Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан “Ош базары” жаңы соода-базар комплексине 2027-жылдын март-апрель айларында көчүрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Садыр Жапаров “2021-жылы Кыргызстанда чоң-чоң базарлардын ээлерин чогултуп, соодагерлер менен элге шарт түзүп бергиле” деп айтканын, бирок ал аткарылбаганын кошумчалап, жаңы “Ош базарын” мамлекет өзү куруп жатканын кабарлады.
“Мадина” базарын көрдүңөр, э. 4-5 жылда акчаңды чыгарып беребиз деп жеке менчиктен мамлекеттин көзөмөлүнө алдык. “Ош базарын” 100% мамлекет өзүбүз салдык. Кудай буюрса келе жаткан жылы март-апрелдерде көчүрөбүз”, - деди ал.
Буга чейин “Ош базары” шаардын түндүк-батыш тарабындагы жаңы ордуна ал жакта курулуш иштери толук аяктап, даяр болгондо көчүрүлөрү айтылган. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 4-сентябрда жаңы базардын курулушунун жүрүшү менен таанышкан учурда көчүрүү иштери жакынкы убакта башталарын билдирген.
Объектинин жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзөт. Имарат эки кабаттан жана жер алдындагы курулуштан турат. Долбоор боюнча жалпысынан 10 миңден ашуун соода орду каралган. Ар бир блокто аянттар соода багыттарына жараша бөлүштүрүлөт.
Базардын ордун которуу демилгеси 2024-жылы көтөрүлүп, ал шаардын түндүк-батыш тарабына көчүрүлмөй болгон. 2025-жылы март айында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ош базары көчүрүлө турган жаңы базар үч айдын аралыгында курулуп бүтөрүн жана азыркы ордунда соода кылууга толук тыюу салынарын билдирген. Базарды көчүрүүгө айрым соодагерлер каршы чыккан. (BTo)