Марко Рубиону Самарканд аэропортунан Өзбекстандын президентинин администрация башчысы Саида Мирзиёева, тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты.
Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов, президенттин администрация башчысы Саида Мирзиёева Самарканд аэропортунда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубиону тосуп алууда. 18-октябрь, 2026-жыл.
Рубио Вашингтондон чыгар алдында журналисттерге Борбор Азия менен мамилени чыңдоо АКШ үчүн маанилүү экенин айтты.
"Бул маанилүү мамилелер. Көп учурда кризистерге көңүл бурулуп, стратегиялык маселелер экинчи планга жылып калат", - деген ал.
Америкалык башкы дипломат сапардын мөөнөтү беш өлкөнүн лидерлерине жана тышкы иштер министрлерине тең ыңгайлуу болушу үчүн тандалганын айтты.
Рубио учурдагы курч кризистер узак мөөнөттүү дипломатиялык артыкчылыктарды көз жаздымда калтырбашы керектигин баса белгиледи.
Ал дипломаттар кризистерди чечүү менен гана алек болгондо башка маанилүү мамлекеттер аралык мамилелер экинчи планга сүрүлүп каларын түшүндүрдү.
Рубио Вашингтон администрациясынын эң курч эл аралык талаш-тартыштардан тышкары да өнөктөштүк мамилелерди сактоого умтулуп жатканын белгилеп, жакында Грецияга жана Латын Америкасына жасалган сапарларына токтолду.
Борбор Азия Европа менен Азиянын ортосунда стратегиялык маанилүү аймакта жайгашкан. Чөлкөмдөгү мамлекеттер Орусия жана Кытай менен экономика, коопсуздук жана дипломатия тармактарында маанилүү байланыштарды сактап келишет. Ошондой эле Борбор Азия энергетикалык жана минералдык ресурстарга бай.
Вашингтон үчүн аймак менен мамилелерди чыңдоо ири державалар менен алакаларында тең салмактуулукту сактоого аракет кылган өлкөлөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Рубионун айтымында, Украинадагы согуш, энергетикалык кыйынчылыктар жана Ирандын айланасындагы чыңалуу эл аралык күн тартипте башкы орунду ээлеп турганына карабастан, Борбор Азия менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө да көңүл буруу зарыл.
Дагы караңыз
АКШ сейрек металл базарында Казакстанды Кытайга альтернатива катары көргүсү келет19-октябрда Самаркандда АКШ менен Борбор Азиянын беш өлкөсүн бириктирген «С5+1» форматындагы жолугушуу өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери катышат.
Сүйлөшүүлөрдө соода, инвестиция, коопсуздук, энергетика жана сейрек кездешүүчү минералдар тармагындагы кызматташтык негизги темалардан болмокчу. Рубионун сапарынын алкагында Өзбекстанга америкалык ишкерлердин 200дөн ашуун өкүлү да барат.
Самаркандда ошондой эле АКШ–Өзбекстан ишкердик жана инвестиция кеңешинин экинчи жыйыны пландалган. Ага Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да катышмакчы.
Дагы караңыз
Вашингтондогу саммит: Трамп Борбор Азия лидерлери менен эмнени сүйлөштү?Орусияга каршы санкция, Украинадагы Интернет
Борбор Азияга сапары алдында Рубио журналисттердин суроолоруна жооп берип, Орусияга каршы жаңы санкцияларды убактылуу киргизбей туруу чечимин колдорун айтты. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы согуш-жаңжалдар мунай менен газдын баасына таасир этип жатканын белгиледи. Андыктан Вашингтон жаңы санкция экономикага кандай таасир тийгизерин баалоо үчүн убакыт керек деп эсептейт.
16-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияны Украинага каршы согушун токтотууга мажбурлоо максатында кабыл алынган, Конгресстеги эки партиянын тең колдогон мыйзамдагы дээрлик бардык негизги санкцияларды, пошлиналарды жана чектөөлөрдү токтоткон.
"2026-жылдагы Линдси О. Грэмдин Орусия менен Иранга каршы санкциялар жөнүндө" деп аталган мыйзамга Трамп сентябрда кол койгон. Документ АКШ Конгрессиндеги Украинаны колдогон көрүнүктүү саясатчы, сенатор, маркум Линдси Грэмдин көзү өткөндөн кийин кабыл алынып, анын урматына аталып калган. Линдси быйыл 11-июлда каза болгон. Трамптын жаңы жарлыгы санкциялар пакети 18-октябрда күчүнө кирерине эки күн калганда чыкты.
Конгресстеги республикачылар менен демократтардын басымдуу колдоосу менен кабыл алынган бул мыйзам Москвага жана Орусиянын энергетикалык ресурстарын сатып алган өлкөлөргө экономикалык басымды күчөтүүнү көздөгөн.
Трамп 9-октябрда Орусия менен дизелдик отун боюнча келишим түзүлгөнүн жарыялаган. Бул Вашингтон Кремлдин Украинага каршы согуш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн чектөөгө караганда өлкө ичиндеги күйүүчү майдын баасын төмөндөтүүгө артыкчылык берип жатат деген сын-пикирлерди жаратты.
Рубионун айтымында, америкалык администрацияга санкциялар менен бажы төлөмдөрүнүн кесепеттерин баалоо үчүн 60 күн керек. Анын ичинде бул чаралардын Индия сыяктуу өлкөлөргө тийгизе турган таасири да каралат. Индия энергия булактарын ар түрдүү өлкөлөрдөн алууга аракет кылып жатканына карабастан, дагы эле Орусиянын энергетикалык ресурстарына кыйла көз каранды.
Мамлекеттик катчысы Марко Рубио Эндрюс авиабазасында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. 5-октябрь, 2026-жыл.
Рубио Ирандын айланасындагы кырдаалды, Ормуз кысыгындагы тоскоолдуктарды, Йемендеги хусит кыймылынын чабуулдарын жана Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту дүйнөлүк энергетика рыногуна басым жасаган негизги факторлор катары атады.
"Дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы бул жаңжалдар бири-бирине таасир эте баштады", - деди Рубио.
Америка күйүүчү май үчүн өзү каалагандан жогору баа төлөп жатканын белгилеп, ал эми айрым башка өлкөлөр энергиянын кымбатташынан жана жетишсиздигинен улам кризистин босогосуна жетип калганын айтты.
Рубио администрациянын Орусия менен дизелдик отун боюнча түзгөн келишимин да жактады. Анын жүйөсүнө караганда, АКШ бул отунду сатып албаса деле ал эл аралык рынокко чыгарылмак.
"Бир гана айырма, анын канча бөлүгү Кошмо Штаттарга тиеринде", - деди мамкатчы.
Энергетика тармагындагы талдоочулар бул келишим америкалык керектөөчүлөр үчүн бааны олуттуу арзандата аларынан күмөн санашууда. Ошол эле учурда алар чектөөлөрдү жеңилдетүү Москвага чоң экономикалык пайда алып келиши мүмкүн экенин эскертүүдө.
Ак үйдүн соңку чечими Орусиянын мунайы менен газын ири көлөмдө сатып алган өлкөлөрдү мындай соодадан баш тартууга түрткү берүү үчүн Конгресс жактырган кошумча санкциялардын жана бажы төлөмдөрүнүн ишке киришине бөгөт коёт. Бирок буга чейин киргизилген санкциялар күчүндө калат.
Трамптын чечимин республикачылар да, демократтар да сындашты. Республикачыл сенатор Том Тиллис "өтө жоопкерчиликсиз чечим" деп атады. Ал эми сенатор Жон Корнин маркум сенатор Линдси Грэм көзү тирүү болгондо "абдан нааразы болмок" деди.
Демократ мыйзам чыгаруучулар болсо Трампты Орусиянын "согушун каржылоого көмөктөшүп жатат" деп айыпташты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жаңы санкцияларды токтотуу туура эмес экенин билдирди. Анын айтымында, мындай чечим согушту токтотууга жардам бербестен, тескерисинче, Москваны чабуулдарын улантууга шыктандырат.
Дагы караңыз
Орусия жана Украинанын соккулары: Бир нече киши каза тапты, жараат алгандар барРубио Украинада Интернет атайылап үзгүлтүккө учуратылганын четке какты
Рубио АКШ Украинанын Илон Масктын SpaceX компаниясына таандык Starlink спутниктик интернет кызматын пайдалануусун "атайылап чектеген" деген дооматтарды четке какты.
"Ак үйдө эч ким айрым дрондор интернетти пайдалана албай калышы үчүн байланышты жайлатууга же анын ылдамдыгын төмөндөтүүгө буйрук берген эмес", - деди.
Рубио АКШнын бул окуяга тиешеси бар деген маалыматтарды "карандай калп" деп четка какты.
Анын түшүнүгүндө, Starlink системасынын иштеши мурдагы деңгээлине кайтып келген. Украина бул коммерциялык кызматты дрондор менен жүргүзүлгөн операцияларда пайдаланып келген.
Рубио украин лидеринин окуя тууралуу айткандарынан да күмөн санап, "Зеленский өзү эмне жөнүндө айтып жатканын билеби, билбейм", - деди.
Мамкатчы Starlink менен Starshield эки башка система экенин белгиледи.
Starshield - АКШ армиясы колдонгон, коргонууга ылайыкташтырылган өзүнчө спутник системасы.
Рубио Украина азырынча Starshield системасын пайдалана албай турганын белгиледи.
Киев бул системаны Орусиянын аймагынын тереңиндеги буталарга сокку уруу үчүн сураган. Аны кандай максатта колдонууга болору азырынча талкууланып жатат.
Рубионун бул билдирүүлөрү АКШ менен Украинанын ортосунда Вашингтондун Орусияга карата саясаты боюнча пикир келишпестиктер күчөп жаткан шартта Киевдин америкалык аскердик технологияларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин көрсөттү.
Рубио Орусиянын чабуулдары башка аймактарга жайылышы мүмкүн экенин эскертти
Рубио Вашингтон Орусиянын Украинадагы согушу майдан талаасынын чегинен чыгып, диверсиялар жана башка чабуулдар аркылуу жайылышы мүмкүн деп кооптонуп жатканын билдирди.
Журналисттер андан НАТО менен Британиянын расмий өкүлдөрүнүн Орусия жана Иран жакынкы айларда "гибриддик чабуулдарын күчөтүшү мүмкүн" деген баасына байланыштуу суроо беришти.
Рубио Орусия менен Иранга байланышкан жагдайларды өз-өзүнчө кароо керектигин айтты. Анын айтымында, Украинадагы согуш узак убакыт бою токтотбой, туңгуюкка кептелип турса Европанын башка аймактарында жана андан тышкары жерлерде жаңжалдын күчөп кетүү коркунучу жогорулайт.
"Туңгуюкка кептелген жаңжалдын коркунучтарынын бири - анын күчөп кетиши", - деди Рубио.
Ал кырдаалдын мындай курчуганы "салттуу эмес чабуулдар же күтүүсүз окуялар" түрүндө болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Мамлекеттик катчы бул кооптонууну бир нече апта мурда эле көтөргөнүн жана администрация кырдаалга кылдат көз салып жатканын билдирди.
Иран тууралуу сөз кылганда Рубио Тегеран авиабазага "кол салууну пландаган" деген Британиянын баасына Вашингтондун каршы чыгышына негиз жок экенин айтты.
Бул билдирүүлөр Трамп өлкө ичиндеги күйүүчү майдын баасын төмөндөтүүгө жана Москва менен экономикалык келишимдерди түзүүгө аракет кылып жаткан учурга туш келди.
Мындай саясат Украинаны колдогондор арасында Вашингтон Орусияга басымды сактап калууга канчалык даяр деген суроону жаратууда.
Трамп Украинага Орусиянын энергетикалык инфраструктурасына жасаган чабуулдарын азайтууну сунуштаган. Ал мындай чабуулдар күйүүчү майдын кымбатташына алып келет деген жүйөгө таянган.
Сынчылар санкцияны жеңилдетүү Москванын колун узартып, Батыштын Украинага көрсөткөн колдоосу убакыт өткөн сайын алсырайт деген Кремлдин ишенимин бекемдеши мүмкүн экенин айтууда.