Камчыбек Ташиев өлкөдөн чыгып кетти

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кетти.

УКМКнын төрагасы чет өлкөгө чыгып кеткенин 17-феваралда “Регион” телеканалынын башчысы, Камчыбек Ташиевге жакын журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына жазып, видео жарыялады.

Ташиевдин тышка кетиши ден соолугуна байланыштуу болдубу же башка себептерден уламбы азырынча белгисиз.

Камчыбек Ташиев 2021-жылы 12-февралда Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнөн операция болгон. Ушул айда Германияда ден соолугун текшертүү үчүн кайра барганда кызматтан алынды.

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев “Азаттыкка” берген интервьюсунда бир тууган агасынын ден соолугу учурда жакшы экенин айтты:

“Мен жолуктум (ред: Камчыбек Ташиев менен). Бир тууган болгондон кийин чогуубуз. Ага-ини катары жакшы мамиледебиз. Ата-энебиз дүйнөдөн өткөндөн кийин Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн атасы да, апасы да ушул киши болуп калган. Дарыланып келгенден кийин ден соолугу бир аз жакшы. Ден соолугун чыңдаганга дагы убакыт керек. Ал эми президенттин кабыл алган чечимдери боюнча эми бардык кызматкерлер, жарандар президенттин чечимин аткарыш керек. Ал президенттин чечими. Бул мыйзамдуу көрүнүш. Биз аны туура же туура эмес деп талдагандан алыспыз. Бул чечим биздин үй-бүлөдө эч кандай деле резонанс болгон жок”, - деди ал.

Дагы караңыз Шаирбек Ташиев: 12 млрд сом мүлк кагазда эле, чындыгында андай жок

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 10-февралда кызматынан бошотулган. Президенттин буйругу менен анын орун басарлары да жумуштан алынып, ордуна жаңылары дайындалган.

Камчыбек Ташиев өзү Бишкекке 13-февралда кайтып келген. Анын тарапташтары акыркы саясий окуялар тууралуу Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрөрүн билдиришкен. Бирок жыйын болгон жок.

Анын ордуна Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Камчыбек Ташиевди кабыл алганын айтты:

“Кечээ кечинде кабыл алдым. “Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр” дедим. Досумдун айтымы боюнча, “ак сакалдар” дейбизби, “көк сакалдар” дейбизби, бирөө менен дагы сүйлөшкөн эмесмин дейт. Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей эле өздөрүнчө жашыруун план менен иш жүргүзүп жатышкан экен. Орустар айткандай, “медвежья услуга” көрсөтүштү”.

Жапаров муну менен катар Ташиев менен дос бойдон кала бере турганын, бирок ал киши кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбесин белгилеген.

"Дос эс алсын, ден соолугун карасын. Тегерегидеги “ак сакал, көк сакалдардан” арылсын, тазалансын. Тергөө кызматы баарын аныктап, тазалап берет. Албетте, азыр ыракмат айтпайт. Капа болот. Бирок жылдар өткөндөн кийин “Досум сен ошондо туура кылыпсың” деп ыракматын айтат", - деди Жапаров.

Дагы караңыз "Досум кызматка барбайт, эс алсын". Жапаров Ташиев тууралуу соңку жагдайды айтты

Садыр Жапаров "аксакал-көксакал" деп 75 адамдан турган топтун кайрылуусун айтууда. Белгилүү болгондой, алар Ташиев кызматтан кеткенге чейин президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу мамлекет башчыга жана Жогорку Кеңештин спикерине кайрылуу жолдошкон.

11-февралда билдирүүгө кол койгондордон ичинен коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи Эмил Узакбаев, экс-депутаттар Курманбек Дыйканбаев менен Аалы Карашев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов “массалык башаламандык уюштурууга” шек саналып камакка алынган.

Садыр Жапаров 13-февралда "Кабарга" берген интервьюсунда кайрылууну бөлүп-жаруу аракети катары сыпаттаган.

"Анан эгер мен тез арада ушундай чечкиндүү кадамдарга барбасам жөнөкөй элге тарап, эл дагы экиге бөлүнө баштайт эле. Анткени депутаттарды, айрым мамлекеттик кызматкерлерди генерал менен коркутуп аткан фактылар бар эле менде. “Эгер биз тарапка өтпөсөң сен генерал менен будешь иметь дело” деп. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алууга туура келди. Чечим кабыл алаар алдында досума телефон чалып, бул жакта болуп жаткан абалды түшүндүрүп, кызматтан алып жатканымды билдирип анан чечим кабыл алдым. Мен мындай тез чечим кабыл алуум менен досумдун өзүн сактап калдым деп эсептейм. Себеби айлана-тегерегинде жүргөн “ак сакалдар дейбизби, көк сакалдар” дейбизби, айтор досумду жолдон адаштырып бара жатышкан”, - деген ал.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын тапшырып, анын ордуна Марлен Маматалиев шайланды.

Дагы караңыз Жапаров Ташиев менен жолукканын, ал кызматка барбай турганын айтты

16-февралда Садыр Жапаровдун маеги жарыялангандан көп узабай, транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевди, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевди кызматтан бошоткон. Булардын ичинен Сыргабаев менен Ажыкеевдин УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин көп жылдардан берки санаалашы катары белгилүү.

16-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков 15-апрелге чейин камалды. Ушул эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Салмоор Жумабеков дагы кызматтан алынды.

17-февралда УКМК төрагасынын дагы бир орун басары Тимур Шабданбеков кызматтан бошотулуп, анын ордуна Акылбек Намазов дайындалды.

Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жетекчи болуп 2020-жылдын октябрь айында дайындалган.