8-октябрда Кыргызстанда "Айтматов" толук метраждуу фильминин бет ачары өттү.
Тасма алгач Чыңгыз Айтматов чоңойгон Шекер айылында көрсөтүлдү. 15-октябрда прокатка чыгып, бир нече аптада 20 миллион сомдой чогултту.
Тасманын режиссёру жана сценаристтеринин бири - "Бейиш" тасмасынын оператору Каныбек Калматов.
"Айтматов" анын режиссёрдук дебюту. Фильмдин продюсери Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тимурлан Ташиев экени айтылууда.
Кыргызстандык медиалар "Айтматов" президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен тартылганын жазышты.
Мамлекеттик казынадан каражат бөлүнбөсө дагы тасма бийликтин колдоосуна ээ болгон. Фильм жазуучунун баскан жолун - балалыгын, атасы Төрөкул Айтматовду НКВД кармап, жалган жалаа менен атылганын, апасы Нагима күйөөсүн абактан куткарам деп жүгүрүп, төрт баласы менен жалгыз калганын, кичинекей айылда "эл душманынын баласы" деген жекирүүнү көрүп чоңойгон Чыңгыздын дүйнөгө таанымал калемгерге айланганын баяндайт.
Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнүн тагдыры - Сталиндин кандуу саясаты репрессияга кабылган инсандын өзүнө эле эмес, анын өмүрлүк жарына, балдарына жана урпактарына кандай сокку урганын көрсөткөн эң оор мисалдардын бири.
Төрөкул Айтматов өзү дагы Кыргызстанда совет бийлигин орнотууга катышкан жогорку кызматтагы ишмерлердин бири болгон. Бирок 1937-жылы советтик репрессиянын тузагына илинип, "улутчул" аталып, чыккынчылыкка айыпталган. 1938-жылы 35 жашында атылган. Үй-бүлөсү анын өлгөнүн жыйырма жылдан кийин уккан. Чыңгызды жана анын бир туугандарын өмүр бою ыза сезими коштоп жүргөн.
Жазуучу жакшы окуса да стипендиядан кур калган, кыргызча эмес, орусча жазууга үндөгөн басымды көргөн жана чыгармаларына бут тосуулар болгон.
1991-жылы Бишкектин четиндеги Чоң-Таш аймагында адамдар жапырт көмүлгөн жай табылган. Жүздөгөн кишинин сөөгү жаткан бул жерге НКВД сталиндик репрессиянын курмандыктарын жашырган. 1938-жылы бул чуңкурдун жанында 137 адам атылган, алардын арасында Төрөкул Айтматов да болгон. Маркумдун чөнтөгүнөн аты-жөнү жазылган документ чыккан.
1991-жылдын 30-августунда Кыргызстанда репрессия курмандыктарынын сөөгүн кайра жерге берүү зыйнаты өткөн. Эртеси, 31-августта өлкө эгемендигин жарыялаган. Бул жай Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси деп аталган. Бийлик Төрөкул Айтматовду өзүнчө кабырга жашырууну сунуштаганы менен, жакындары макул болгон эмес. Кийин, 2008-жылдын 14-июнунда Чыңгыз Айтматовдун өзү да "Ата-Бейитке", атасынын жанына коюлган.
Орусиядагы прокат жана цензураланган версия
Орусияда тасма чектелген сандагы кинотеатрларда көрсөтүлө баштады. Фильмде камакка алуулар, атуулар, адамдарды боордоштор көрүстөнүнө таштоо жана "эл душманы" аталган адамдын үй-бүлөсүнүн тозоктой турмушу ачык чагылдырылган.
115 мүнөткө созулган тасма орусиялык кинотеатрларда 105 мүнөткө чейин кыскартылып көрсөтүлдү.
Казан менен Уфадагы көрүүчүлөр "Азаттыктын" татар кызматына Сталиндин үрөй учурган мыкаачылыгын жана адамдардын атылганын көрсөткөн кадрлардын баары кыркылганын айтышты.
"Кинопоиск" жана башка онлайн-кинотеатрлардагы тизерлерде бул кадрлар сакталганы менен, киного баргандар кыскартылган нусканы көргөн.
Дагы караңыз
“Роза Айтматова - кыргыздын Умай энесиндей эле”"Бул эмнени туюнтат? Баарынан мурда, кыргыздар азамат экен! Алар өз элинин трагедиялуу тарыхын тасмага түшүрө алды. Өздөрүнүн улуу инсандарынын тагдыры аркылуу бүтүндөй улут башынан кечирген тарыхты көрсөтө алышты. Алар корккон жок. Өзүңдү өзүң изилдөө - бул тарыхты терең казуу. Бирок Орусия бул тарыхтан чочулайт. Алар Сталин, ал курган система жана НКВД оор кылмыштарга, мыкаачылыкка барганын кабыл алгысы келбейт. Оор, жагымсыз тарых болсо да, аны таануу зарыл. Биз ага жете элекпиз. Кыргыздар бул чектен өттү. Ушул тарыхты изилдөө үчүн, ушундай тасмаларды жаратуу үчүн эле өз алдынча мамлекет болуп жашоо керек", - деди атын атабаган казандык көрүүчү.
Ал тасма Орусияда прокатка уруксатты кантип алганына таң калган. Адамды аткан кадрлар алып салынганы менен, сталиндик репрессиянын зордук-зомбулугу актуалдуу бойдон калууда.
Көрүүчүнүн айтымында, бул фильмди баары, өзгөчө мектеп окуучулары көрүүгө тийиш.
"Мемориал“ укук коргоо борборлорунун иши токтотулуп, сталиндик репрессияны изилдеген окумуштуулар түрмөгө түшүп, музейлер жабылып жаткан шартта мунун өзү керемет", - деди ал "Азаттыкка".
Орусия эмне үчүн репрессия темасынан чочулайт?
"Мемориал" укук коргоо уюмунун өкүлү, саясий репрессиялар тарыхын изилдөөчү Александр Черкасов азыркы жагдайда Орусияда "Айтматов" тасмасынын цензурага кабылышы таңкалычтуу эмес деп эсептейт.
Анын баамында, орус бийлиги советтик репрессиялардын тарыхын системалуу өзгөртүү, тарыхый эс тутумду өчүрүү жана сталиндик доордогу мыкаачылыктарды актоо саясатын жүргүзүүдө.
Дагы караңыз
Төрөкул Айтматов - Сталинизмдин курмандыгыБул тууралуу ал "Азаттыктын" татар кызматына курган маегинде билдирди.
"Дмитрий Медведев президент болуп турганда Орусияда саясий репрессиянын курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу программасы кабыл алынган. Ал 2024-жылы аяктайт деп пландалган. Бул программада чоң жылыш болду деп айтуу кыйын. Таңкалычтуусу, 2024-жылдын январында анын мөөнөтү узартылды. Тиешелүү токтомго премьер-министр Михаил Мишустин кол койгон. Кийинчерээк программанын мазмуну өзгөрүп, репрессия курмандыктарынын элесин сактоо концепциясы кайра каралганы белгилүү болду", - деди ал.
Черкасовдун түшүндүрүшүнчө, жаңы концепцияга ылайык, репрессияларды мамлекет уюштурбагандай, мыкаачылыктар, трагедиянын масштабы кичирейип, бул иштерге борбордун тиешеси жоктой көрсөтүлөт.
"Муну Москвадагы ГУЛАГ тарыхынын музейинин мисалынан даана көрүүгө болот", - дейт ал. Алгач аны өрт коопсуздугуна шылтоолоп жабышкан. Кийин биротоло жаап, ордуна совет элинин геноцидинин музейин ачышты. Тарыхый эс тутумдун багыты өзгөрдү. Совет элине каршы геноцид түшүнүгү баарынан мурда нацисттердин кылмыштарына байланыштырылып чечмеленет.
Акыркы жыйырма жылда Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу тарыхый эс тутум кандай өзгөргөнүн көрүү эле жетиштүү. Мурда "Согуш эч качан кайталанбасын!" деген ой болсо, азыр "Биз муну кайталай алабыз!" деген ураанга айланды. Бул кокустук эмес, бийликтин ырааттуу, максаттуу саясаты.
Сталиндик репрессияларга карата тарыхый эс тутумга да ушундай мамиле болуп жатат. Орус бийлиги репрессияларды актоого жана кадыресе көрүнүшкө айлантууга умтулууда. "Ооба, адамдарды камашкан, бирок эмне кылышса да, ал зарыл болгон жана баары текке кеткен эмес" деген ой таңууланууда".
Дагы караңыз
17-поюзду Айтматов кантип токтотту?Черкасов мындай кадамдардын себебин бүгүнкү Орусияда саясий репрессиялар согуш учурунда элди кармап туруунун маанилүү куралы болуп калганы менен түшүндүрдү. Анын пикиринде, согушка каршы үн каткандарды куугунтуктоо бүтүндөй коомду басып турууга шарт түзөт. Репрессиялар кадимки көрүнүш катары сунушталат. Башкача айтканда, элге "Баары ушундай кылган, жолдош Сталин дагы ушундай кылган. Демек, биз да туура жолдобуз" деген түшүнүк сиңирилет.
"Цензура мүрзөдөгү жазууларга, мемориалдык такталарга жана тасмаларга чейин жетүүдө. Совет доорунда дээрлик ар бир үй-бүлөгө тийген үч ири окуя болгон: колхоздоштуруу, мамлекеттик террор жана Улуу Ата Мекендик согуш. Ошондуктан сталиндик репрессия тууралуу эс тутумду биротоло өчүрүү мүмкүн эмес. Албетте, Чыңгыз Айтматов жөнүндөгү тасмаларды тарткан киночулар бул теманы козгойт. Бирок ал азыркы Орусиянын тарыхый эс тутум боюнча расмий саясатына туура келбейт. Ошондон улам мындай эпизоддор цензурага кабылат", - деп сөзүн жыйынтыктады Александр Черкасов.
Тасмадагы Нагима апанын тагдыры жана татар тамырлары
Казанда "Айтматов" тасмасын көргөндөр бул эмгек татарларга өзгөчө жакын экенин белгилешти. Анда Чыңгыз Айтматовдун апасы Нагиманын өмүр жолу да чагылдырылган.
"Ооба, тасмада Нагима анын татар жубайы экени, теги Кукмордогу Мачкара айылына барып такалары, билимдүү, оокаттуу үй-бүлөдөн чыкканы кыйыр айтылбайт. Бирок буга таарынуунун кажети жок - муну кыргыздар эмес, татарлар өздөрү тасма кылып тартышы зарыл. Фаузия Байрамовага рахмат, ал бизге "Апа" ("Ана") китебин берди. Мен бул китепти абдан жакшы көрөм, бир нече нускасын сатып алып, мугалимдерге, педагогдорго жана бала тарбиялаган досторума тараттым. Бул кандай кыйынчылык болбосун, балдарын билимдүү өстүрүүгө, элге татыктуу уул-кыз тарбиялоого жана бүтүндөй улуттун кадыр-баркын бийиктетүүгө умтулган эненин кайратынын үлгүсү. Бала тарбиялаган ар бир адамдын жоопкерчилиги канчалык чоң экенин түшүндүргөн мыкты даректүү китеп. "Айтматов" тасмасында Нагиманын образы абдан жакшы ачылган", - деди көрүүчү.
Дагы караңыз
«Курама темирдин курчтугун» далилдеген генийЧыңгыз Айтматовдун апасы Нагима Хамза кызы Абдувалиева теги боюнча татар кызы. Ал 1904-жылдын 7-декабрында азыркы Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында жарык дүйнөгө келген. Нагима 1971-жылдын 10-августунда Бишкекте дүйнөдөн өткөн.
Нагиманын атасы Хамза Абдувалиев Татарстандын Кукмор районундагы Мачкара айылынан чыккан соодагер болгон. Бул айыл татар көпөстөрү, интеллигенциясы жана диний ишмерлери менен таанымал. Хамза Ысык-Көлгө көчүп барып, соода менен алектенген жана убакыттын өтүшү менен аймактагы таанымал ишкерлердин бирине айланган.
Абдувалиевдердин үй-бүлөсү Караколдогу чоң эки кабаттуу үйдө турганы маалым. 1919-жылы бул үй коомдук муктаждыкка өткөрүлүп, ал жерде мектеп-гимназия ачылган. Нагиманын апасы Газиза да татар кызы болгон.
Дагы караңыз
Айтматова: Атамды көрсөм деп эңсечү элем...
Нагима Абдувалиева гимназияда окуп, жакшы билим алган. Агасы Сабир чет өлкөдө билим алып, Караколдо ышкыбоздор театрын түзгөн. Нагима да ошол театрда ойноп, сахнада аялдардын образын жараткан. Ал кезде бул өтө тайманбас кадам эле. Кийин ал аялдардын укугун коргоочуга айланган. 1926-жылы Нагима жаш партиялык кызматкер Төрөкул Айтматов менен таанышып, ошол эле жылы үй-бүлө курушкан. Алар төрт баланы - Чыңгызды, Илгизди, Люцияны жана Розаны өстүрүшкөн. Айтмакчы, Роза быйыл, жакында эле көз жумду, ал агасы Чыңгыз тууралуу эскерүүлөрдү жана үй-бүлөлүк тарыхты сактагандардын бири болгон.
Өмүрүнүн акыркы жылдарында Чыңгыз Айтматов тага журтунун тарыхый мекенине келүүнү эңсеп жүргөн.
2008-жылдын май айында жазуучу Казанга барган. Сапар учурунда ал Татарстандын Кукмор районундагы түпкү мекени Мачкара айылына жана Балтач районундагы Бурбаш айылына барууну көздөгөн.
Мачкара көрүстөнүндө калемгердин тайларынын мүрзөлөрү жайгашкан.
Бирок жазуучу бул ниетин ишке ашыра албай калган. 2008-жылдын 15-майында Айтматов Казанга келип, эртеси абалы кескин начарлап, мейманканада эсин жоготуп, ооруканага жеткирилген. Буга анын бөйрөгүнүн иштөөсүнүн начарлашы себеп болгон. 19-майда жазуучу атайын учак менен Германияга дарыланууга жөнөтүлгөн. 2008-жылдын 10-июнунда Чыңгыз Айтматов Нюрнбергде каза болгон. Татарстанга барганы анын өмүрүндөгү эң акыркы сапар болуп калды.
Дагы караңыз
АКШда жолуккан Айтматов менен Алтайдын тагдыры
Он жыл өткөндөн кийин 2018-жылдын февралында Чыңгыз Айтматовдун тилегин тун уулу Аскар Айтматов орундатты.
Ал Татарстанга барып, Кукмор районундагы Мачкара айылына зыярат кылып, Абдувалиевдердин тарыхы менен таанышкан жана чоң таяталарынын сөөгү жаткан эски көрүстөнгө барган.
"Азаттыктын" татар кызматынын макаласы кыргызчага которулду
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Атага сагынычын китепке айланткан Роза Айтматова