Рубионун Самарканд сапары. АКШнын аймакты бооруна тартуу аракети

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио. Архив.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 17-22-октябрь күндөрү Өзбекстанда болот. Самарканд шаарында АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгына арналган «С5+1» форматындагы жыйынга катышат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери чакырылган.

АКШ президенти Дональд Трамп администрациясы аймак менен соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого жана Вашингтондун стратегиялык катышуусун кеңейтүүгө умтулуп жаткан маалга туш келген сапардын алкагында бир катар жолугушуулар пландалган.

Рубиону Өзбекстанга америкалык ири компаниялардын 200дөн ашуун жетекчиси коштоп барат.

Акыркы мезгилде АКШнын Борбор Азиядагы маанилүү кен байлыктарга, энергетикалык ресурстарга жана транспорт коридорлоруна болгон кызыгуусу артып жатат. Аймактагы өлкөлөр, өз кезегинде, тышкы өнөктөштөрдүн чөйрөсүн кеңейтип, салттуу державалардан көз карандылыгын азайтууга аракеттенүүдө.

АКШдагы Хадсон институтунун улук илимий кызматкери Кен Мориясу Рубионун сапарын Вашингтондун Борбор Азия менен алакасын жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган кадамы деп баалайт:

«АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мурда болуп көрбөгөндөй кызматташууну, бул сапарды биринчи кадам деп сыпаттаса болчудай.»

Орусия жүргүзгөн согуш Вашингтонго мүмкүнчүлүк ачууда

Орусия Украинага каршы согуш башташандан бери Москва өз көңүлүн жана ресрустарын ошол жакка буруп, башка өлкөлөргө Борбор Азия менен кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзүлдү.

Ортоңку коридор

Алсак, Кытай соода алакасы, инфраструктурага салган инвестициясы жана «Бир алкак, бир жол» демилгеси аркылуу аймактагы таасирин кыйла кеңейтти.

Мориясунун айтымында, Борбор Азия өлкөлөрү бул ири державалар ортосунда тең салмактуулукту сактоого умтулуп, Орусиядан көз карандылыкты Кытайга байланып калуу менен алмаштырууну каалашпайт:

«Борбор Азия өлкөлөрү Орусиянын үстөмдүгүн Кытайдын үстөмдүгүнө алмаштыргысы келбейт».

Анын айтымында, ушул себептен аймактагы мамлекеттер Вашингтон жана Европадагы өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар.

Мориясу белгилегендей, АКШнын максаты аймактагы өлкөлөрдү Орусиядан же Кытайдан оолактоого мажбурлоо эмес, Евразиянын стратегиялык жактан маанилүү бөлүгүндө америкалык таасирди сактап калуу болуп саналат.

«АКШ бул өлкөлөрдү Орусияны же Кытайды сындап, тарап алмаштырып, Батыштын союздаштарына айландырууга аракеттенбейт. Мисалы, Вашингтон Казакстан менен Өзбекстандын НАТОго мүчө болушун талап кылбайт», - деди эксперт.

Анын пикиринде, экономикалык жана дипломатиялык байланыштардын чыңдалышы АКШга камсыздоо түйүндөрүнүн коопсуздугун бекемдөөгө, соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана аймакта кайсы бир державанын ашкере үстөмдүк кылуусуна жол бербөөгө жардам берет.

Соода, минералдар жана регионалдык байланыш

Рубиону бул сапарда коштоп келчү 200дөн ашуун бизнес өкүлдөрүнөн турган делегация Трамп администрациясынын экономикалык дипломатияга өзгөчө көңүл буруп жатканын көрсөтөт.

Вашингтон Борбор Азия менен кызматташтыкты тереңдетүү аркылуу көбүрөөк инвестиция тартып, экономиканын ар кыл тармактарында жаңы бизнес келишимдерине жол ачууга үмүт артууда.

Президенттердин С5+1 форматындагы кездешүүсү. Вашингтон, 6-ноябрь 2025-жыл.

Бул кызматташтыкта кен байлыктары негизги багыттардын бири болгону менен Борбор Азиянын стратегиялык мааниси анын Кытай, Орусия, Түштүк Азия жана Европа ортосундагы стратегиялык региондо жайгашканы менен да түшүндүрүлөт. Өзгөчө Орусияны кыйгап өткөн альтернативдүү маршруттарга болгон кызыгуу өскөн шартта аймакты дүйнөлүк рыноктор менен байланыштырган транспорт каттамдары барган сайын маанилүү болуп жатат.

Мориясу Борбор Азияны Каспий деңизи жана Түштүк Кавказ аркылуу Европа менен байланыштырган Ортоңку коридорду бул стратегиялык мүмкүнчүлүктүн маанилүү бөлүгү катары атады. Анын пикиринде, бул долбоорго америкалык компаниялардын көбүрөөк тартылышы АКШнын аймактагы узак мөөнөттүү экономикалык кызыкчылыктарын бекемдөөгө жардам берет.

Эксперт белгилегендей, сапардын ийгилиги жогорку деңгээлдеги жолугушуулар менен эле чектелбестен, анын натыйжасында конкреттүү инвестициялык милдеттенмелер жана туруктуу коммерциялык кызматташтык боюнча макулдашууларга жетишилип-жетишилбегенине жараша бааланат.

Өзбекстан Вашингтон менен тыгыз алаканы көздөйт

Бийик деңгээлдеги жыйын өткөрүү Өзбекстанга Вашингтон менен алакаларды чыңдоого жана өзүн аймактык дипломатиялык борбор катары көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бермекчи.

Президент Шавкат Мирзиёев көптөн бери АКШ менен кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруп келет. Маалыматтарга ылайык, Вашингтон Мирзиёевди жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди декабрда Майамиде өтө турган Чоң Жыйырманын (G20) саммитине чакырган.

Мындай аракеттер АКШнын президенти Дональд Трамптын Борбор Азияга визит менен барышы мүмкүн деген божомолдорго жем таштады. Эгер мындай сапар ишке ашса, кызматтагы америкалык президент аймакка алгачкы жолу барат. Бирок азырынча андай сапар расмий ырастала элек.

Мориясунун пикиринде, Рубионун сапарынан кийин Борбор Азия лидерлери G20 саммитине катышып, андан соң келерки жылдын башында америкалык президенттин сапары уюштурулушу мүмкүн. Ал ошондой эле АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс менен Казакстандын вице-президентинин ортосунда туруктуу байланыш каналын түзүү маселеси талкууланып жатканын белгиледи.

Мындай кадамдар Вашингтонго аймак жетекчилери менен карым-катышты өөрчүтүүгө мүмкүнчүлүк бермекчи. Бирок азырынча бул жаатта так чечимдер кабыл алына элек.

Азербайжан C5+1 жыйындарына кошулушу мүмкүнбү?

Америкалык тышкы саясат кеңешинин улук илимий кызматкери жана Борбор Азия-Кавказ институтунун программалар боюнча директору Лаура Линдерман Рубионун C5+1 форматындагы жолугушууга катышуусунун өзү эле чоң жетишкендик экенин белгиледи.

Эксперттин айтымында, эгер бул формат кеңейтилип, ага Азербайжан кошулса жана C6+1 форматына айланса, демилгенин мааниси дагы да артмак.

«Эгер АКШ форматты C6+1 кылып кеңейтип, Азербайжанды да анын курамына кошсо, бул иш-чара мындан да чоң ийгилик катары бааланмак», - деди Линдерман «Азаттыкка».

Ал Борбор Азия менен Түштүк Кавказдын ортосундагы экономикалык, географиялык жана эл ортосундагы байланыштар барган сайын бекемделип жатканын белгиледи. Айрыкча Каспий деңизи аркылуу өткөн транспорт коридорлорунун мааниси өскөн сайын.

Бирок Азербайжандын форматка кошулушу азырынча АКШнын расмий саясаты катары жарыяланган жок. Линдермандын айтымында, аймактагы өкмөттөр өздөрүнүн тышкы саясаттагы артыкчылыктарын жакшы түшүнүшөт жана азыркы жагдайды Вашингтон менен кызматташтыкты тереңдетүү үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк катары баалап жатышат.

Өзбекстандагы сапарынан кийин Рубио Индияга быйылкы жылдагы экинчи расмий визити менен барат. Мумбай жана Жамнагар шаарларында өкмөт өкүлдөрү жана бизнес лидерлери менен эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн, аймактык жана эл аралык окуяларды, энергетикалык кызматташтыкты жана инвестициялык долбоорлорду талкуулары күтүлүүдө.