Кымбатчылык, куугунтук. Иран жаштары бош убакытын кантип өткөрөт?

Тегерандагы кафе. 21-апрель 2026-жыл

Ирандагы жаштар кафелерде жолугушуп, парктарда сейилдеп же жөн гана шаар көчөлөрүндө убакыт өткөрүүгө аракет кылыт. Бирок алар экономикалык каатчылыкка, кымбатчылыкка, экологиялык көйгөйлөргө жана бийликтин күчөгөн көзөмөлүнө туш болууда.

Түштөн кийин сабактар аяктаганда графикалык дизайн боюнча биринчи курстун студенти Тегерандын борбордук көчөлөрүндө сейилдеп, кээде достору менен жолугушуу үчүн популярдуу Ираншахр көчөсүндөгү кафеге барат.

“Биз жолукканда көбүнчө оор абалыбыз жөнүндө сүйлөшөбүз. Машина сатып ала албайбыз, атүгүл айдоочулук күбөлүк алууга да болбойт”, - деп айтып берди студент “Фарда” радиосуна.

Журналисттер сөзгө тарткан көптөгөн адамдар сыяктуу эле, бийликтен коркуп, атын атабоону суранган студент айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 95 долларга тете бүтүндөй айлык кирешесин сарпташ керек экенин айтты.

18 жаштан 22 жашка чейинки жети досунун баары машина айдоону үйрөнүштү, бирок эч кимиси айдоочулук күбөлүк ала албайт. Эми алар жакшы көргөн эрмеги менен алектене албай калды.

Дагы караңыз

АКШнын Мамлекеттик департаменти Иранды өлүм жазасын токтотууга чакырды

Кафелерди көзөмөлдөө күчөдү

Бош убакытты кандай өткөрүшөрү тууралуу суроого, достор кафелерди гана аташты. Жаштар ал жерлерде туулган күнүн белгилеп, тамак-ашты бөлүшүп жейт, ошондой эле чай же кофе үстүндө баарлашып-сырдашат. Алардын арасындагы кыздар кафелерде жана көчөдө милдеттүү хижаб жамынбайт, бирок университетте денесин жашырган пальто жана жоолук кийүүгө тийиш.

Акыркы айларда полиция жана сот органдары көптөгөн кафелери менен белгилүү болгон Санаи жана Ираншахр көчөлөрүнө өзгөчө көңүл бура баштады. Июль айында бийлик өкүлдөрү борбордук эки райондогу жети кафени жаап салышты. Ага башка себептер менен катар кардарлардын тротуарларда жана көчөлөрдө топтолгону негиз болду. Октябрда Иран башкалаасындагы коомдук жайларды көзөмөлдөөчү полициянын жетекчиси ал жакта топтолгон жаштар "максатсыз тентип жүрөт" деп айткан.

30-октябрдын кечинде жаштар Хэллоуин майрамын белгилөө үчүн Ираншахр көчөсүнө чогулганда, "Басиж" куралдуу кошуундарынын мүчөлөрү жана жарандык кийимчен агенттер ага жол бербей, натыйжада кафелер жабылууга аргасыз болду.

10-ноябрда сот бийлигине караштуу "Мизан" маалымат агенттиги Ираншахр көчөсүндө бир нече адам кармалганын кабарлады, бирок алардын так саны айтылган жок. Кармалгандарга "хижабды чечүүгө ачык үгүт жана адепсиз жүрүм-турумду жайылтуу" үчүн айып тагылды. Тегеран прокуратурасы "жылаңач жүрүүнү жана бузукулукту жайылтуу" деп атаган көрүнүштөргө каршы чаралар улана берерин билдирди.

Дагы караңыз

Можтаба Хаменеи атасынын жаназасына катышпады. Иранды азыр ким башкарып жатат?

Туш-туштан күч келген шаар

Репрессиялар көпчүлүк аймагында таза аба жетишпей, бак-дарактар азайып бараткан шаарда кулач жайууда. Бул аз келгенсип, жергиликтүү тургундардын көбү былтыр жана быйыл АКШ жана Израил менен куралдуу жаңжалды башынан кечирип, согуштун жанданышынан чочулашат.

Шаарлардын жашоого ыңгайлуулугун аныктаган Economist Intelligence Unit'тин 2026-жылдагы индексинде Тегеран 173 калаанын ичинен 164-орунду ээледи. Ирандын борбору өткөн жылы эки сап өйдө болчу. Шаар маданият жана айлана-чөйрө жаатында 37 баллга гана ээ болгон, бул категория социалдык жана диний чектөөлөрдү, цензураны жана эс алууга мүмкүнчүлүгүн эске алат. Эң мыкты деген көрсөткүчтөр 100 баллга барабар.

Тегерандын абанын сапатын көзөмөлдөө компаниясынын маалыматы боюнча, жыл этегинде (Иранда жыл мартта аяктайт) борбор калаада аба алты жолу гана таза болгон, 178 күн ден соолукка зыян деп табылган. Күзүндө кырдаал бир аз жакшырды: алгачкы 45 күндө беш күн ден соолукка зыян деп катталды.

Жакында жүргүзүлгөн дагы бир изилдөөдө 2006-2016-жылдар аралыгында Тегеранда сейил бактар менен парктардын ордуна имарат салуунун айынан өсүмдүктөрдүн болжол менен 27% жок кылынганы аныкталган.

Шаардын түштүк-чыгыш тарабында жашап, түндүк бөлүгүндө иштеген 36 жаштагы маникюр стилисти айтып бергендей, ал сейилдеп басуу үчүн түндүк-батыштагы Пардисан паркына барууга аргасыз, анткени өзү жашаган жерде тынч жер жок.

Ал күнүнө үч жарым саатка чейин жол тыгынында өткөрөрүн айтат. Жумуштан кийин бир-эки саат жөө басат, үйүнө кеткенге чейин жолдор ачылып калат.

Дагы караңыз

Иранда Youtube канал жалган маалымат таратууга айыпталды. Перс тилдүү платформа жапырт чектелеби?

Бош убакыт өткөрүү кымбатка турат

Жумуштан кийин, айрыкча узак жол жүрүп келгенден соң эс алуунун өз баасы бар.

Көп жылдарга созулган эл аралык санкциялар, тынымсыз инфляция жана барган сайын куну качкан улуттук валюта – риал Ирандын экономикасын оор абалга кептеди. Экономикалык кыйынчылыктар январь айындагы нааразылык акцияларынын негизги себептеринин бири болгон. Бийлик бул толкундоолорду күч менен баскан. Кошмо Штаттар менен Израил 28-февралда Иранга каршы согуш аракеттерин баштаганы экономикалык каатчылык ого бетер күчөдү.

Эмгек министрлиги белгилегендей, квалификациясы жок жумушчунун айлык акысы (жеңилдиктерди кошо алганда) айына 82 долларды түзөт, ал эми мамлекеттик кызматкерлер орто эсеп менен 86 доллардан 90 долларга чейин айлык алышат.

Быйыл күзүндө Тегерандын түштүгүндөгү маданий борборлордун биринде азербайжандык музыкалык топ концерт берди. Билеттердин баасы 75 центтен 3,75 долларга чейин сатылган.

Шаардын түндүк-батышынан үй-бүлөсү менен келген мамлекеттик кызматкер аял бир орун үчүн 3 доллар төлөгөн.

Ал хижабсыз болчу жана көрүүчүлөрдүн арасында андай аялдар хижаб кийгендерге караганда көп экенин белгиледи. Анын айтымында, ал жумушта хижаб киет, бирок башка коомдук жайларда көбүнчө жылаңбаш жүрөт.

Түндүктөгү тоолордо жайгашкан "Точал" (Tochal) лыжа базасы шаардагы ыштан качкандарга эс алууга мүмкүнчүлүк берет.

Быйыл лыжа тебүүнү жаңы баштаган 26 жаштагы жигит сноуборд, өтүк, кийим-кече, көз айнек жана кол кап сатып алууга болжол менен 300 доллар сарптаган. Тамак-аш жана суусундуктарды эсепке албаганда ал жакка бир барып келүүгө 6,75 доллар кетет. Бул эң арзан лыжа базасы. Башка жайларда баалар 11 долларга чейин жетет.

"Көңүл ачуу кымбатка турат", — деди лыжа ышкыбозу.

Дагы караңыз

Иран: Дагы эки киши дарга асылды, интернет иштеди, бирок чектөө калды

Баш көтөрбөй иштеш керек

Тегерандын түштүгүндөгү Хаваран жолунда оор жүк ташуучу унаалардын айынан абаны коюу түтүн каптайт. 38 жаштагы механик ал жердеги ижарага алынган жайда 10 жыл бою иштеген, бирок 2025-жылдын июнь айындагы 12 күндүк согуштан кийин иши токтоп калган. Алгач шакирттерин кетирүүгө туура келди, ал эми бир нече айдан кийин, ижара акысын төлөй албай калганда, жайды толугу менен бошотуп берди.

Азыр ал өзү сатып алган, үч метрлик даяр курулган чакан кабинада иштейт, ал эми кабина турган жер үчүн айына 131 доллар ижара акысын төлөйт.

"Хаваранды бирөө сыйкырлап койгондой. Кардар да жок, акча да жок. Көз ачып-жумгуча эле ижара акысын төлөө убагы келип калат. Эс алып, дем алууга да убакыт жок", - дейт ирандык механик.