Франция: Ла-Манш кысыгынан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген мигранттар куткарылды

Ла-Манш кысыгы аркылуу желим кайык менен Улуу Британияга бет алган мигрант куткарылды. Кале шаары. Франция. 2018-жылдын 4-августу.

Ла-Манш кысыгы аркылуу Улуу Британияга өтүүнү көздөгөн төрт кайыкта 84 мигрант болгон (арасында жаш балдар да бар эле). Кайыктарды Франциянын деңиз аскер кызматкерлери кармашкан.

Маалыматка ылайык, 10-апрелде француз куткаруучуларына Гри-Нэ (Gris-Nez) тумшугунда бир нече кайык кырсыкка кабылганы тууралуу кабарланган.

Куткарылган мигранттарга медициналык жардам көрсөтүлгөн соң, алар полицияга өткөрүлүп берилген.

Дагы караңыз Ла-Манш каналын сүзүп өткөн алты ирандык табылды


Азиядан, Жакынкы Чыгыш жана Африка мамлекеттеринен Францияга эптеп жетип алган мигранттар жакшы жашоо издеп, андан ары Улуу Британияга өтүү үчүн Ла-Манш кысыгын желим кайыктар менен уурданып кесип өтүүгө далаалат кылган учурлар арбын.

Былтыр Ла-Манш кысыгы аркылуу Улуу Британияга мыйзамсыз өтүү аракетин жасаган 10 миңге жакын учур катталган. Алты киши каза болуп, кеминде үч киши дайынсыз жоголгон.

Дагы караңыз

«Күйөөмдүн токмогунан Түркияга качтым...»Айзаданы өлтүрүүгө шектүү Замирбектин сөөгү жерге берилдиДайынсыз болуп аткан Айдана Таирбек кызы табылдыЫсык-Көлдө сабалган уландын абалы оорМээрим менен Айпери Олимпиадага жолдомо алдыАксынын кайык менен каттаган айылы добуш бердиЭкс-президент Роза Отунбаева COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү