Кызыл-Кыя: окуучунун өлүмү боюнча дагы эки өспүрүм, эки милиция кызматкери кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына кире бериш. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы Кулатов атындагы эс алуу багында мушташтан каза болгон 17 жаштагы окуучунун өлүмү боюнча дагы эки өспүрүм жана эки милиция кызматкери кармалды. Буга чейин 16 жаштагы бир окуучу кармалган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында үч өспүрүмгө Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен айып тагылды.


Ал эми милиция кызматкерлерине “Шалаакылык” беренеси менен кине коюлуп, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Аларга байланыштуу кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Окуя 27-майда болгон. Эс алуу паркында өспүрүмдөр ортосунда жаңжал чыгып, 2009-жылы туулган өспүрүм “Тез жардам” келгенге чейин каза болгон. Маркумдун жакындары баланы үч-төрт өспүрүм сабаганын айтып, күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышын талап кылышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Орусиянын Краснодар шаарында дрон көп кабаттуу үйгө тийдиРим папасы Саграда Фамилия чиркөөсүнүн жаңы мунарасынын ачылышына катышты Акыйкатчынын бир орун басары алмаштыАйрым депутаттар гимнди өзгөртүү ишин токтотуу демилгесин көтөрүштү"Манас" университетин кесип өтчү жолду ачуу иштери башталдыАдвокаттарга аймактык лицензия берүү сунушу парламенттен өтпөй калдыБишкек эл аралык кинофестивалында "Курак" тасмасын көрсөтүүгө уруксат берилген жок"Манас" аэропортунда интернет өчүп, каттамдар үзгүлтүккө учурады