Ош: Көйгөйгө айланган таза суу маселеси

Ош шаары.

Жарым миллионго жакын калк жашаган Ош шаарында таза суу маселеси кайрадан көтөрүлдү. Өткөн аптада жаандан шаардын айрым жерлери эки күн суусуз калды. Шаарды жаан-чачын маалында суу менен камсыз кылууга багытталып курулган төрт суу кампасы иштебей турганы айтылды.

«Сууканал» ишканасынын жетекчиси Талант Байкишиев суу кампаларын суу менен камсыз кылбаган деген негизде иштен бошотулду. Байкишиев «Азаттыкка» кыскача комментарий берип, ал кампалар ишкананын балансына өткөрүлүп берилбегенин жүйө келтирди.

Дагы караңыз

Ош шаарындагы таза суу маселеси парламентте көтөрүлдү

«Мага коюлган айып – 24 миң куб метрлик суу кампаларын иштеткен эмес деген доомат. Алар ишкананын карамагына өтпөсө, кантип иштетем? Алар “Сууканал” ишканасынын балансына өткөндөн кийин гана жооп беребиз. Мисал катары айта турган болсом, бирөөнүн мүлкүнө мен кантип кол салам?».

Жаан-чачындан кийин Оштогу Ак-Буура дарыясы улам-улам ылайланып, таза суу берүү үзгүлтүккө учурап келген. Бул көйгөйдү чечүү максатында дарыя ылайланган учурда шаарга таза суу берип туруу үчүн 24 миң куб метр суу сактала турган төрт кампа курулган. Ага 276 миллион сомдон ашык каражат сарпталган.

Өткөн жылдын октябрь айында ошол учурдагы шаар башчысы ачылуу салтанатын өткөрүп, эми мындан ары шаардын чыгыш тарабында суу токтобой турганын айткан.


«Мурун жамгыр жааган учурда биздин үйлөрдөн ылайланган суу чыгып турчу. Анткени мындай заманбап суу кампалары жок болчу. Мурда кокту-колоттордон түшкөн ылай суу Ак-Буурага кошулуп, андан биздин үйлөргө келип жатчу. Эми мындан ары суу ылайланган учурларда да шаардын чыгыш тарабы бир жума бою суу менен камсыз болуп турат», – деп билдирген ошол кездеги мэр Жеңишбек Токторбаев.

Мурунку мэрдин айткандары иш жүзүндө аткарылбай, өткөн жумада жааган жамгырдан кийин шаардын айрым бөлүктөрү эки күн суусуз калды.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, өткөн жумадагы жаандан кийин калаанын 30 пайызында таза суу берүү чектелген. Бир күндүн ичинде суу жоктугун билдирип кайрылган жарандардын саны миңден ашкан.

Шаардык кеңештин депутаты Кушбак Шайиев Байкишиевдин кызматтан кеткенин туура кадам деп эсептейт:

Кушбак Шайиев

"«Сууканал» ишканасынын жетекчисинин кызматтан бошотулганы туура кадам болду. Анын «ишканага өткөрүп берген эмес» деген сөзү куру сөз. Ал суу кампаларын ишке киргизүүгө биринчи кезекте кызыкдар адам болушу керек эле. Мындан сырткары, мэрдин жана вице-мэрлердин да жоопкерчилиги болушу керек. Жаз айларынан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертүү берип келе жатат. Буга чейин мэр же вице-мэр ошол суу кампалардан кабар алышы керек эле".

Тогуз ай мурун кызыл тасмасы кесилген суу кампаларынын ушул күнгө чейин толук ишке кирбегени шаар бийлигине болгон сынды күчөттү.

Калаа тургуну Айбек Таалайбек уулу шаар бийлигинин аракетин шалаакылык деп сыпаттады:

«Мен шаардык бийликтин ишин шалаакылык деп эсептейм. Буга чейин суу тартыштыгы Ош шаарында болуп келген. Бул кокустан болуп кеткен көрүнүш эмес. Ош шаарында буга чейин эле болуп келген көйгөй. Ошол суу кампаларын күздүн күнү болобу, жазында болобу, иштетиш керек эле. Ошончо акча каражаты жумшалып, ал каражаттар текке туруп калды дегенди билдирет. Канча күн суу жок болду. Шаар тирүү организм. Суунун токтоп калганы туура эмес көрүнүш. Бир мүнөт суу жок болуп калса да бул чоң көйгөй».

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, өткөн жумадагы жаандан кийин калаанын 30 пайызында таза суу берүү чектелген.

Дагы караңыз

"Ылайын тундуруп ичебиз". Суусуз айылдардагы оор турмуш

Ош шаарынын коммуналдык кызматтарын көзөмөлдөгөн вице-мэр Эрнис Толтоев жаралган кырдаал боюнча мындай түшүндүрмө берди:

«2025-жылдын октябрь айында суу кампаларынын ачылышы болгон. Бирок ошол суу кампалары ачылгандан кийин ишке киргизилген эмес. Маселе жаралгандан кийин атайын комиссия түзүлүп, суу кампалары иштебей турганы белгилүү болду. Жыйынтыгында “Сууканал” ишканасынын жетекчиси жумуштан алынды. Буга чейин жыйындар болуп, эгер суу өчүп калса, эки күнгө чейин суу менен камсыздап турабыз дешкен».

Ош шаары боюнча бир күндө 120 миң куб метрден ашык суу керектелет. Шаар ачык дарыядан суу менен камсыз болгон калаалардын бири.

Шаарды аралап өткөн дарыя жаан жааган сайын ылайлангандыктан бийлик таза суу маселесин толук чечүү үчүн жеке менчикке өтүп кеткен суу кудуктарын (скважиналарды) кайтарып алуу аракетин баштаган. Ошту 2009–2013-жылдары башкарган Мелис Мырзакматовдун жеке менчигинде калган эки кудук мамлекетке алынганы айтылган.

Ак-Буура дарыясынын баш жагында эки жылдан бери жамгыр жааган сайын сел түшүп, суу дароо булганат. Эми бул көйгөйдү чечүү үчүн калаа бийлиги учурда сел түшүүчү аймактын жогорку тарабынан 2,5 чакырымга диаметри 1000 мм болгон суу түтүгүн тартып жатат. Аталган долбоорго Азия өнүктүрүү банкы 3 млн доллар грант берсе, мэрия 50 млн сом бөлгөн.

Шаар башчысы Жанарбек Акаев билдирүү жасап, таза суу маселесин чечүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

Социалдык тармактардын колдонуучулары шаардагы ооруканаларда жана бала бакчаларда да суу жок болуп жатканы тууралуу нааразылыктарын жазышты.

Шаардагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири таза суу. Тургундар ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан жамгырдан кийин суу булганса, ал сааттап, айрым учурларда эки-үч күнгө чейин токтотулат.