Ош облусунун ички иштер башкармалыгы Кара-Суу шаарындагы “Туратали” базарынын соодагерлеринин митингге чыгышы боюнча факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.
Облустук милиция нааразылык акциянын катышуучулары ижаранын акысын азайтууга байланыштуу сунуш бергенин, бул маселе тиешелүү жетекчилерге жеткирилип, аны чечүү боюнча сунуштар каралып жатканын кошумчалады.
“Базар администрациясынын маалыматына ылайык, айтылган сунуштар жана пикирлер каралып, чечим кабыл алынат. Окуя болгон жерде Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери жарандарга коомдук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү”, - деп айтылат маалыматта.
“Туратали” базарынын соодагерлери соода орундары үчүн ижаранын кымбатташына нааразылыгын билдирип, 18-ноябрда Кара-Суу шаардык администрациясынын алдына чогулушкан. Кара-Суу районунун акими Чыңгыз Бапаев маселе менен тааныш экенин айтып, аны борбордук бийлик менен чечүү үчүн бир күн убакыт берүүнү суранган.
Оштогу “Туратали” деген ат менен таанылган Кара-Суу базары октябрь айынын башында Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыял” мамлекеттик ишканасынын курамына кошулган.
Кара-Суу базарынын Фейсбуктагы баракчасына чыккан маалыматта буга чейин түзүлгөн ижара жана башка келишимдер күчүн жоготуп, соодагерлер 10 календардык күндүн ичинде жаңы ижара келишимдерин түзүшү керектиги айтылган.
Кара-Суу базары 1984-жылы түптөлүп, ошол кездеги Киров колхозунан атайын 12 гектар жер бөлүнүп берилген. Базар 1987-жылы ал убактагы Кыргыз керек-жарак коомуна, өлкө эгемен болгондон кийин Ош облустук керек-жарак коомуна өткөн. 1990-жылдардын башында өкмөт аны өзүнө кайтарып алган.
Соттошуулар ошондон тартып башталып, араздашуу ырбаган. Облустук керек-жарак коому базардын жерин “Кыргыз соода биримдигине” саткан. Мүлк фонду базарга Керек-жарак коомунун ээлик кылууга укугу жок болгонун жүйө келтирип келген. (BTo)