Перс булуңундагы Хузестан жана Бушер провинцияларынын жээгинде жана Оман булуңун бойлой орун алган Хормозганда жашоо-тиричилик эзелтен сууга байланган болчу.
Бирок АКШнын жакында портторго, кемелер менен балыкчылардын кайыктарына урган соккулары балыкчылардын, моряктардын деңиз соодасы менен күн көргөн кишилердин жашоосун кыйла өзгөрттү.
Вашингтон соңку чабуулдарды Ирандын Ормуз кысыгындагы аскердик эмес кемелерди аткылаганына жооп кайтаруу деп сыпаттаган.
“Ушунча көп кайык чөгүп кетти, ракеталар тийди. Ушунчалык көп кайык өрттөндү. Акчаны мындай кой, канча кишинин өмүрү кыйылды”, - деп айтат жергиликтүү тургун социалдык тармактарга чыккан видеодо.
Иран бийлигинин маалыматы боюнча, АКШ июндун соңунда өлкөнүн түштүк бөлүгүндөгү буталарга сокку ура баштагандан бери 50 чакты киши каза тапты, арасында жайкын адамдар бар. Чабуулдар тогуз күндөн бери үзбөй уланууда.
Кошмо Штаттар Ирандын деңиз кыймылын жана Ормуз кысыгынын айланасындагы позицияларын алсыратууну максат кылганын билдирүүдө. Согуш башталганда Ислам жумурияты мунай менен газдын маанилүү коридорун иш жүзүндө бөгөттөп салган. Вашингтон кысыктагы кыймылга коркунуч жараткан аскердик жайларды аткылаганын айтып келет.
АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн учактары менен согуштук кемелери Араб деңизинде. 2026-жылдын 30-июну.
Жергиликтүү жашоочулар чабуулдардын кесепети күнүмдүк турмушта абдан сезилип жатканын айтышат.
Жээктеги электр станцияларына жана электр энергиясын бөлүштүргөн жайларга урулган соккулар 40 градустан ашкан ысыкта абаны сууткан жабдууларды керектен чыгарды. Бандар-Аббас шаарынын тургундарынын бири үйүндө электр жарыгы жок болгондуктан, үй-бүлөсү менен жеңил унаасында сааттап отурууга мажбур болгонун айтып берди:
“Электр энергиясы жок. Түн ичинде уктайлы десек бомбалардын, жарылуулардын добушу угулат. Өз төшөгүбүздө уктагандын ордуна барыбыз машинада тыгылып отурабыз. Биз ушундай жашоого татыктуубузбу? 41 градус ысыкта электр энергиясы жок кадимкидей кайнап кетесиң”.
Мунайга бай Хузестан провинциясында жашагандар саратанда электр энергиясы улам-улам өчүрүлгөнүн сүрөттөшүүдө.
Бул аз келгенсип талкаланган жолдор менен көпүрөлөр жашоону ого бетер кыйындатты. Жээктеги шаарларга чыгып-кирген жолдор бөгөттөлүп калды. Социалдык тармактарга жолго чыкпоо, ары-бери каттабай туруу кеңешин берип жатышат.
Бензин куйдурууга узун кезектер күнүмдүк турмуштун көнүмүш көрүнүшү болуп калды. Электр энергиясынын үзүл-кесил берилишинен улам жабыркаган райондордо жашаган эл менен жакындары байланыша албай бушайман болууда.
АКШнын армиясы өлкөнүн ар кайсы жерине сокку урганы менен миңдеген кеме Перс булуңунан чыга албай калган түштүк чөлкөмдөрү өзгөчө катуу аткыланууда.
Эки тарап тең өз ара ишенүү меморандумун бузганы үчүн бири-бирин айыптоодо. Өткөн айда кол коюлган документтин негизинде атышуу токтоп, 60 күндүн ичинде 28-февралда башталган согушка чекит койгон келишим иштелип чыгышы керек эле.
Дагы караңыз
"Танкер согушу". Ормуз мурда кантип бөгөттөлгөн?Кырдаал абдан оорлошкондон улам өткөн аптада он миңдеген ирандык өлкөнүн катаал лидерлерин алыстан туруп алып катардагы элдин жашоосун тобокелге салган чечим кабыл алуунун ордуна түштүк аймактарга барып, абал менен жеринен таанышууга чакырган петицияга кол койду.
“Муну менен тилектештикти көргөзүп, реалдуулукту эстен чыгарбай мамлекеттик деңгээлде натыйжалуу чечим кабыл алууга болот”, - деп айтылат кайрылууда.
Башкалары согуштун жанданышына иренжип, Вашингтон да ал үчүн жооптуу деп айтышат.
Куралдуу жаңжал туризмге да кесепетин тийгизди. Хузестандагы Кешм аралындагы тарыхый жерлер түздөн-түз зыян тартпаса да, кооптуу деп жарыяланган жээкке жакын жерлерде адатта туристтик сезон туу чокусуна жеткен маалда конок үйлөрү ээн турат, гиддер жумушсуз калды.
Кешм жана Сирик аралдарында кайыктар менен кошо балыкчылар нан таап жеген аспаптар гана эмес, түштүк провинцияларынын деңизге байланган мурасы өрттөндү.
Ошентсе да кыйроолордун фонунда эл тилектештигин көргөзүп, согуштан жабыркаган райондордон келген ирандыктарга өз эшигин ачууда.
Дал ушундай боорукерлик, уруш жакында токтойт деген үмүт, Перс булуңунда жашагандардын айтымында, аларга дем берүүдө.
“Биз адегенде өзүбүздү, анан кошуналарыбызды, туугандар менен досторубузду аман-эсенби деп түгөлдөйбүз”, - деп айтты Ирандагы түштүктө жашаган аял.
"Фарда" радиосунун материалы.