Human Rights Watch эл аралык уюму кыргыз бийлигин “экстремисттик материалды тараткан” деген айып менен үч жылга эркинен ажыратылган Бактыбек Молдалиевдин кылмыш ишин токтотуп, аны абактан бошотууга чакырды.
Уюмдун билдирүүсүндө “өкмөт сөз эркиндигине басым-кысым кылган саясатын өзгөртүп, сын айткандарды сот жообуна тартууну токтотуп жана экстремизмге байланыштуу мыйзамдарды реформа кылышы керектиги” айтылат.
Бишкектин Октябрь райондук соту 11-ноябрда Бактыбек Молдалиевди “экстремисттик деп табылган медианын материалдарын бөлүшкөн” деген айып менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. Курулушта ширетүүчү болуп иштеген Бактыбек Молдалиев коюлган кинени мойнуна алган эмес. Ал телефону 2025-жылдын ноябрь айынан бери милиция кызматкерлеринин колунда экенин билдирген.
49 жаштагы Бактыбек Молдалиев 2025-жылы ноябрда саясатчылар Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев жана башка он чакты киши кармалган учурда ички иштер бөлүмүндө сурак бергенин, ошондо милиция анын кол телефонун “далил зат” катары алып калганын жубайы “Азаттыкка” кабарлаган.
Молдалиевди милиция 2026-жылы май айында кайра кармап, камакка алган. Ал башында Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен шек саналып жаткан. Кийинчерээк Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) 1-бөлүгүнө (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же жөнөтүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо, экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармагы же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу пайдалануу) алмаштырылган.
Ишти тергеген Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы анын себебин түшүндүргөн эмес жана кайсы медианын материалын бөлүшкөнүн да ачыктаган эмес.
Соттук териштирүүдө милиция белгилеген медиалар Kloop жана “Айт-айт десе” долбоорлору экени белгилүү болгон.
2026-жылы мартта Жогорку соттун коллегиясы Kloop, Temirov LIVE жана “Айт-айт десе” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп таануу тууралуу Октябрь райондук жана Бишкек шаар сотторунун чечимин күчүндө калтырган. Андан тышкары бул долбоорлорду негиздеген журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп жарыяланган.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталап келет. Президент сындаганы үчүн кармалгандар бийликтин көрсөтмөсү менен эмес, мыйзамдын негизинде камалып жатат деген пикирин ал журналист Али Токтакуновдун YouTube каналына курган маегинде айткан. (BTo)