жол кырсыгынан 56 (К.С.) жана 52 жаштагы (Г.А.) жубайлар жаракат алып, ооруканага түштү.
Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, кырсык 29-март күнү саат 18:50 чамасында шаардын 64 аймагында болгон. Чыгыштан батышты карай бараткан “Митсубиси Лансер” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу эки адамды сүзүп токтогон. Жабырлануучулар “Тез жардам” кызматы менен Нарын облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Автоунаанын айдоочусу Нарын шаарынын 23 жаштагы тургуну (Н.Д.) экени аныкталып, Нарын облустук ооруканасынын наркология бөлүмүндө текшерүүдөн өтүп, спирттик ичимдик колдонбогону такталган.
Социалдык тармактарда тараган видеодо айдоочу катуу ылдамдыкта келатып автобусту жана эки машинени бирдей ашып өтүүгө аракет кылып, жолдон өтүп бараткан эки адамды сүзүп кеткенин көрүүгө болот. Жабырлануучулардын алган жаракатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Айдоочу Мамлекеттик чек ара кызматында кызмат өтөгөндүгүнө байланыштуу топтолгон материалдар Балыкчы гарнизондук аскер прокуратурасына жөнөтүлдү.
Өлкөдө соңку жылдары адам өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталууда. 27-мартта эле Ысык-Көл облусунда болгон жол кырсыгынан алты адам мүрт кеткен.
Кыргызстанда 2025-жылы 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алды. Кырсыктардын негизги себептери автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени айтылып келет. (BTo)