Президент Садыр Жапаров мектептерде окуучулар арасындагы чоңсунууга жол берилбей турганын, мындай окуяларга катышы барларга катуу жаза көрүлөрүн эскертти.
Бул тууралуу мамлекет башчы 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Чаткал районунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Райондун тургуну небересин 11-класстын окуучулары мектепте сабап өлтүрүп койгонун айтып, ишти көзөмөлгө алууну суранды.
“Мектептерде бирөөнү сабап өлтүргөн балдарга эч кандай ырайым болбошу керек. Ошондо башкаларга сабак болот. Сабап өлтүрүшкөн болсо толук жаза бергиле. Кийин анан сүйлөшүү жолу менен чыгып кетишпесин. Мектептердеги мындай окуяларга катуу карайбыз”, - деди президент.
18-сентябрда Чаткал районунда 9-класстын окуучусу 11-класстын окуучуларынан токмок жеп, каза болгон. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси – “Ден соолукка оор залал келтирүү” менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө Чаткал райондук ички иштер бөлүмү кылмышка шектүү катары 17 жаштагы төрт өспүрүмдү (И.М., Н.С., Н.К., Т.А.) кармаган. Алар соттун чечими менен 19-ноябрга чейин камакка алынган.
Мунун алдында 17-сентябрда эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 11-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси – “Ден соолукка оор залал келтирүү” менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шек саналып 2009-жылы туулган А.К. жана 2008-жылы туулган К.Ж. аттуу өспүрүмдөр кармалып, 17-ноябрга чейин камалган. (BTo)