Соң-Көлдөгү жайыт талашка түштү

Соң-Көл

Соң-Көл жайлоосундагы 15 миң гектардан ашуун жайыт жер Кочкор жана Жумгал районунун малчыларынын талашына түштү. Кочкордун жергиликтүү бийлиги "бул жерди Жумгалдан 2020-жылга чейин ижарага алганбыз" деcе, жумгалдыктар "малыбыз батпай калды" деп каршы болууда.

Кочкор районунун Шамшы айылынын тургуну Уларбек Абдрасуловдун асыл тукум деп эсептелген Тянь-Шань породасындагы миңге чукул кою бар.

Ал буга чейин Кочкор районунун ички жайлоолоруна малын жайып келген. Бирок ушул жылы айыл өкмөт башчысынан "ички жайытты кыштоого сактайбыз, жайкысын Соң-Көлгө көчкүлө" деген тапшырма алган.

Бир ай мурдараак миң коюн айдап, Соң-Көл жайлоосуна барганы менен ал жерди мурдатан байырлаган жумгалдыктар Уларбектин коюн батырбай, "ары айда, бери айда" деп өгөйлөп жаткан экен:​

Уларбек Абдырасулов.

- Эми ал жайытта кымындай эле жер бөлүп берип коюптур. Мен отурган жерге менин коюмду жайганга болбойт экен. Мен баккан кой асыл тукум болгондон кийин өзүнчө жайышым керек. Менин чарбам райондогу бирден бир асыл тукум заводдордун бири. Союз убагынан калган тоо меринос породасындагы койлордун тукуму. Жайыттын айынан бир айдан бери арыктап да бүтүштү. Жайыт комитетине кайрылсак, жооп бербей коюшту. Шарт боюнча мага өзүнчө жайыт бөлүп бериши керек болчу. Жайыт маселеси азыр курч. Бизди "бул жакка жайба, тигил жайытка алып бар" деп кубалап жатышат.

Ал эми Жумгал районунун малчылары болсо "өзүбүздүн малыбыз араң батып жаткан жайлоого башка райондун малы келип алды" деп, ижарага берген Жумгал районунун бийлигине нааразы. Алардын бири Адил Шайхидинов буларды айтты:

- Эми өзүңөр ойлоп көрсөңөр, Кочкор кайда, Жумгал кайда! "Биздин жайлоолорго Кочкордун кандай тиешеси бар?". Эл нааразы болуп атат. Быйыл Соң-Көлдө чөп жок. Жайытка чыккан мал оңолбой жатат. Анан өзүбүздүн малыбыз батпай жатса, башкалардын кереги барбы? Анын үстүнө кочкорлуктар топоз менен келиптир. Топоз өзгөчө жут болот экен. Жердин барын такырайтып салды.

Суусамыр жайлоосу.

Эки райондун бир пикирге келе албаган малчылары өткөн айда мушташканга чейин барган. Анткени Кочкордон көчүп барган кыркка жакын чабан малын батыра албай, айрымдары келген жагына кайра кетүүгө аргасыз болгон.

Өкмөттүн Нарындагы өкүлүнүн орун басары Касен Азизов алардын маселеси чечилип, малчыларды ынтымакка чакырганын айтты:

- Биз эл менен сүйлөштүк, алар өздөрүнүн сунуштары менен дооматтарын айтышты. Бир пикирге келдик. 2020-жылга чейин келишим түзүлгөн, жерди кочкорлуктар пайдаланып, малын жайып, пайдаланмай болду. Эч кандай талаш-тартыш болгон жок. Малчылар менен да сүйлөштүк.

Деген менен кочкорлук чабан Уларбек Абдырасулов өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгү талаштуу жайытты толук чечпегенин, өкмөттүн токтомунун негизинде убактылуу колдонулууга берилген жайыт жерлерди туура пайдалануу үчүн түшүндүрүү иштери толук жүргүзүлбөгөнүн айтты:

- Чечсе ушинтип жүрмөк белек? Казыкты сайып, желек коюп, "бул райондун чеги" деп атайын белги коюп коюшу керек эле да! Ошондо маселе чечилет эле, антишкен жок. Келип сүйлөмүш болуп эле кетип калышты. Болбосо бизди ички жайыттардан кубалабай эле коюшса болот беле, убара кылбай?

"Кочкор районундагы ички жайыттардын кыртышы бузулуп, такырайып кетти" деген негиз менен Кочкор районунун жетекчилиги быйыл малды башка жайытка эки жылга чейин жаюу тууралуу токтом чыгарган.

Соң-Көл жайлоосуна Нарын облусунун Жумгал, Ак-Талаа, Нарын жана Кочкор районунун малчылары жайлашат. Ал эми аталган жайлоодо Кочкор районуна тиешелүү жалпы 16 миң гектарга чукул жайыт бар.

Тасмада: Миң койлуу фермердин кыялы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Миң койлуу фермердин кыялы

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.