Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү мамлекеттик мекемеси Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында 38,5 миллиондон ашык окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруу пландалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 12 жылдык билим берүү моделине өтүү боюнча иштер этап-этабы менен жүргүзүлүп, 2030-жылга чейин улантылат. Өлкөнүн билим берүү системасын окуу-методикалык комплекстер менен толук камсыздоо үчүн жалпы 48,4 миллион нуска окуу китеби талап кылынат. Анын 10 миллионго жакыны даярдалды. Эки жылдын аралыгында 38,5 миллион нускадан ашуун окуу китебин басып чыгаруу пландалууда.
Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына 2025-жылы өтө баштаган. 12 жылдык мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат 2027/2028-окуу жылынан баштап берилет.
15-сентябрда Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталгандан бери мамлекеттик мектептерде окуган балдардын ата-энелери китеп жетишсиз экенин, айрым окуучулар бирден-экиден гана китеп алганын айтып, арызданып жатышат.
16-сентябрда бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да көтөрүп, мектепте китеп тартыш маалда алар базарда сатылып жатканын айтып чыккан.
Буга удаа эле Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев базарларда окуу китептеринин сатылышын текшерүү тапшырмасын берген. Буга чейин Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери сатууга чыгарылбай турганын кабарлаган. Бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду.
17-сентябрда “Учкун” ачык акционердик коому басма сөз жыйынын уюштуруп, басмакана Агартуу министрлигине жана менчик мектептерге китеп басып чыгарып берерин, аны колдонууга көзөмөл жүргүзбөй турганын билдирди.
Агартуу министрлиги мектептерде жетишпей жаткан китептер базарда сатылып жатканы тууралуу көйгөй жаралганга чейин эле бул маселени текшерүү өтүнүчү менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, Ички иштер министрлигине кайрылганын кабарлаган.
Коомдоогу талкуудан кийин президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алган. (BTo)