Илгиз Тапаев базарда сатылган китептер “Учкундан” чыкпаганын айтты

“Учкун” ачык акционердик коомунан басылып чыккан китептер. Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Учкун” ачык акционердик коомунун жаңы директору Илгиз Тапаев базарда сатылган окуу китептери басмаканадан чыгарылбаганын билдирди. Бул тууралуу ал “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде айтты.

Анын сөзүнө ылайык, “Учкун” стратегиялык мекеме болгондуктан басмакана өзү, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) көзөмөл кылат.

“Бул өндүрүш имаратынан китептер чыккан эмес. Азыр укук коргоо органдары иликтеп жатышат. Балким чет жактан чыккандыр. Ал эми иликтөө бүткөндөн кийин билинет. Өндүрүш имаратында коопсуздук күчөтүлдү”, - деди ал.

15-сентябрда Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталгандан кийин мамлекеттик мектептерде окуган балдардын ата-энелери китеп жетишсиз экенин, айрым окуучулар бирден-экиден гана китеп алганын айтып, арызданып чыгышкан.

16-сентябрда бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да көтөрүп, мектепте китеп тартыш маалда алар базарда сатылып жатканын айткан.

Буга удаа эле министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев базарларда окуу китептеринин сатылышын текшерүү тапшырмасын берген. Буга чейин Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери сатууга чыгарылбай турганын кабарлаган. Бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

17-сентябрда “Учкун” ачык акционердик коому басма сөз жыйынын уюштуруп, басмакана Агартуу министрлигине жана менчик мектептерге китеп басып чыгарып берерин, аны колдонууга көзөмөл жүргүзбөй турганын билдирген.

Агартуу министрлиги мектептерде жетишпей жаткан китептер базарда сатылып жатканы тууралуу көйгөй жаралганга чейин эле бул маселени текшерүү өтүнүчү менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, Ички иштер министрлигине кайрылганын кабарлаган.

Бул окуядан кийин Бакытбек Султанов “Учкун” ачык акционердик коомунун директору кызматынан бошотулган. (BTo)

Дагы караңыз

Абактагы саясатчы Аскарбеков Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз бердиПетербургдагы жапырт чабуул: мунай базасы, кампа, дата-борбор өрттөнүп жатат ИИМ жарандарды экстремисттик уюмдардын ишмердигинен сак болууга чакырдыФранцияда кымбатчылыкка каршы акцияга 550 миңдей киши чыкты, жүздөгөнү кармалды Молдова аба мейкиндиги бузулганын билдирди, Польша дрон тууралуу маалыматты текшерүүдө Юхан Догдурбек уулу күрөш боюнча U-23 дүйнө чемпионатынан күмүш медал алдыБишкек мэриясынын Транспорт департаментинин директору кызматтан алынды