Айткулов аппелляция берди
Икрамидин Айткулов Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрылганын “Азаттыкка” ырастап, толугураак маалымат айткан жок. Ташиев менен кошо айып тагылган башка жети адам кийинки инстанцияга арыз бердиби-жокпу, азырынча белгисиз.
"Азырынча арыз жазуунун мөөнөтү бүтө элек. Ал үчүн 30 күн убакыт берилген. Башкалар да жазышы мүмкүн. Мыйзам боюнча алар жазбаса да, бул иш бир каралат. Мен арызды кечээ, 29-июлда тапшырдым", - деди адвокат Айткулов.
Бишкек шаардык соту анын арызы тууралуу маалымат бере элек. Апелляциялык арыз качан каралары азырынча белгисиз.
Сегиз кишинин соту, талкууга түшкөн жагдайлар
Ташиев баштаган сегиз кишинин соту, аларга карата чыккан өкүм коомчулукту ар кандай талкууларга жем таштап келет.
Мурдагы ички иштер министри, саясатчы Өмүрбек Суваналиев "75чилердин катына" байланыштуу айыпталгандар соттон толук акталып чыгууну көздөп жатат деген көз карашты.
"Булар райондук соттон эле акталып кетебиз деген үмүттө болушкан. Бирок андай болгон жок. Сот чечим чыгаргандан кийин эле Талгарбеков баш болуп, кесилген күндө да президенттин саясатын колдойбуз деп жатышат. Ташиевдин да "досумду колдойм" дегени саясий соодалашуу. Булар мурда соттолбогон деген макамды алышы керек болуп жатат. Президент ага ишенеби же жокпу ал жагы да чоң суроо болуп турат".
Саясий окуялардан кийин жемкорлукка шектелип кармалган Ташиевдин карачечекей иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиевдин үй камагына чыкканы түрдүү ой-пикир, сындарга жол ачты.
Бөгөт чарасын караган соттун баштапкы чечими менен тергөө абагына жөнөтүлгөн Ташиев ал жакка жеткирилбегени, кармалгандан бери милициянын убактылуу жайында эле отурганы өткөн аптада белгилүү болуп, катуу талкууга түшкөн. Андан кийин анын соттун чечими менен үй камагына чыкканы да түрдүү түкшүмөл суроолорду пайда кылган.
Парламенттин мурдагы депутаты Исхак Масалиев тараптар өз ара сүйлөшүп жатканын боолголоп, сот иши жаңы жылга барып аяктайт деген пикири менен бөлүштү:
"Мен башында эле айткым келген. 75 адам кол коюп, кайрылуу жазганы кылмыш эмес. Камчыбек Ташиевге башка берене коюп, кылмыш ишин козгосо, мен түшүнөт элем. Бирок алар кайрылууга таянып жатышат. Формалдуу түрдө сот болуп жатат. Мен ойлоп жатам, бул иш жаңы жылга жакындап барып бүтөт. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өзүңүз ойлоп көрүңүзчү, соттолгон адам "мен муну колдойм" деп айтмак беле? Демек, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Шаирбектин (Камчыбек Ташиевдин инисинин) эркиндикке чыкканын эч ким билбей калды, жактоочусу деле билбей калды. Балким, ал камалган деле эмес. Бул, мен жогоруда айткандай, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы".
Ошентип, коомчулукта сот чечимин жана Ташиевдин инисинин үй камагына чыгарылышын бийлик менен ич ара сүйлөшүүлөрү, саясий соодалашуу катары сыпаттагандар арбын. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков постторунун биринде Ташиевдин ысымын жазып, кайра өчүрүп койгондон кийин мындай талкуулар дагы күчөгөн. Орунбеков 20-июлда Фейсбукта пост жазып, Кыргызстандын маалымат айдыңында чет элдиктер жөнүндө терс маалыматтарды саясатчылардын тарапташтары өздөрүнүн аккаунттары жана фейк аккаунттар аркылуу таратып жатканын билдирген. Орунбеков мындай маалыматтарды “мурдараак Адахан Мадумаровдун, Алмазбек Атамбаевдин жана өкмөттүк эмес уюмдардын тарапташтары таратып” келген болсо, эми аларга Камчыбек Ташиевдин командасынын фейктери кошулганын” жазган.
Орунбеков аталган саясатчыларга жакын делген жана өкмөттүк эмес уюмдарга тиешеси бар делген адамдардын аты-жөнү, сүрөттөрү, туулган күнү жөнүндө маалымат кошулган тизмени да жарыялаган. Кийин постунан Ташиев жөнүндө сөздү алып, ага байланыштырган адамдардын тизмесин өчүрүп койгон болчу.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“75чилердин каты”: Камчыбек Ташиев шаардык сотко даттанды
Райондук соттун чечими
2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилердин каты” боюнча чечим чыгарган. Ишти караган судья Азирет Медеров Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен.
Сот ушул эле берене менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан.
Судья айыпталуучуларды “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, баарына үч жылдык пробация берген жана айыпталуучулар эркиндикте калган. Өкүмдө сегиз кишинин мүлкү мамлекетке алынары да жазылган.
Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам - Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган.
“75чилердин ишинин” таржымалы
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Ал коюлган айыптарды четке каккан.
Садыр Жапаров маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.
“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. Ал да тагылган кинеге макул эмес экенин айткан.
Нурланбек Тургунбек уулу, Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев сотто. 18-июнь, 2026-жыл
Ташиевдин саясий сапары жана президенттик шайлоо
Ошентип Ташиев баштаган cегиз кишини райондук сот “Бийликти күч менен басып алуу” беренесинин негизинде күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен, бирок баарына үч жылдык пробация берилген. Президенттик шайлоого байланыштуу быйыл февраль айында жарыяланган кайрылуунун арты Жапаров менен Ташиев тандемин ушинтип уратты. Айрым эксперттер саясий тандемдин талкаланышына Ташиевдин шайлоого катышуу ниети себеп болгонун айтышкан. Соңку беш жылда өлкөдөгү чоң саясий фигурага айланган Ташиевдин саясаттагы мындан кийинки жолу кандай болору тууралуу түрдүү пикирлер айтылып келет.
16-июлда Камчыбек Ташиевдин тарапташы Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына анын билдирүүсүн жарыялаган. Анда Ташиев алдыдагы президенттик шайлоо барбай турганын, Садыр Жапаровду колдорун айткан.
“Бул дагы менин көптөн бери айтып келе жаткан так позициям экенин билесиздер. Себеби өлкөнүн туруктуулугу, мамлекеттин кызыкчылыгы жана элдин ынтымагы баарынан жогору турат. Мен мамлекетчил жана мекенчил адам катары досум Садыр Нургожоевичти колдоймун. Досумду колдоо менен мен мамлекетибиздин өнүгүүсүн, элибиздин биримдигин жана Кыргызстаныбыздын келечегин колдогонум деп билемин. Мен мамлекетиме кызмат кылып келатканыма сыймыктанам. Элимдин алдында, Жараткан Кудайдын алдында абийирим таза. Элим менен мамлекетим үчүн ак кызматымды мындан ары да улантам”, - деп жазган Ташиев.
Ташиев коомчулукта өзүнүн атын жамынып, бүлүк салууга аракет кылгандар бар экенин белгилеп, аларга ишенбөөгө чакырган. Коомчулукта бул иш президенттик шайлоону утурлай аяктайт деп божомолдогондор да арбын.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров 29-июлда “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документке кол койду.
Парламент 24-июнда кабыл алган мыйзамга ылайык, мындан ары президенттик шайлоо анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт. Демек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында болот. Парламенттик шайлоо учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын шаршембисинде өткөрүлөт. Добуш берүү күндөрү иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө карабастан жумуш күнү катары эмгек акысын сактоо менен дем алыш күнү болуп эсептелет. Демилгечилер муну элдин шайлоодо добуш берүүгө катышуусун көбөйтүү менен байланыштырган. Буга чейинки шайлоо мыйзамы боюнча президенттик кезектеги шайлоо 2027-жылдын 30-январында өтмөк.