Жетим-Тоо кенин иштетүүгө инвестор изделип жатат

Жетим-Тоо кени жайгашкан жер. Иллюстрациялык сүрөт.

Нарындагы Жетим-Тоо кенин иштетүүгө инвесторлор изделип жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Амантур Турсуниязов Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин 18-майдагы жыйынында айтты.

Ал парламенттин депутаты Кубанычбек Самаковдун суроосуна жооп берип жатып чалгындоо иштерине лицензия “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына берилгенин жана инвестор издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Геологиялык кызматынын директорунун орун басары Руслан Калилов Жетим-Тоо кенинде алты участок аныкталганын жана руданын запасы болжол менен 5 миллиард тонна деп эсептелгенин айтты.

2024-жылы 22-январда президент Садыр Жапаров “Кыргыз экономикасын динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” жарлык чыгарган.

Анын негизинде 2024-жылы геология тармагын өнүктүрүү үчүн бюджеттен 1 млрд сом каражат бөлүнгөн. Өкмөт аны жаңы кендерди ачууга, геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, атайын техника сатып алууга, адистерди окутууга, пайдалуу минералдарды издөөгө, чалгындоого жана баалоого жумшай турганын билдирген. Өлкөдөгү кен байлыктарын иштетүүдө мамлекетке 30% кем эмес үлүштү камсыздоого милдеттендирилип “Кыргызалтын”, “Кыргызкөмүр” жана “Кыргызгеология” ишканаларына лицензиялар берилген.

2022-жылы Садыр Жапаров Жетим-Тоо кенин Кыргызстан өзү иштетерин, башкаларга үлүш берилбей турганын жазган. Бул сөздү кийин президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков да кайталап, кенди мамлекет 100% өзү иштетерин маалымдаган. (BTo)

Дагы караңыз

"Агентство": Орус телеканалдары Москвадагы дрон соккусуна бир мүнөт бөлдүАлты жылда Кыргызстанда бөйрөк алмаштырган 84 операция жасалдыКамчыбек Ташиевдин иши боюнча баштапкы соттук угуу башталдыКыргызстан эбола вирусуна байланыштуу алдын алуу чараларын күчөттүAmnesty International: Иран былтыр 2100дөн ашуун кишини өлүм жазасына тарткан Амангелдиев банктар “Камбар-Ата-1” ГЭСине каражат бөлүүгө даяр экенин айттыЖогорку сот Бакировду “добуш сатып алуу иши” боюнча актадыОрус рублинин сомго карата курсу 2022-жылдан бери жогору чекке жетти Кыргызстандык аба компанияларды “кара тизмеден” чыгаруу боюнча акыркы иштер жүрүүдө