Өткөн дем алышта Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндө кымбаттап, бир литри 110 сомго чыккан. Буга Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май алган Орусия экспортту токтоткону себеп болгон.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Азаттыкка" 22-июлда курган соңку маегинде өкмөт бааны болушунча тескеп, майдын корун эки-үч айга жеткидей толуктоо иштери жүрүп жатканын айтты.
Данияр Амангелдиев
"Кырдаалдан улам Орусия өзүнүн ички рыногун коргоо максатында башка мамлекеттерге, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө да экспортко чыгарууга тыюу салган. Бир нече жолу Орусияга барып сүйлөшүү жүргүзгөнбүз. Алар бир-эки ай кырдаал чын эле оор экенин, анткени ички керектөөнү камсыздоо биринчи талап болуп жатканын, келишимдеги милдеттенмелерин кийин толук аткарарын айтышты, убактылуу чектөөгө түшүнүү менен мамиле кылууну суранышты. ЕАЭБ алкагында импорт төлөмүнөн бошотуу дагы каралган, аны да карап чыктык. Орусия бизге окшоп эле тыштан күйүүчү-майлоочу май ташып келүүдө. Коомчулукта “Биз дайым эле Орусиядан көз каранды боло беребизби, башка жолдор жокпу?” деген суроо коюлууда. Альтернативдүү булактар, албетте, бар. Бирок алар кымбат. Кымбат болсо да толтуруу милдети турат. Кырдаал орчундай баштаганда эки-үч апталык эле запас бар болчу, азыр 1,5 айлыкка жетип калды. Кытай менен да келишим түзүлдү. Тийиштүү көлөмдү камсыздоо иши токтобойт. Максат – кеминде 2,5 айлык запасты топтоп коюу. Өкмөт бааны турукташтыруу, кенемте маселесин да карап жатат. АИ-95 менен АИ-92нин айырмасы адатта 1-2 сом эле болчу, азыр 10 сомдон ашты. Социалдык маанидеги товардын бири болгон дизел боюнча да иш жүрүүдө. Эгер бааларды эркин жүгүртүүгө койсок, АИ-95 120 сомдой болмок, АИ-92 114, ал эми дизел 150 сомго чыкмак".
"Кытайдан келатат, Беларус дагы берет"
Кыргызстан Кытайдан күйүүчү май аларын буга чейин энергетика министри Алтынбек Рысбеков дагы айткан. Бирок канча көлөмдө май келерин тактаган эмес.
Алтынбек Рысбеков
“Кытай менен сүйлөшүүлөрдө жакшы чечимдер болду, келишимдер кабыл алынды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өзү атайын делегация менен коңшу өлкөгө барып, күйүүчү майдын көлөмүнө, убактысына жана башка нерселерине байланыштуу макулдашууларга жетишти. Тиешелүү макулдук алып келди. Кытай тарап иш жүзүндө биринчи партияны жөнөттү, биз азыр анын логистикасын уюштуруп жатабыз. Кытай менен автоунаа жолу аркылуу автотранспорт менен гана жүк ташуу бар эмеспи, ошондуктан бул бир аз убакытты талап кылат экен. Жүктү өткөн аптада жөнөтүшкөн. Министрлер кабинетинин төрагасы тиешелүү органдарга, анын ичинде Транспорт, Энергетика министрликтерине, Бажы, Салык жана башка кызматтарына товарды Кыргызстанга эч кандай тоскоолдуксуз киргизүүнү тапшырган. Бул багытта иштер алып барылууда”, – деди ал.
Социалдык медиада "Кытайдан күйүүчү май келе жатат" деген видео тарады.
Өкмөттүн билдиришинче, учурда Беларустан күйүүчү-майлоочу май ташып келүү иштери жүрүп жатат. Андан тышкары Өзбекстандан жана Казакстандан дагы алары айтылды.
Мунай ташуучулар биримдиги жергиликтүү медиалардын бирине күйүүчү май ар кайсы өлкөлөрдөн келип жатканына байланыштуу сапаты ар кандай болуп жатканын билдирген.
Айрыкча АИ-95тин сапаты түшүп кеткенин айдоочулардын басымдуусу ырасташууда.
"Жаңы машинелерге АИ-95 үлгүсүндөгү гана бензин куюш керек. Бирок азыр сатылып жатканын куйсак, кызыл күйүп калып жатат. Бул деген "майдын сапаты начар" деген сөз. Баасы кымбат болгону менен сапаты АИ-92дей эле болуп калды", - дейт атын атагысы келбеген Бишкектин тургуну.
Кризистен кантип чыкса болот?
Глазго университетинин евразиялык изилдөөлөр боюнча профессору Лука Анчески буга чейин "Азаттыкка" Борбор Азиядагы орус мунайына көз каранды өлкөлөр энергетикалык саясатын кайра карап чыгышы керек деген.
"Эң туруктуу абалда Казакстан турат. Өзбекстандын абалы орточо. Ал эми эң чоң тобокелдик Кыргызстан менен Тажикстанда. Себеби бул эки өлкө бензин, дизел жана башка мунай өнүмдөрүн" алууда Орусияга өтө көз каранды. Мындан тышкары, алардын өзүндө күйүүчү майды жетиштүү көлөмдө кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү да жок. Ошондуктан бул кризис электр энергиясын өндүрүүгө эмес, биринчи кезекте күндөлүк жашоонун кымбатташына таасир этет. Күйүүчү май кымбаттаса же тартыш болсо, анын кесепети дароо эле транспортко, айыл чарбасына жана жалпы экономикага тийет".
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экономист Элдар Абакиров мамлекет өзүндөгү мунайды өндүрүү менен абалды жеңилдетсе болот дейт. Муну менен катар тартыштык өлкөдө электр менен жүргөн автоунаалардын санын көбөйтүшү мүмкүн деген пикирде.
Элдар Абакиров
"Күйүүчү майдын кымбатташы түздөн түз Украинадагы согушка байланыштуу. Андан тышкары Ормуз кысыгындагы абал, Иран менен АКШнын мамилеси андан чоң таасир этүүдө. Баанын кымбатташы албетте, бардык товардын баасына таасир этет. Анткени күйүүчү майдын көбү машине менен ташылып келет. Азыр эми майды Кытайдан алабыз деп жатабыз. Ал канча убакытка чейин туруктуу келерин убакыт көрсөтөт. Бирок колдон келсе күйүүчү майды өзүбүз өндүрсөк жакшы болмок. Кыргызстандын өзүндө 10-15 жылдык мунай кору бар. Ошону иштетсек болот. Азыр "Кыргызнефтегазды" модернизация кылабыз деп жатышат. "Жунда" заводу бар. Ошол эки-үч чоң завод бириксе, Кыргызстандын муктаждыктарын 100% болбосо дагы жапмак. Майдын кымбатташы эми электр менен жүргөн машинелердин санын дагы көбөйтүшү ыктымал. Менин баамымда азыр 10-15% машине электр менен жүрсө, ушул кырдаал улана берсе 25-30% чыгып кетиши мүмкүн".
Дагы караңыз
"Орусиядан күйүүчү май ташуу дээрлик токтоду". Кыргызстанда бензин тартыш, баасы кымбат14-июлда кыргыз өкмөтү тартыштык жаралбашы үчүн мунайды жана мунай заттарын сыртка ташып чыгарууга тыюу салган.
Ага чейин АИ-95 үлгүсүндөгү бензин атайын токтомдун негизинде социалдык маанилүү товарлардын тизмегинен чыгарылган.
Өкмөт өз чечимин “экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнүн калкын күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз жабдуу, улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү” максаты менен түшүндүргөн.
Андан тышкары өкмөт күйүүчү май ташыган жана саткан ишканаларга 25-майдан тартып убактылуу субсидия бере баштаган. Ал 30-сентябрга чейин уланары маалымдалган.
Орусиянын мунай өндүрүүчү заводдоруна акыркы айларда украин дрондорунун чабуулдары күчөп, ири ишканалар өрттөндү. Июнда да, июлда да бир нече завод аткылоого кабылды.