Артыкчылык жана жоопкерчилик. Улуттар Уюмундагы Кыргызстандын жаңы ролу

Кыргызстандын жана Бириккен Улуттар Уюмунун туулары

Кыргызстан эгемен тарыхында биринчи ирет Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланды. Туруктуу жана туруктуу эмес 15 мүчө мамлекеттин ичинде расмий Бишкек 2027-2028-жылдары анда дүйнөлүк маселелерди талкуулоого жана чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк алды.

Кыргыз бийлиги муну чоң жоопкерчилик катары карап, эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууга салым кошорун билдирсе, укук коргоочулар Кыргызстан адам укуктары жаатындагы милдеттемелерин аткарууга басым жасашы керектигин эскертишти.

35 жылдагы биринчи окуя

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес жаңы беш мүчөсүн шайлоо 3-июнда өттү. Башка чөлкөмдөгү өлкөлөрдөн бул орунга Австрия, Португалия, Тринидад жана Тобаго, Зимбабве шайланса, Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагынан утуп чыкты.

Кыргыз мамлекети Филиппин менен атаандашып, үч айлампада экөө тең жетиштүү добуш ала алышкан. Төртүнчү айлампада Кыргызстан 142 добуш менен жеңишке жетти. Өлкө Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан баштап, 2028-жылдын аягына чейин өтөйт.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев добуш берүүдөн кийин журналисттерге мындай деди:

“Мына азыр эле БУУнун кеңсесинде акыркы айлампада 142 добуш алып, бүтүрдүк. Бул да биздин мамлекетке эл аралык коомчулуктун ишеними, президентибиз Садыр Нургожоевичтин жасаган реформасынын жыйынтыгы жана биздин эл аралык саясатыбыздагы эң чоң көрүнүш. Бул боюнча ишти биз эки жыл мурда баштаганбыз, акыркы эки айдын ичинде чоң команда менен келип, элчилер, дипломаттар менен катуу аракеттерди көрдүк. Ар бир чөлкөм менен иштедик. Биринчи турда 105 добуш алсак, акыркы турда 142 добуш менен утуп алдык. Бул бизге берилген ишеним, бирок мунун артында чоң жоопкерчилик бар”.

81 жыл мурда түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюмунда алты негизги орган бар. Анын ичинен Башкы ассамблеяга уюмга мүчө 193 мамлекеттин баары кирсе, Коопсуздук кеңешине 15 гана мамлекет мүчөлүк кылат.

Уюмду түптөөнүн башында турган беш мамлекет – АКШ, Кытай, Орусия, Франция жана Улуу Британия Коопсуздук кеңешинде туруктуу мүчөлөр болуп эсептелет жана вето укугуна ээ. Калган он орунга эки жыл сайын ар кайсы мамлекеттер шайланып турат.

Кыргызстан Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин мурдагы президенттердин тушунда да көрсөткөн, бирок жыйынтык болгон эмес. Азыркы бийлик бул боюнча дымагын алгач 2022-жылы жарыялаган. 2023-жылы Кыргызстандын талапкерлигин Борбор Азиянын башка мамлекеттери да колдосо, 2024-жылы президент Садыр Жапаров муну Башкы ассамблеянын жыйынында жаңырткан.

Жапаров Фейсбуктагы постунда уюмдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын тарыхый жеңиш катары мүнөздөдү:

Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясында. 23-сентябрь, 2025-жыл.

“Кыргызстан бул жеңишти эл аралык коомчулуктун жогорку ишеними катары, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун бардык мүчө мамлекеттеринин алдындагы чоң жоопкерчилик катары кабыл алабыз. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине мүчө болгон мезгилде Кыргыз Республикасы эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, чыр-чатактарды алдын алууга, превентивдүү дипломатияны өнүктүрүүгө, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну колдоого, эл аралык тутумда чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ролун күчөтүүгө, ошондой эле глобалдык коопсуздуктун контекстинде климаттык, суу, тоолуу аймактарга байланышкан жана экологиялык чакырыктарды эске алууга багытталган артыкчылыктарды ырааттуу илгерилетүүгө ниеттенебиз”.

Расмий маалыматтарга ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрүнүн 50дөн ашыгы Коопсуздук кеңештин мүчөлүгүн шайланган эмес. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан гана 2017-2018-жылдары бул милдетти аркалаган.

Артыкчылык жана жоопкерчилик

Кыргызстан Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине дүйнөдө олку-солкулук күчөп, Украинада, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдар баштаган глобалдык көйгөйлөр жөнгө салынбай турган учурда мүчө болду. Алдыдагы жылдарда дал ушул маселелер боюнча чечим кабыл алууга катышышы керек болот. Кабыл алынган чечимдер милдеттүү түрдө аткарылыш керек болгон Коопсуздук кеңешинде добушка ээ болуу бир эсе Кыргызстандын эл аралык чөйрөдөгү ролун жогорулатса, экинчи жагынан, жоопкерчилигин күчөтөрүн адистер белгилешет.

Адистер Кыргызстандын кеңешке мүчө болуп кирүүсү өлкөгө саясий жана экономикалык жактан оң таасир этерин белгилеп, Бишкектин позициясын билдирүүгө, башка мамлекеттер менен алакаларды чыңдоого, инвестиция тартууга салым кошорун билдиришүүдө.

Саясат таануучу Эмил Жороев “Азаттыкка” маегинде буларга токтолду:

Эмил Жороев

“Албетте, бул эл аралык деңгээлдеги жетишкендик менен биз сыймыктансак болот. Кыргызстандын бийлиги үчүн, бул боюнча иш алып барган бардык мекемелер үчүн жетишкендик, аларга мактоо айтсак да жарашат. Сөз жок, Кыргызстан үчүн биринчи жолу жана чоң жетишкендик. Анткени, БУУнун Коопсуздук кеңеши саясий жана коопсуздук маселесинде дүйнөдөгү эң абройлуу жыйын. Он мамлекеттин катарында эки жылдык мүчөлүк кылуубуз оңой болбосо керек. Дипломаттар муну жакшы түшүнүшөт, жарым жылдай убактыбыз бар экен буга даярдык көрөбүз. Бул менимче Кыргызстанга эгемен мамлекет катары изги иш жана дүйнөдөгү чакан мамлекеттердин үнүн жеткирүү. Кыргызстандын таанылуу, репутациясы жана бизге маанилүү болгон өнүгүүдөгү байланыштарды, транспорт, логистика, экологиялык туруктуулук, суу маселеси жана жалпы эле коопсуздук маселесинде бизге приоритеттүү темаларды ортого салганга чоң мүмкүнчүлүк. Албетте, өзүбүздү гана ойлобой, дүйнөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту алга сүрөгөн мамлекет катары чыкмакчыбыз, президент эки жолу трибунадагы сөзүндө ошондой маани айтылган. Мунун артынан Кыргызстанга да соода жана инвестициялык жактан дивиденддер болот деп ойлойм”.

Баса, Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктар боюнча кеңешине Кыргызстан мурда үч ирет мүчө болгон. Бул кеңеш уюмдун негизги түзүмдүк органы эмес, көмөкчү орган болуп саналат. Расмий Бишкек анын курамында дүйнөдө адам укуктарынын сакталышына көз салып турган. Бирок ал кеңешке мүчө болуп турганда да, андан кийин да өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышына байланыштуу сын-пикирлер жаңырып турат.

Соңку беш жылда да Кыргызстанда ондогон саясатчылар, активисттер, укук коргоочулар, журналисттер камалып, жалпыга маалымдоо каражаттары жабылып, сөз эркиндиги кысымга алынганы боюнча дооматтар айтылып келди.

Талдоочулар Кыргызстан дүйнөлүк уюмдун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайлангандан кийин бул жаатта оң жүрүштөрдү жасап, кармалган-камалгандардын иштерине жеңилдиктерди бериши керек деп эсептешет.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова мындай дейт:

Гүлшайыр Абдирасулова

"Бул чоң жетишкендик. Ошол эле кезде бул чоң жоопкерчилик. Эмнеге? Анткени, Коопсуздук кеңештин эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоого багытталган болгон-неткен күн тартибинин негизги өзөгүн адам укуктарын камсыздоо жана сактоо маселеси турат. Кеңеш эле эмес, Улуттар Уюму өзүнүн бардык ишмердиги адам укуктарын сактоого багытталган. Биз эми ушул жетишкендикке жеттик, бирок кетип баратканда башты көтөрүп чыгып кеткидей бололу. Кыргызстандын өзүнүн дарегине “адам укуктарын бузуп жатат” деген дооматтар коюлбашы керек. Бийлик ушул жагына ойлонушу керек. Биздин жогорку бийлик өкүлдөрү БУУнун трибунасынан “силер биздин ички ишибизге кийлигишип жатасыңар” деп канча ирет айтып келишкен, эми биз “башка өлкөлөрдө адам укуктарынын сакталышына көз салабыз” деп ушул кеңешке кирдик. Ошону үчүн өзүбүз ошол планканы кармап, адам укуктары жаатындагы абалыбызды укуктук тартипке келтирели".

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоодо буга чейин болбогон башка да көрүнүштөр катталды. Айталы, Германия өз тарыхында биринчи ирет шайланбай калды. Немис тышкы иштер министри Йоханн Вадефул муну Берлин Украинаны жана Израилди активдүү колдоп келгени менен байланыштырып, Германиянын шайланбай калышына Орусияны айыптады.