Кытай кыргыз жарандарына визалык шартты жеңилдетти

Кытай. Бээжиндеги Дасин эл аралык аэропорту. Архив сүрөт.

Кытай кыргыз жарандарына бул өлкөгө виза алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөштүргөнү айтылууда. Маалымат каражаттарынын жазышынча, 20-августтан тартып кыргызстандык жарандар 10 суткага чейин визасыз транзит жана Хайнан провинциясына 30 күнгө чейин визасыз кире алат. Бул эрежелер кандай иштейт?

Кыргыз жарандары үчүн Кытай аркылуу өтүүдө 240 саатка, тагыраагы, 10 күнгө чейин визасыз транзит, ал эми Хайнан аралында 30 күнгө чейин визасыз болуу мүмкүнчүлүгү берилди.

Кыргыз бийлиги мындай маалыматты Бээжиндин Мамлекеттик миграция башкармалыгына таянып жарыялады.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип Кытайга 10 күнгө чейин визасыз баруунун негизги шарты бар экенин айтты. Анын белгилешинче, жарандын Кытайдан үчүнчү өлкө аркылуу чыгып кетерин ырастаган авиабилети болушу зарыл.

Сагынбек Абдумуталип

"Кыргызстандык жаран Бээжин, Шанхай же Кытайдын башка бир шаарына визасыз баргысы келсе, ал жакка авиабилетти түз алып, ал эми 10 күн өткөндөн кийин Кыргызстанга кайта турган авиабилетин кошуна өлкөлөр аркылуу каттам менен алганы жетиштүү. Мисалы, Шанхай-Алматы-Бишкек же Бээжин-Ташкент-Ош деген сыяктуу", - деди ал.

Ушул чечимдердин алкагында кыргызстандыктар визалык төлөм төлөөдөн, виза алуу үчүн документ топтоодон жана консулдук кызматка баруу иштеринен бошотулат.

Кыргызстандыктар жалпы жарандык паспорту менен Кытайдын 65 ачык өткөрмө пункту аркылуу кире алышат.

240 сааттык визасыз режим – кадимки туристтик эмес, транзиттик. Жүргүнчүнүн Кытайдан үчүнчү өлкөгө же аймакка ырасталган билети болушу керек.

Ишкер Айбек Сарыгул кыргыз жарандары үчүн Кытай аркылуу ары-бери транзиттик өтүү же ишкер сапарлар үчүн абдан маанилүү деп эсептейт.

Айбек Сарыгул

"Муну мен билгенден мурун орустар колдончу. Визасыз режим болордон мурун орусиялыктар Кытайга, мисалы, Гуанчжоуга учуп барып, ал жерден транзит учуп кеткенге алардыкы 3 күн болчу. Биздики 10 күнгө чейин экен. Ошол жерде жолугушууларды өткөрүп алып, кайра башка өлкөгө учуп кетип каласың. Мисалы, сиз бир нерсе кылып атасыз. Анан завод “мага келип, көрүп кет” деди. А сен ошол заводду тез барып көрүш үчүн виза алып, антип-минте турган болсоң көп убакыт кетип калат. А мындай болгондо, сен башка өлкөгө өтүп кете тургандай кылып транзиттик билетиңди алдың. Барасың, заводду көрдүң, сүйлөшүү жүргүздүн, кайра кетип калдың. Эч кандай визаны күтүп отуруунун кереги жок. Бул өтө чоң мүмкүнчүлүк да. Орустар мурда ошондой кылчу. Орустардын көбү Москвадан, же болбосо, Новосибирскиден, Екатеринбургдан Гуанчжоуга учуп барып, ал жактан жолугушууларды өткөрүп, алчу оокаты болсо алып, андан ары Вьетнам жакка учуп кетчү”.

Хайнан аралы Кытайдын түштүк тарабында, Түштүк-Кытай деңизинде жайгашкан туристтик аймак.

Бул эки визасыз режимдин алкагында туризм, ишкер сапарлар, туугандарына жолугушуу жана жеке максаттар менен барууга уруксат берилет. Ошол эле учурда, алдын ала макулдашууну талап кылган ишмердиктин түрлөрү да бар. Маселен, жумуш, окуу жана журналисттик ишмердик үчүн алдын ала виза алыш зарыл.

Ошондой эле, Кытайдын бардык аймактарында эркин жүрүүгө уруксат берилбейт. Атайын белгиленген аймактар менен чектелет.

Маселен, Кытайда 31 аймак болсо, визасыз транзиттик режим анын 24үнө иштейт. Кыргызстан менен коңшу турган Шинжаң-Уйгур автоном районуна кадимки визалык режим менен кирет.

Кирип алып, андан ары уруксат берилбеген аймактарга өтүүгө уруксат берилбейт.

Мурунку элчи Бакыт Аманбаев Бээжин Борбор Азия чөлкөмү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп жатканын белгилейт:

Бакыт Аманбаев

"Бул Кытайдын, Орусиянын, Батыш өлкөлөрүнүн жана АКШнын кызыкчылыктары кагылышкан жер. Ушул өңүттөн алганда Кытай соңку жылдары өзүнүн саясатын абдан ийгиликтүү, пландуу жана туруктуу жүргүзүп жатат. Ошонун жыйынтыгы – мына ушул виза маселеси. Кыргызстандын жарандары үчүн визалык чектөөлөрдүн жеңилдетилишин ошону менен түшүндүрүүгө болот. Бир эле маселе бар. Бул кайсы маселе? Бул кайсы бир өлкөнүн үстөмдүгүндө, таасиринде калып калбоо мүмкүнчүлүгүндө. Же болбосо, кайсы бир чоң өлкөнүн ар тараптуу таасиринде калып, өзүбүздүн эгемендигибизге шек келтирбей коюу деген маселе бар".

Кыргызстан 2024-жылдын соңунда кытайлык туристтик топтор үчүн 21 күндүк визасыз режим киргизгенин жарыялаган. Соңку жылдары Кыргызстандан Кытайга карай ишкердик жана туристтик агым бир кыйла көбөйдү.

Кыргызстандын тышкы соодасында Кытайдын үлүшү 31% ашат. Эки өлкөнүн өз ара соода алакасынын көлөмү 2025-жылы 27,2 млрд долларга жеткен. Анын 81% Кытайдан келген импорт түзөт.