Үч жыл мурда Кыргызстан мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык мыйзам кабыл алган. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар дагы мамлекеттик тилде өткөрүлөрү жазылган.
Биз бул сапар азыркы кыргыз тилинде сабаттуу жазуу маселесине кайрылабыз. Одоно каталарды, сабатсыз тексттерди көчөдөгү көрнөк-жарнактан тартып, кээде өкмөттүн, Жогорку Кеңештин сайтынан, жаңылыктарынан да табууга болот. Болбосо тил мыйзамдарын парламент кабыл алып, анын аткарылышын башкалардан талап кылат.
Жогорку Кеңеш: Өмүр баяндагы каталар
Жогорку Кеңештин сайтында VIII чакырылыштын депутаттарынын таржымалы атайын көзөнөккө киргизилген. Ал жерге эл өкүлүнүн сүрөтү менен өмүр баяны, эмгек жолу жазылган чакан маалымат илинген.
Көзөнөктөгү өмүр баяндардын басымдуусу катага ширелип, келегей, супсак тил менен жазылганы дароо көзгө урунат.
Айталы, “Ала-Тоо” депутаттык тобунун сап башында турган Талайбек Масабировдун "26-июлЬда туулганы" ача салганда эле көзгө урунат.
Кыргыз тилинин эрежеси боюнча мүчө уланганда уңгу соңундагы ичкертүү белгиси түшүп каларын сайтка жайгаштырган адам дагы, депутат өзү дагы текшерип, тактап койбогону көрүнүп турат.
Талайбек Масабировдун өмүр баяны
Андан кийин эле Масабировго диплом ыйгарган жогорку окуу жайлар кичине, ал эми факультеттин аталышы чоң тамга менен берилип, филолог, юрист адистиктери тырмакчага алынган.
Сайтты астейдил караган киши эл өкүлдөрүнүн басымдуусунун өмүр баянында окуган адистиги тырмакчага алынганын көрөт. Андан башка дагы оркойгон каталарды четинен табасың.
Гүлкан Молдобекованын өмүр баянынан "механикО-математика факультети" деген калька котормо көзгө урунат.
Кыргыз тилинде сандан кийинки дефис “ынчы” деген маанини туюнтат эмеспи. Молдобекованын өмүр баянында болсо дефис коюлбай, “1992, 2010 жыл” деп берилген.
Гүлкан Молдобекованын өмүр баяны
Депутат Кубанычбек Самаковдун өмүр баянында "№2 В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиИ бүтүргөн" деп турат.
Кубанычбек Самаковдун өмүр баяны
Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин соңку редакциясында адам аттарынын аягына ичкертүү белгиси келбейт дегенге карабай, эл өкүлдөрү өздөрүн "АлтынкулЬ", "АйгулЬ" деп тааныштырган.
Ушул эле эрежеде орус тилинде ДЖ деп белгиленген сөздөр, Ж тамгасы менен гана берилиши керектиги так көрсөтүлгөн. Мисалы, Джексон эмес Жексон, Джоро эмес Жоро.
Ошого карабастан депутаттар жана чиновниктер аты-жөнүн Дастан ДЖумабеков, ДЖамиля Исаева, ДЖайлообай Нышанов, Айбек ДЖунушалиев деп жазып келишет. Бул алардын өзүнүн каалоосубу же сайтка жазгандар ката кетиргенби белгисиз.
Мындай каталар эл өкүлдөрү парламентке шайланып келген алты айдан бери өзгөрүүсүз турат. Бир киши кызыгып карап, оңдогон эмес.
Мэриянын сайтындагы жаңылык. 23-сентябрь, 2026-жыл
Депутат Илимбек Кубанычбековдун өмүр баянында да жылдардын ортосуна дефис коюлбай, адистиги тырмакчага алынып, окуу жайлардын аталышы баштан-аяк чоң тамга менен жазылган.
“Негизи тил билүү деңгээлим жакшы. “Кыргызтесттин” В2 деңгээлинен өткөм. 11 жылдык билимди кыргызча алдык да. Бирок ЖОЖдо орусча окудук. Өмүр баянымды жардамчым менен чогуу жазганбыз. Эки мамлекеттин аталышын бирин чоң, бирин кичине тамга менен жаза албайт экенсиң. Сиз айтканды эске алабыз, ката болсо оңдойбуз. Карап чыгайынчы”, - деди Кубанычбеков.
Илимбек Кубанычбековдун өмүр бою
Убагында өкмөттүн басма сөз кызматында иштеген журналист, акын, публицист Жыргалбек Касаболотов өздөрү ката жазган эл өкүлдөрүнүн башкалардан сабаттуулукту талап кылууга акысы жок деп эсептейт.
Дагы караңыз
Акын Касаболотов: Өзгөрүш керек болуп турат бүгүн!"Парламент өзү сабаттуу болбосо, башкалардан сабаттуулукту талап кыла албайт. Ага моралдык укугу жок. Жалпы сабаттуулук азыр зарыл болуп турат. Өздөрү сабаттуу жаза албаган, айрыкча кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзө албаган депутаттар эл менен сүйлөшө албай жатат. Бул мамлекеттин көйгөйүнө айланды. Мамлекеттик тил иш кагаздарынын бирден бир тилине айланып, элдин баарына түшүнүктүү жазылууга тийиш. Бизде алар орус тилинде иштелип чыгып, анан кыргызчага которулуп жатат. Бул кыргыз тилинин грамматикасын жана беделин орус тилинин алдына басып берүү деген сөз. Менин пикиримде, Жогорку Кеңешке шайлангысы келсе, кыргыз тилинде өзү каалаган темада, өзү туура деп эсептеген маселе боюнча мыйзам долбоорун жазып, анан катышса туура болмок. Парламентке тааныш-билиш менен эмес, сабаттуу, жоопкерчиликтүү кадрларды ишке тартуу керек".
Ката өкмөттүк мекемелердин сайтынан же алар жиберген маалыматтардан дагы кеткенин көрүүгө болот.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жиберген пресс-релизден "өлгөн малдын өлүктөрү, малдын оорусу" деген келегей сүйлөмдөр көзгө урунганда, кыргыздын тарп, ылаң деген сөздөрү унутулдубу деген ой келет.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жиберген пресс-релиз.
ӨКМдин сайтында "23 сентябрь" деген дефис коюлбаган ката көптөн бери оңдолбой турат. Мындай каталарды санап олтурсаң, кагаз бети түтпөчүдөй.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайты
Жетекчилер качан кыргызча сүйлөйт?
2025-жылдын 21-майында Жогорку Кеңеш мамкызматкерлерден кыргыз тилин билүүнү талап кылган “Мамлекеттик тилдин колдонулушу боюнча айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамын биринчи окууда кабыл алган.
Буга удаа эле 2025-жылы өкмөттүн мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин билүү деңгээлине коюлуучу так талаптарды киргизүү жөнүндө токтомуна кол коюлган.
Андагы талапка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык органдарда иштегендер “Кыргызтесттен” сынак тапшырууга милдеттендирилген. Тил билүү көрсөткүчү 2025-жылдан тартып B1 (орточо), 2027-жылдан тартып B2 деңгээлинде (ортодон жогору) болууга тийиш.
Жаңы талаптар киргени “Кыргызтесттен” канча мамлекеттик кызматкер өткөнү белгисиз. Бирок мекеменин сайтынан 2025-жылы 20 531 адам тил сынагын тапшырганын көрүүгө болот.
Макала даярдалып жатканда элдин сабатын текшерген “Кыргызтесттин" сайтынан дагы "дЭңгээлдик тестер (тесттер)" деген оркойгон ката көзгө урунду.
"Кыргызтесттин" сайты
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев соңку кайрылуусунда кыргыз тилин билимдин, илимдин, мамлекеттик башкаруунун жана жаңы технологиялардын тилине айландыруу аракеттери жүрүп жатканын белгиледи.
“Тил мыйзамдарын өркүндөтүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тил билүү деңгээлин жогорулатууга, мамлекеттик органдарда жана мекемелерде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү кеңейтүүгө багытталган бир топ иштер аткарылууда. Мындай иштер мамлекеттик тилдин коомдогу ордун бекемдеп, анын күнүмдүк жашоодо жана кесиптик ишмердикте колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө”.
“Тилимпоз” долбоорунун жетекчиси Тилек Мирлан мыйзам кабыл алынгандан бери кыргыз тилин үйрөнөм деп келген депутаттар, жогорку кызматта турган адамдар көбөйгөнүн айтууда.
“Аты-жөндөрүн так айта албайм. Мага "тил үйрөнөм" деп аттуу-баштуулардан тарта жөнөкөй адамдарга чейин келишет. Мыйзам кабыл алынгандан кийин келип окуп, андан кийин “Кыргызтесттен” өткөндөр да бар. Жогорку Кеңештин депутаттары, мэрияда иштегендер кыргыз тилинде таза, бийик деңгээлде сүйлөгүсү келет. Аларга фразеологизмдердин маанисин, синонимдерди, антонимдерди туура колдонууну, санжыра, уламыш, салт-санаанын элементтерин, жаңы кирген терминдерди кошуп үйрөтөм. Андан тышкары элчилер дагы “кыргызча үйрөтөсүзбү?” деп кайрылышат. Мурда Европадан келген элчилер орус тилин үйрөнүшсө, азыр кыргыз тилин билүүгө кызыкдар болуп жатышат. Мисал ирети Британиянын жаңы дайындалган элчисин айтсам болот, кыргызча үйрөнүп калды”.
Дагы караңыз
Улуу Британиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалдыТилек Мирлан ага 25 жаштан жогору блогерлер, ырчылар дагы кыргызча туура сүйлөө жана сабаттуу жазууну үйрөтүү өтүнүчү менен кайрылып жатканын, бул туура кадам экенин кошумчалады.
"Сапаттуу контент акчасыз жасалбайт"
Социалдык медиа демекчи, кыргыз сегментинде “ысСык нан, жооБ берди, февралЬда, даАры (дары), каАр (кар), ичи таАр (ичи тар), оа же оба (ооба)” деп ката же орусча сөздөрдү аралаштырып жазгандар четтен чыгат.
Мындай ката сөздөрдү ар кандай жарнамалардан, көчөдөгү көрнөк-жарнактардан дагы көрүүгө болот.
Адабиятчы, бир топ жыл мугалимдердин “Кут билим” гезитинде редактор болгон Жолдош Турдубаев жайнаган каталарды билим берүүнүн начарлашынан, журналистикадагы кризистен, саясий чөйрөнүн маданиятынын түшүп кеткенинен көрөт.
Жолдош Турдубаев
“Расмий чөйрөдө, саясатта сөгүнгөн, орой, зөөкүр чалыш адамдар пайда болду. Аларды көрүп, коомдо аялы деле, эркеги деле, баласы деле уят-сыйытты жыйыштырып, сөгүнүп жатат. Кайдыгерлик күч алды. Фейсбук, Вотсап чыкканы каалагандай жазгандар көбөйдү. Билимге, мектепке болгон элдин, мамлекеттин кайдыгер мамилеси ушундай жыйынтык берип жатат. Эми мугалимдерди даярдоо усулдарын, системаны өзгөртүү керек. Албетте, коомдун сабатсыз болушуна мугалимдердин да кайсы бир деңгээлде күнөөсү бар. Бирок жоопкерчилик алардан жогору тургандарда да болушу керек. Жээнбековдун тушунда ошол кездеги билим берүү министри Кудайбердиева “9 май” деп ката кеткенин актап чыкпады беле. Бул мамиленин баары коомго таасир этип жатат да. Саясатчылар арасында мамлекеттик тилди экинчи орунга жылдыргандар, сүйлөгүсү келбегендер жетиштүү. Кайсы бир бөлүгү Москва менен мамиледе кыргыз тилин саясий куралга айлантып алышты. Жалтактап мамлекеттик тилде сүйлөөнү талап кылган блогерлерге, адамдарга иш козголуп жатат. Аларды камабай, административдик жаза берсе жетиштүү да”.
Дагы караңыз
Мураталиев: Эгер кыргыз тилин талап кылсак, аны үйрөтүүгө көңүл буралыМамлекеттик катчы Арслан Койчиев 23-сентябрдагы кайрылуусунда кыргыз тилин санариптик мейкиндикте өнүктүрүү зарыл экенин белгилеген.
“Бул багытта кыргыз тилин үйрөнүүгө жана колдонууга багытталган электрондук платформалар, аудио-видеоматериалдар жана тармактык сөздүктөр иштелип чыгып, түрдүү платформалар ишке киргизилип, кыргыз тилинин улуттук корпусун түзүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө деген”, - Койчиев.
Анткен менен тилчи, редактор Жетиген Асанбек интернет мейкиндигиндеги кыргыз тилиндеги контенттерди даярдоого жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жатат деген ойдо.
“ТикТок, Инстаграмда “качестовосу мощный, расцветкасы ар түрдүү, двойка” деп жарнама кылгандар көп. Контент же орусча, же кыргызча экенин билбейсиң. Мурда күнүмдүк тилге “ужас, кошмар” деген сөздөр кошулуп, жаман адатка айланды деп жүрсөк, акыркы кезде мите сөздөр социалдык тармактар аркылуу элге тарап жатат. Аны эч эрөөн-төрөөн көрбөй эле жүз миңдеген көрүүчүсү бар адамдар жайылтып жатышат. Орус тилинин таасири күч, Орусиядан мугалимдер да чакырылып, келип жатат. Азыр кыргыз тилин өнүктүрүү жаатында Чоробек Сааданбек баштаган саналуу адамдар гана өз алдынча иштеп жатышат. Бирок мамлекеттик деңгээлден алганда кыргызча контент даярдоо иши аксап турат. Жасалма интеллект чыкты, ал деле адамга жараша сүйлөйт тура. Тилдин өнүкпөй жатканы үчүн эч кимге доомат кое албайбыз. Орусиянын империялык доору бүттү, тилдин уңгусу бизде, эне тилди өзүбүз урматташыбыз керек”.
Дагы караңыз
"Мушарака, шарика". Араб сөздөрү тилди байытабы?Ал арада коңшу мамлекеттерде бир эле эне тилин эмес, башка түрк тилдерин чогуу талдаган долбоорлор, блогерлер чыгууда.
“Тилимпоз” долбоорун алып барган Тилек Мирлан мындай иштер мамлекеттик колдоону талап кылат дейт:
“Казакстанда, Түркияда ошол сыяктуу долбоорлор бар. Ал жактагы Билим, Маданият министрликтери, университеттер грант беришет. ЖОЖдордун, Илим изилдөө борборлорунун дагы өз долбоорлору бар. Тилге, маданиятка талап болгондуктан компаниялардын дагы маданий-социалдык долбоорлору бар. Бир канча булактардан камсыз болгондуктан алардын тил жаатындагы контенттери дагы ар түрдүү чыгууда. Ал эми бизде абал кандай? Бир канча жарандык активисттер өз алдынча чыгат. Каржылоо болбогондуктан алар кыйналып калышууда. Кыргыз тили башка тармактар менен атаандаша албайт. Экинчиден, илим зеригишүү да. Аны элге кызыктуу кылыш үчүн каражат керек. Алты жылдан бери иштеген, жарым миллиондой аудиториясы бар “Тилимпоз” акча издеп жүрсө, жаш долбоорлордун абалын элестетип көргүлө. Бир эле тил эмес тарых, түрк тилдери өңдүү долбоорлор туруктуу булактардын жоктугунан аксап калууда”.
Дагы караңыз
Э же Е: Жазуу эрежесин өзгөртүү сунушунан чыккан талашКыргыз тили эгемен Кыргызстанда 37 жылдан бери белгиленет.
Жыл сайын бул күнү мектептерде класстык сааттар, майрамдык иш-чаралар өткөнү менен өлкө орус тилинин таасиринен арыла элек.
1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы кабыл алынып, кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы берилген. Мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.