Депутат Алиев сот бийлигин реформа кылыш керектигин айтты

Медербек Алиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев Кыргызстанда сот бийлигин реформа кылыш керектигин билдирди.

Бул тууралуу ал 13-октябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында акыйкатчынын баяндамасы угулган жыйында айтты.

“Биз соттордун көбү адискөй эмес, сабатсыз жана коррупцияга батканын моюнга алышыбыз керек. Муну маалымат каражаттарына чыккан тергөө иштери, камакка алуулар көрсөтүп турат”, - деди ал.

Жогорку сот депутаттын билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

Акыйкатчы институтуна өткөн жылы 9672 кайрылуу түшкөн. Алардын 36% сот органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон.

Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде 2020-жылга чейинки соттор менен азыркы соттордун айырмасы чоң экенин жана элдин 70-80% судьяларга ишенерин айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Акыйкатчы толук текшерүүсүз аскерге жарактуу деп табылган учурлар бар экенин айттыНАТОнун жогорку командачысы Орусияга эскертүү берди Президент Жапаров Бөлтүрүк айткан 630 млн доллар боюнча комментарий бердиМинистр Кулубаев эрте кайрылса, Украинадагы согуштан алып калуу мүмкүн экенин айттыДепутат Жээнчороев эрте никеге "кулак көндүргөн" саясатка тыюу салууну сунуштадыМосква Украинага шайлоо өткөрүү үчүн "тыныгуу" берүүгө каршыПрезидент электр энергиясынын таңкыстыгы 2,5 жылда жоюларын айттыПрезидент Жапаров Ташов "революция кылууну" максат кылганын айтты