Айтматовдун каармандары кыргызга үлгү

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы аялдардын образы - улутубуздун руханий-адептик мурасын сактоодо, жайылтууда зор өбөлгө

Коомдун руханий-адептик мурасын сактоо жана жайылтуу максатында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы аялдардын образын окутууда жашоонун, үй-бүлөнүн ачкычы болгон, адамдын адамдык даражасын көтөргөн, атагын арттырган так ушул аялзаты экендигин жаш жеткинчектерге айтып, аял каармандардан кандайдыр бир таалим алууга үндөө милдети турат.

Үй-бүлөдө эркек киши баарына баш болуп, тирек болсо, аялзаты - ошол тутканы бекем кармаган айныгыс кеңешчи. Элибиз абалтадан бери эле аялзатына урмат менен мамиле жасап, алардын айткан кеп-кеңешин жерге таштабай, акыл калчап, омоктуу ойлоруна баа берип, келишкен.

Ч.Айтматов өз чыгармаларында аялдардын кылган иши адам баласынын жашоосунда өзгөчө орунду ээлерин белгилеген.

“Балалыгымдын башталыш курагын чоң энем Айымкандын жаркын элеси менен энчилеш эстейм. Атам да андан көп нерселерди үйрөнүптүр жана дайыма ошондой энеси болгон үчүн сыймыктанчу. Чоң энемдин башынан ак элечек түшчү эмес. Биздин калк каадасына караганда мындай элечекти бир үйдүн нарктуу-салттуу байбичеси гана кие алат эмеспи.

Чоң энем өз өмүрүндө үч кыз, эки уул көрүптүр. Ошол кыздарынын бири Карагыз апамдын да менин балалыгымдагы орду өлчөөсүз зор”, - деп белгилейт даанышман жазуучу өзүнүн “Балалыгым” аттуу аңгемесинде.

Даанышман, улуу инсаныбыздын калк кадырына ээ болгон жазуучу болушуна ушундай нарктуу аялзатынын таасири тийген. Аны жазуучу өзүнүн көпчүлүк чыгармаларында аялзатынын адамзат турмушундагы ролу абдан чоң экенин белгилейт.

Согуштун каарында калган союздук республикалардын катарында Кыргызстандын эли да көп кайгы тарткан. Канчалаган энелер баласыз, жаш балдар атасыз, керилген келиндер күйөөсүз калат. Ошондой болсо да белди бек бууган энелер, жаш келиндер кайратмандык менен колхоздо иштеп, өздөрүн эле эмес, балдарын да татыктуу багып, тарбиялоого жетише алышкан. Буга мисал катары “Атадан калган туяк” аңгемесин айтууга болот.

Чыгармадагы Жээнгүл өзүнүн жалгыздыгына, аялзаты экенине карабастан, сүйүктүү күйөөсүнөн калган жалгыз туягын атасыз дедирбей, эч нерседен кем кылбай тарбиялоо үчүн көптөгөн жерлерде иштөөгө аракет жасаптыр.

Азыр ушундай көрүнүшкө чекеден эле туш боло бербейсиз. Күйөөсү өлсө, ага аза күтмөк турмак, көр тириликке шылтоо менен өз баласын же апасына же дагы бир жакын туугандарына таштай салып, башка өлкөгө иштөө үчүн кете беришет эмеспи. Анан кээси турмушка чыгат, кээси ал жакта да жолу болбой, баласын да тарбиялай албай, талаадан иштемиш болуп жүрө беришет. Мындай көрүнүштү энелик милдетке жоопкерчиликсиз мамиле жасаган кайдыгерлик десе болот.

Жээнгүлдүн сабырдуулугу, эмгекчилдиги, мээримдүүлүгү, сүйүктүү жарынан калган жалгыз туякка камкор эне экендиги баланын кызыкчылыгын, келечектин кызыкчылыгын ойлогон аялзатынын үлгүсү катары өсүп келаткан кыздарыбызды тарбиялоого болот.

“Ак кеме” повестинде Бекей куу этек шордуу, балдары болсо этегине ырыс толуп, бешенесине күн конмок.

Бекейди кара мүртөз Орозкул бала төрөп бербеди деп сабаса да, баарын чыдамдуулук менен көтөрөт, дароо эле кол шилтеп кетип калбайт. Азыр кыздарыбыз төрөмөк турмак, кайра, баладан алыс болуп, өздөрүнүн гана кызыкчылыгын ойлоп жатышпайбы.

“Саманчынын жолу” повестинде чыныгы кайратман эненин образы берилет. Автор аялзатынын башына эмне түшпөсүн, ал көйгөйдү назиктигине же алсыздыгына салбай, тескерисинче чыйралып, кайталангыс кадамдарды жасарын Толгонайдын образы аркылуу чагылдырган.

Үй-бүлөсүндөгү болгон эр жүрөктөрүнүн баарынан айрылган Толгонай кайгырып, мөгдүрөп жатып калган жок. Тескерисинче Субанкул башкарган бригадирликти колуна алып, белди бек бууп, келечекке кадам таштай баштады.

Ушундай кайратман аялзатынан биздин жаштарыбыз таалим алууга неге болбосун. Толгонай өз балдарын атасы Субанкулдай жалтанбас, мээнеткеч, намыскөй кылып тарбиялагандыктан, согушта жалтайлап качып кала берген жок.

“Гүлсарат” повестинде керемет аялзаты - Жайдар. Жайдар дегенчелик эле айкөл сапатка ээ. Айкөл дебей анан не дейбиз, Танабай Гүлсарыны минип дуулап жүргөн учурда, Бүбүжанга ашык болуп, эч нерсеге карабай, өзүнүн керт башын ойлоп калган мезгилде, короодо кой карап, сабыр менен күйөөсүн күттү. Өзүн эмес, Танабай экөөнүн келечегин ойлоду. Бул - Жайдардагы даанышмандык.

Эгер азыр жаш келиндерибиздин тагдыры Жайдарга окшоп кала турган болсо, чоң жаңжалды салуу менен, үйдөгү тиричиликти жайгармак турмак, кийимин түйүп төркүнүнө кетет. Танабайды Танабай кылган да ошол Жайдар. Ал болбосо, короо-короо кой эмне болмок да, Танабай ошончо ийгиликке жетишмек эмес. Сакмалчылары бар, алар койлорун каралашат, бирок үйдүн очогун тутанткан аялзаты болбосо, эркектин иши оңолбойт эмеспи.

Кыргызда бекеринен: “Эркекти эр кылган да аял, кара жер менен тең кылган дагы аял”, - деп бекеринен айтышпаган сыяктуу.

Бул көрүнүш жаштарыбызга үй-бүлө очогун сактап калуу, баланы атасыз калтырбоо - кайталангыс, чыныгы тарбия экендигин аңдатат.

Ал эми “Делбирим” повестичи? Бул повестте өзгөчө сапаттарга эгедер аялзаты - Кадийча.

Кадийча турмуштан жолу болбогон, жашоону башкача көз караш менен караган, ошол эле учурда өз сүйүүсү, бактысы үчүн да күрөшүүгө даяр аялзатынан. Анын бузуку катары көбүрөөк айыптайбыз. Ооба, ал бир үй-бүлөнүн бузулуп кетишине себепчи болду, бирок өз бактысы үчүн күрөшүүгө аракет жасады. Андан майнап чыкпаганын түшүндү да, Ильяз экөөнүн ортосунда эч кандай кармап турган үй-бүлөлүк биримдик калбаганын түшүнүп, жакшылыкча гана бакыт тилеп, ажырашууга мажбур болду. Ошол акыркы чечкиндүүлүгү менен ал Ильяздын эсинде калды.

Адам жаңылат, бирок аны баары эле сезе бербейт, акылдуулар гана жаңылыштыгын мойнуна алат, мына ошолордун бири - Кадийча. Биз адамбыз, бизден да ар кандай жаңылыштыктар кетип турат, ошону кеч болсо да түшүнүү, кайра туура жолго кадам шилтөө керектигин жаш муундарга айтуу керек.

Айрымдары катачылыктарын сезип турса да, башкалардын алдында кемсинем деген куру намыс менен жүрө берет, бул туура эмес экенин Кадийчага окшогон каармандардын жасаган кадамдарын мисал кылып, балага жеткирүү керек.

“Биринчи мугалим” повестинде биз жолуктурган аялзаты - Алтынай. Алтынай чыныгы кыргыздын сыймыктуу кызы болуп, профессорлук наамга чейин жетишине Дүйшөндүн гана таасири дейбиз. Бирок бул жерде Алтынайдын да талыкпаган эмгеги жатат. Мында кыргыз кыздарынын жан дүйнөсүндөгү чыныгы жоопкерчилик, намыс, аракетчилдик, эмгекчилдик бар. Эгер Алтынайда биз санап өткөн сапаттардын бири болбосо, андай ийгиликке жете алмак эмес.

Анын жөнөкөйлүк сапатын жаш муундарга айтып, жөнөкөйлүк - чыныгы адам катары калыптануунун чоң себепкери экенин түшүндүрүүбүз абзел.

Москвадан билим алып, профессор, академик болгон айымды айыл эли сыйлап төргө отургузганда, бул орундукка мен эмес, Дүйшөн отурушу керек эле деген ойго келет. Мында анын бийик адамгерчилиги, жакшылыкты эч качан унутпаган, окумуштуулук даражасына көөп кетпеген жөнөкөйлүгү көрүнүп турат. Ошол сыйлуу жерге отуруудан уялып, тез эле кетүүгө мажбур болот. Керек болсо, аны сыйлаган элге да таарынган сыяктуу. Дүйшөндү аяп, жолдо өзүнүн бактысына, келечегине жол ачкан “Биринчи мугалимин” сагынып да, ыраазы болуп да, нааразы болуп да, миң түркүн ойлордун туткунунда шаарга кетет...

Ал эми чыныгы аялзатын оор сыноодон өткөргөн Ч.Айтматовдун повесттеринин бири - “Бетме-бет”.

Бул повестте Сейденин татаал тагдыры өзгөчө нукта баяндалат. Ал бирде качкынга кошулуп, күйөөсү Ысмайылдын жасаган кадамдарына макул болсо, кийин анын адамгерчиликсиз, айбандык бет кабы ачыла баштаганда, аны менен бетме-бет күрөшүүгө өтөт. Өз колу менен кармап берет.

Сейде абдан жароокер, жугумдуу, илбериңки, эмгекчил, алган жарынын сүйүктүүсү эле. Ошол илбериңкилигин, назиктигин, туруктуулугун Ысмайыл өз колу менен барча-барча талкалады. Анын жесир Тотойдун, чиедей балдарынын уюн уурдап, жеп, анысы аз келгенсип: “Мен согуштан ачкадан өлөм деп качкан эмесмин. Өлгүсү келгендер өлө берсин. Мен жөн эле өлө койбойм, мен жейм, мен уурдайм...” - деген сыяктуу сөздөрү, бир түндө Сейденин капкара чачын куудай агартат.

Ал Ысмайылды жашырып жүргөн күндөрүнө өкүнөт да, дароо эле аны менен күрөшүүгө өтөт. Антпесе күйөөсү чектен чыгып кетмек. Дегеле ошондой оор жүктү Сейде көтөрө да алмак эмес.

Бул чыгармада да Ч.Айтматов чыныгы кыргыз аялдарынын тээ байыркы замандардан бери эле адилеттик үчүн күрөшүүчү экенин белгилеп кеткен.

“Кылым карытар бир күн” романында да бир канча аялзаты сүрөттөлөт. Алардын негизгилеринин бири - Үкүбала. Ал Эдигейдин тагдырына тагдырлаш, бирге туруп, бирге баскан, оор күнүндө таштап кетпеген, климаты татаал Борондуда да Эдигей менен бирге бактылуу турмуш кечире алган аял.

Сүйүүнүн сурап келбес ооручурларында (Эдигейдин Зарипага көңүлү түшүп, аны кыя албай жүргөн маалында), өмүрлүк жолдошуна түшүнүү менен мамиле жасап, сабырдуулугунун натыйжасында өз үй-бүлөсүн сактап калат.

Чиедей балдары менен Абуталиптен ажыраган Зарипа балдарынын келечегин ойлоп, Борондудан кетет. Эдигейдин турмушун бузгусу келген эмес. Ушундай мүнөздөгү аялдар жана алардын ар бир таштаган кадамы биз үчүн кайталангыс тарбия.

Азыр биз түшүнүксүз бир заманга кептелдик, баарыбыз эле Европадагы жашоону каалайбыз, бирок андай турмушта жашоо болбой турганын аңдап, түшүнө албайбыз. Ар бир улуттун өзүнө гана таандык улуттук көрөңгөсү, баалуулуктары бар. Ар кимдин жашоосуна көз артып жүрүп же европалашкан үй-бүлө эмес же кыргыз үй-бүлөсү эмес, ара жолдо калган арабөк байкушка окшойбуз.

Биз үчүн ушул шартта Ч.Айтматовдун чыгармалары кайталангыс тарбиянын башаты боло алат.

Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы аялдардын образынан сабырдуулукту, сый-урмат көрсөтүүнү, жумшактыкты, кечиримдүүлүктү үйрөнөбүз. Бир эле кыз үчүн эмес, эркек балдарда келечекте кандай кыздар менен баш кошуп, түтүн булатса, өзүнө да, ата-энесине да, бала-чакасына да жакшы натыйжа бере турганын сөзсүз ойлонот десек жаңылышпайбыз. Кыздын ички сулуулугу менен сырткы келбети шайкеш келип, сүйлөгөн сөзү таттуу шербет сыяктуу, кулакка жагымдуу, жасаган иши менен да дал келип турса, бир эле үй-бүлөнүн бактысына жаралган аял эмес, бүтүндөй кыргыз элинин нарк-нускасын сактаган, кадыр-баркка ээ болоруна ишенүүгө болот.

Ар бир эле адамдын жашап өткөн өмүр жолу, тагдыр-таржымалы тарых үчүн кызмат кыла бербейт. Ар бирибиз жеке индивидуалдуу инсан болуп калыптанышыбыз үчүн эң сонун идеялар, керемет ойлор менен талыкпас тарбия керек. Кылымдар кыйырын басып өткөн кыргыз элинде не бир түгөнгүс элдик тарбия жатат. Алар азыр профессионал кыргыз адабиятында да берилет. Биз улуттук уңгу менен өз кыздарыбызды көркөм чыгармалардагы тарбияга карк кайталангыс сапаттар менен өстүрсөк, анда келечектеги чыныгы кыргыз энелерин тарбиялаган болор элек.

Надырбаева Кутбү Өзүбековна

Жалал-Абад шаары

Билим берүүнүн отличниги

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.