Ошто ыдыкка кабылган милициянын иши боюнча 8 кызматкер тартиптик жазага тартылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Күзөт кызматынын Ош шаарынын күзөт бөлүмүнүн кызматкери, милициянын старшинасынын (М.Б.) арызы боюнча Ички иштер министрлиги (ИИМ) да комментарий берди.

Ал кесиптештери ага психологиялык, моралдык басым кылганын айткандан кийин ИИМде атайын жумушчу тобу түзүлүп, кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында Ош шаарынын Чыгыш күзөт бөлүмүнүн башчысы жана 7 кызматкер ар кандай тартиптик жазаларга тартылды.

Мунун алдында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева ага милициянын старшинасы (М.Б.) кесиптештери ыдык көрсөтүп жатканын айтып, арызданганын билдирген. Аял кызматкер жогору кызматта турган кесиптештери ага адепсиз сөздөрдү айтып, жогорку окуу жайда күзөт кылгандар аны башка адамдар менен тааныштырууга аракет кылып, адепсиз видеолорду катуу үн менен коюп көргөн окуялар болгонун билдирген.

Ал бул боюнча арыз жазгандан кийин жетекчилиги басым кылууну күчөткөнүн айткан.

ИИМ акыркы жылдары Кыргызстанда коомдук жайларда ыдык көрсөтүүгө байланышкан даттануулар жана кайрылуулар көбөйгөнүн кабарлаган. Өлкөдө буга чейин коомдук жайларда, жумушта аялдарга сексуалдык ыдык көрсөткөн окуялар боюнча арыз-даттануулар болгон. Айрым кызматкерлер кармалган да учурлар бар.

2025-жылы Акыйкатчы институтуна ыдыкка кабылганына даттангандардан эки арыз түшкөн. (BTo)

Дагы караңыз

Жапония өз кемеси Ормуз кысыгынан өткөнүн билдирдиКызыл аянттагы парад быйыл аскердик техникасыз өтөтКамчыбек Ташиев кайрылуу таратып, өзүнө кылмыш иши козголгонун ырастадыИИМ Бишкек электр тармактар ишканасынын директорун кармадыКамила Талиева үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууну күчөтүү керектигин айттыДепутат Сариев Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө көбүрөөк каражат бөлүүгө чакырдыТашиев, Тургунбек уулу жана Зулушев ИИМде сурак бергени кабарлануудаБириккен Араб Эмирликтери 1-майда ОПЕКтен чыгарын жарыялады