Кумтөрдүн өкмөт карамагындагы бир жылы. Көбөйгөн салык, ашыкча чыгым

Кумтөрдүн алтыны. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын өкмөтү Кумтөр кенин толук өзүнө өткөргөнүнө 4-апрелде бир жыл болду. “Кумтөр Голд Компани” ишканасын башкарууну эки жыл мурда колуна алган бийлик аны иштеткен “Центерра Голд” компаниясы менен былтыр гана келишимге жетишкен.

Бул алтындын көлөмү, экспорту жана башка маселелердеги отчёт тууралуу көп талкуу чыкты. Компаниянын ашыкча чыгымына байланыштуу да кылмыш иши козголуп, негизги башкаруучу камалды.

Бир-эки жылдагы көрсөткүчтөр

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жетекчилиги 2022-жылдагы өндүрүштүк жыйынтык тууралуу отчётун март айынын башында жарыялады. Марттын ортолорунда Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиясынын корутундусун угуу учурунда да көрсөткүчтөр жөнүндө жалпы маалымат берилди.

Ишкананын жетекчиси Алмаз Барыктабасов “Ала-Тоо 24” телеканалына курган жаңы маегинде да аткарылып жаткан иштер тууралуу учкай кеп салды:

Алмаз Барыктабасов

"Кумтөр мамлекеттик компания болгондуктан бардык чыгымдарыбызды көзөмөлгө алып, туура сарпталышын талап кылып жатабыз. Сатып алуулар системасын трансформациялоо иштери дагы активдүү жүрүүдө. Башкача айтканда, биз сатып алуу иштерин автоматташтырдык, кампаларды, запастарды натыйжалуу башкарып жатабыз. Өндүрүштү модернизациялоо боюнча иштер жүрүүдө. Буюрса, быйыл оор техниканын жаңы үч-төрт даанасын сатып алабыз. Буюрса жакын арада алтын ылгоочу фабрикабызда руданы майдалоочу жаңы тегирмен да ишке кирет. Ошол эле фабрикабызда биз цианидди алмаштыруучу жаңы затты тесттик режимде пайдаланып көрдүк. Бизде, азыр ишке ашыра турган ондогон долбоорлорубуз бар. Мисалы, Токмок шаарында дөңгөлөктү кайра иштетүүчү завод ачып жатабыз", – деди ал.

Дагы караңыз "Алтынды азыр бөлө албайбыз". Жарлыкты жылдырган жагдайлар

Демек, 2021-жылы кенде 14,6 тонна алтын алынган. Мунун 4-5 тоннасын Кумтөргө ага чейин ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы чыгарып кетсе, 10 тоннасы Кыргызстандын өзүндө калган. Кыргыз бийлиги мындан 323 миллион доллар киреше тапканын маалымдаган. Натыйжада мамлекетке 13,6 миллиард сом салык төгүлгөн.

2022-жылы 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, план 200 килограммга ашыкча аткарылган. Компания мындан 986,5 миллион доллар киреше тапкан. Натыйжада ишкана мамлекетке 32,1 млрд. сом салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төккөн.

2023-жылы 14 тонна алтын өндүрүү планы коюлган. Эгер жогоруда өндүрүлгөн алтын жана салыктын катышы менен талдасак, быйыл деле салык жана башка төлөмдөр кеминде 20-25 миллиард сом болушу ыктымал.

1995-жылдан 2020-жылга чейин Кумтөр кенинен түшкөн салыктардын көлөмү. Салык кызматынын маалыматы.

“Кумтөр Голд Компани” “Центерра Голддун” башкаруусунда турган учурда, соңку он жылда эң көп дегенде – 9,9 млрд сом салык төлөгөн. Калган жылдары 3-4 миллиард, же 6-7 миллиард сом гана берчү. Бирок өндүрүш жыл сайын орточо 16-17 тоннадан кем болчу эмес.

Башкача айтканда, Кыргызстан кенди өзүнө алган соң андан түз да пайда таап жатат жана салыкты да арбыныраак алып калды. Экс-вице-спикер жана экс-вице-премьер Кубанычбек Исабеков бул аралыктагы жетишкендиктерди мындайча баалады:

Кубанычбек Исабеков

“Мен муну экиге бөлүп кароону сунуш кылат элем. Экономикалык жагынан утуш болду деп эсептеш керек. Анткени, бюджетке түшкөн акча көбөйдү, бул факт. Кумтөрдүн эсебинен башка да объектилер курула баштады, азыркы жетекчиликке башка да милдеттер жүктөлүптүр. Бул колдоого татыктуу. Мындан сырткары саясий жактан, намысыбызды коргоп калуу жагынан да биз утканбыз. Мамлекет болгондон кийин өзүбүздүн кенди өзүбүз алганыбыз чоң иш. Кечирээк болуп калды, бирок алдык”, – деди ал.

Экспортко кеткен алтындын дареги

Маалым болгондой, 2021-жылдын май айында кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин өз карамагына алган. Буга компания экологиялык эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн.

“Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, Кыргызстандын бийлигин Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Соттук териштирүүлөр бир жылча уланган.

Тараптар узак талаш-тартыштан кийин келишип, 2022-жылдын 4-апрелинде атайын келишимге кол коюшкан. Президент Садыр Жапаров бул жөнүндө ошол эле күнкү түз эфирдеги кайрылуусунда айтып, Кумтөр толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөнүн жар салган. Ал муну өлкө тарыхындагы чыныгы бурулуш учур деп сыпаттаган жана "Кумтөр Голд Компани“ ишканасынын 100% акциясы Кыргызстанга тиешелүү экенин айткан.

Бирок компанияны кыргыз өкмөтү өзүнө алгандан кийин эле кенде иш шыр кеткен жок. Биринчи кезекте өндүрүлгөн алтындын көлөмүнө жана экспортуна байланыштуу түкшүмөлдөр чыкты.

Бийлик алгач алтын сыртка сатылбай, Кыргызстанда калып жатканын билдирип келген. Бирок былтыр жыл ортосунда Улуттук Банк Кумтөрдөн өндүрүлгөн 19 тонна алтынды 1 миллиард доллардан ашык акчага сатканы, анын 700 миллиондой доллары акчанын курсун кармап туруу үчүн интервенцияга жумшалганы белгилүү болгон. Бул жагдай Жогорку Кеңеште сөз болуп, сын айтылган.

Кийин президент Садыр Жапаров өзү "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде буга түшүндүрмө берип, Кумтөрдө өндүрүлгөн алтындын баары Улуттук банкта сакталып турганын, анда Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөн сумма жыйналып жатканын айткан.

Буга байланыштуу депутаттык комиссия да түзүлүп, ал быйыл 16-мартта парламентте корутундусун жарыялады. Депутаттык комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиев мындай маалымат берген:

Арсланбек Малиев

“2021-жылдын 17-майынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейин Улуттук банк “Кыргызалтын” ишканасынан 172 млрд. 446 миллион сомдон ашык акчага 35 тонна 847 кг алтын сатып алган. Улуттук банк алтынды сатып алууну Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен жүзөгө ашырган. 2021-жылдын ичинде 19,2 тонна алтынды эл аралык рынокко алып чыгуу жана андан ары сатуу боюнча операцияларды ишке ашырган. Анын натыйжасында Улуттук банк болжол менен 1,1 млрд. АКШ долларын киреше катары алган”.

Дагы караңыз Кутманова кызматтан алынганына Акылбек Жапаровду айыптады


Комиссиянын корутундусун угуу учурунда Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев да маалымат берип, 2020-жылы башкы банктын резервинде 16 тонна алтын болгонун, 2023-жылдын мартында 47 тоннага жеткенин айткан. Ал резервдин көбөйүшүн Кумтөрдөн алтын сатып алынып жатканы менен түшүндүргөн.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева мындай жагдайларды кендеги иштин ачык жүрбөгөнү менен байланыштырды:

Эркингүл Иманкожоева

“Чынында, Кумтөр кенине байланыштуу көп күмөн пайда болуп жатат. Элдин, анын ичинде биздин деле президентке ишенбей, кара ниеттик менен бир нерсе айтабыз деген нерсе жок. Бирок бардыгыбыз кендеги иштин ачык-айкындуулугун талап кылып жатабыз. Мен деле Кумтөр эмне болуп жатат, канча алтын өндүрүлдү, андан канча киреше табылып, ал кайсы жакка жумшалды, мына ошону билгим келип жатат. Коопсуздугу мындан ары кандай болот, иш кантип жүрөт деген маселе көп ойлондурат. Ал жөнөкөй эле кен эмес да, Кумтөр “А” категориясындагы тоо-кен ишканасы. Тилекке каршы, Кумтөр мамлекетке өткөндөн кийин деле бул жөнүндө негедир маалыматтар абдан аз берилип жатат”.

Мурдараак “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жетекчиси Алмаз Барыктабасов кенде дагы эки карьерди ачуу пландалып жатканын, анда запас кеңири экенин, кендин ишин дагы көп жылга созсо болорун айткан. Ал ошондой эле кендеги калдык сактоочу жайды иштетүү каралып жатканын тактаган.

Кумтөр кени ишке киргенден бери аны иштеткен чет өлкөлүк компаниялар 400-500 тоннадай алтын казып алышты. Анын мындан аркы запасы тууралуу түрдүүчө эсептер бар. Адистердин санагында азыр казылып жаткан зонада 150-200 тоннадай, казуу татаалыраак жерлерде 300-400 тоннадай алтындын кору болушу мүмкүн.

Тенгиз Бөлтүрүк жана ашыкча чыгымдар

Өкмөт Кумтөр кенин өзүнө алуу үчүн канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен күрөштө Канаданын жарандыгын алган кыргызстандык Тенгиз Бөлтүрүктү ишке салган. 2021-жылдын май айында алгач аны “Кумтөр Голд Компани” ишканасына тышкы башкаруучу кылып киргизип, 2022-жылдын башында кенди башкара турган жаңы – “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине жетекчи кылып дайындады. Холдинг кошумча башка кендерге да инвестиция тартуу менен иштеп турду.

Тенгиз Бөлтүрүк жана Садыр Жапаров. 2-январь, 2021-жыл.

Бирок жарым жыл өтпөй, 2022-жылдын 23-августта "Кумтөр" компаниясынын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк менен финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилет. Буга Эсеп палатасынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы себеп болгон. Текшерүүнүн жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганы аныкталган.

Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, 2022-жылы 13-сентябрда “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу Тенгиз Бөлтүрүктү, “Кумтөрдүн” ошол кездеги жабдуу боюнча адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогуловду кармаган. Ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго издөө жарыяланып, быйыл 14-январда “Манас” эл аралык аэропортунан кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалган. Чоң чыгым жумшалганына карабай “Улуу көчмөндөр мурасы” жоюлду.

Дагы караңыз Улуттук банктагы 46 тонна алтындын чоо-жайы

Президент Садыр Жапаров 14-мартта мамлекеттик “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде, “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинде жана “Кумтөр Голд Компани” ишканасында акча уурдалганын айткан:

“Алтын жагынан эч ким бир грамм да уурдай албайт. Көзөмөл системасы жакшы коюлган. Бул жагынан канадалыктарга эң жогорку баа берсек болот. Ал эми акча жагынан уурулуктар болгон. Бул эми адамдык фактор. “Кумтөрдү” иштетүү үчүн күйүүчү май, автотетиктерди, алтын казып алууга керектүү шаймандарды сатып алат. Жумушчуларды тамак менен камсыз кылууда азык-түлүк сатып алышат жана башка толтура кызмат көрсөтүүлөр болот. Ушул маселелерден акча уурдалган, пендечилик экен да. Мамлекет билбей калат дешсе керек. Жакшылап, көздү чоң ачып текшерсе, баары чыгат. Мен Тенгиз Бөлтүрүктү коюп жаткан күндөн баштап камалганга чейин: “Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан кубалап барат. Уурулук, ашыкча ысырапчылык болбосун, таза иште” деп какшап келгем. Тилекке каршы, ушундай болду. Мен билгенден он чакты адам камакта. Азыр эми камалгандардын баары чыгымды ордуна коюп коюшсун. “Бир топ сумма кайтарылды”- деп бир апта мурда башкы прокурор айтып жатты эле. Толук кайтарып коюшсун. Андан кийин укук коргоо жана сот органдары үй камагына чыгаруу маселесин карашса керек... Буларды түрмөдө чирители деген эч кимдин ою жок”, – деген анда Жапаров.

Тенгиз Бөлтүрүк сотто

Эсеп палатасы быйыл жыл башында жарыялаган отчётуна ылайык, холдингде жана компанияда кызматкерлердин эс алуусуна, кайрымдуулукка, оңду-солду корогон эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердүүлүгү ийне-жибине чейин саналып, тыйынына чейин жазылган. Мында миллиондогон суммалар жөнүндө сөз болуп жатат.

Маселен, Тенгиз Бөлтүрүк өзү эле 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын февралына чейин 473,2 миң доллар сый акы алса, 2022-жылдын февраль-июнь айында 319 миң доллар өлчөмүндө сый акы алган. Аудит Бөлтүрүктүн чет өлкөгө чыгып компаниянын эсебинен концертке барганын, үй-бүлөсүнүн учак билеттерине жумшаганын жана башка жеке чыгымдарын тактаган.

Дагы караңыз "Өкмөттөгү кимдир бирөөгө тоскоол болсом, Канадага кетүүгө даярмын"


Кайрадан саясатчы Кубанычбек Исабековдун пикирине орун берели:

“Тенгиз Бөлтүрүк кызматка коюлуп жатканда эле, мыйзамсыз коюлган. Себеби, мыйзам боюнча чет мамлекеттин жарандарын, керек болсо айыл башчы, же жер адиси кылып койгонго да болбойт. Анан килейген ошондой ишканага, коррупциялык тобокелчиликтери бар ишканага ошол жигиттин коюлушун мен башында эле туура эмес көргөм. Аягы эмне менен бүтүп жатат? Эсеп палатасынын текшерүүсүндө көрүнүп тургандай, үй-бүлөсүн эле чет өлкөгө саякаттатып жүрүптүр, министрлерге машине алып берип коюптур. Бул эмне анын менчиги беле? Каалагандай калчагыдай ага ким укук берди? Сатып алуу процесстери да, эч кандай тендери жок, кымбат нерселерди алып жүрүптүр. Бул кылмышкерлик болуп эсептелет. Аны жөн гана кармабай, кустуруш керек. Муну өзү эле жасаган жок да, тиешелүү адамдардын баарын жоопкерчиликке тартыш керек".

Абакта жаткан "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин мурдагы башчысы Тенгиз Бөлтүрүк өзү жана анын адвокаты Кайсын Абакиров бул айыптоолорду четке кагып жатат. Бөлтүрүктүн аялы Илмира Алпысбаева ачкачылык жарыялап, күйөөсүнүн күнөөсү жок экенин айтып, үй камагына чыгарып, дарыланууга мүмкүнчүлүк берүүнү бийликтен суранган. ​

Садыр Жапаров жана Кумтөр

Садыр Жапаров Кумтөр кени тууралуу маселе көтөрүп чыккандан кийин коомчулукка кеңири белгилүү болгон. Ал 2012-жылы парламентте Кумтөр боюнча комиссияны жетектеп, анда кенди улутташтырууну сунуштаган. Бирок ошол кездеги бийлик аны кубаттабай, ал эми Жапаров башка депутаттар Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов менен чогуу камалып кеткен.

Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов. 2013-жылдын 25-январы.

Ортодо өлкөдөн сыртка чыгып кетип, 2017-жылы мамлекетке кайтып келген Садыр Жапаров кайра камалган. Абакта отуруп берген маектеринде Кумтөр кенинде алтын дээрлик түгөнгөнүн, аны кайтарып алуудан пайда деле жоктугун айтып чыккан. 2020-жылы Октябрь окуяларынын шары менен абактан бошоп, андан соң премьерликке жаңы шайланып жаткан маалда да ушундай пикири менен бөлүшкөн.

Башкача айтканда, Жапаров 2020-жылдын 10-октябрь күнү депутаттарга берген жоопторунда “Кумтөрдү алуу зарыл эмес экенин” билдирген. Бирок андан төрт күндөн соң, 14-октябрда бул оюн бир аз конкреттештирип, ал бийликке келсе, кен өкмөткө иштей турганын тактаган.

Ошентип, Садыр Жапаров 2021-жылы президенттикке келгенден кийин кенди мамлекетке алып олтурат. Бул процесстин аталышы "улутташтыруу" деп аталбаганы гана болбосо, иш жүзүндө ошого окшош эле жол менен ишке ашты.

2022-жылы 31-августта – Эгемендик майрамын белгилүү учурунда президент Жапаров бул жөнүндө мындай деп айткан эле:

"Жалпы аракетибиз менен мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы үчүн бекем туруп, өзүбүздүн позициябызды чечкиндүү түрдө коргоп, республикалык бюджеттин түзүлүшүнө чоң салым кошкон “Кумтөрдү” – улуттук кенчибизди өз энчибизге алдык. Буга жалпы элибиз маңдайы жарыла кубанды. “Кумтөр” алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылды. Буга жетүү оңой-олтоң болгон жок, сүйлөшүүлөр абдан оор жүрдү. Биздин пайдабызга мындан да оң чечимдердин кабыл алынышына кепилдик жок эле, андан сырткары, биз ал арада көптү жоготуп, убакыттан уттурмакпыз. Ошентсе да мындан жыйырма жыл мурда эле болчу окуя ушинтип быйыл ишке ашты. Бул жалпы кыргызстандыктардын жеңиши! Бул иш мамлекетибиздин өсүп-өнүгүү жолундагы ири жетишкендиктердин башаты болсун дейли. Мындан ары “Кумтөр” элибизге узак жылдар бою кызмат кылсын!", – деген анда мамлекет башчы.

Дагы караңыз Кумтөр: уу калдыктан алтын алуу планы

Садыр Жапаров өз билдирүүлөрүндө кен Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары үчүн гана иштей турганын, ал кыргыз экономикасынын локомитиви болорун, кошумча башка долбоорлордун башталышына түрткү болорун билдирип келет.

Талдоочулар деле Жапаровдун саясаттагы эң чоң иштеринин бири Кумтөр экенин белгилеп, анын мындан аркы саясий ишмердүүлүгү да ушул кенге байланыштуу болорун белгилешет.

Коомдук ишмер Жылдызбек Турганов мындай ойлорун ортого салды:

Жылдызбек Турганов

"Садыр Жапаров "Кумтөрдү улутташтырыш керек, мамлекетке алыш керек, кен элге иштеш керек" деп жүрүп, элдин сүймөнчүгүнө айланды. Ошо менен күрөшүп жүрүп, эл колдоп, абактан чыгарып, президент кылып алды. Кен Кыргызстанга алынды, анын бул чечимин эл кол чаап, кубаттап жатышат. Бирок мына кен, элге иштейт деп, күтүп жаткан маалда, анда коррупциялык көрүнүштөр чыкты. Компанияны жана холдингди башкарган Тенгиз Бөлтүрүк кымбат мебелдерди алып, башка иштерге барып, көзүн май басып калыптыр. Кыргыз элинин байлыгы кыргыз элине кызмат кылыш керек. Кенде коррупция жок, мамлекет үчүн, эл үчүн иштеши керек. Өндүрүлгөн алтын, киреше, баары ачык-айкын берилип турса жакшы болмок. Садыр Жапаров алгач "Кумтөрдү алды" деп аты чыгып, кийин "Кумтөрдү алды" деп тарых жаратса, эми "Кумтөрдү эл үчүн иштетти" дегендей аты калгыдай болсун. Кумтөр менен ат жасаган киши Кумтөрдүн айынан элдин нааразылыгын жаратып алса, орунсуз иш болот. Өмүр бою ушунун артынан чуркап келип, эми кендин таза иштешин да камсыз кылсын. Элди кендин мындан аркы тагдыры да көп ойлонтууда".

Деңиз деңгээлинен төрт миң метр бийиктиктеги Кумтөр алтын кенин советтик геологдор алгач 1978-жылы чалгындаган. 1989-жылы СССРдин Геология министрлиги Кумтөрдө 700 тоннадан ашуун алтын запасы бар экенин жарыялаган. 1991-жылы түбү литвалык Канаданын жараны Борис Бирштейн президент Аскар Акаевдин кеңешчиси болуп дайындалган. Анын “Сиабеко” деген фирмасы аркылуу Кумтөрдү иштетүүгө канадалык “Камеко” сунушталган.

Дагы караңыз Исановдун табышмактуу өлүмү - тарыхтагы кара так


1992-жылы Торонтодо кыргыз өкмөтү “Камеко” менен генералдык макулдашууга кол койгон. Бирок ал макулдашууга парламент каршы чыккан. Анын арты менен өкмөт кетип, кийин легендарлуу парламент таратылган. Кийинки өкмөт 1993-жылы 10-майда жана айрым өзгөртүүлөр менен 1994-жылы 3-майда Кумтөр боюнча концессиялык келишимди бекиткен.

Андан ары кенди иштетүүчү "Кумтор Оперейтинг Компани" ишканасы түзүлүп, алтын чайкаган фабрика 1997-жылы Кумтөрдөн алгачкы алтынды өндүрө баштаган. Бул учурда Кумтөрдүн 67% Кыргызстанга, 33% пайызы канадалык “Камекого” караган.

2003-жылы "Камеко" "Центерра Голд" компаниясына курамына бириктирилип, Кыргызстандын андагы үлүшү 33%га түшкөн. Ошол кездеги парламент башында буга каршы болгонуна карабастан кийин ал макулдашуу басым аркылуу бекитилген.

Кийин Кыргызстандын үлүшү 15% чейин түшүп, 2009-жылдагы келишимдерге ылайык кайра 33% жеткен. "Центерра Голд Инк" кошумча акция чыгаргандан улам Бишкектин үлүшү 26,6% түзүп калган.

Номиналдык жактан алганда Кыргызстандын 77 401 766 акциясы бар болчу. Алтындын баасы эң кымбаттаган учурларда анын наркы 1-1,5 млрд долларга чейин жетип кетчү. Кыргызстан менен "Центерра Голд" компаниясынын соңку келишимине ылайык, кен толук өткөрүлүп берилген соң Бишкек ал акцияларынан жана экологиялык доолорунан толук баш тартты.