Путин президенттик шайлоого катышат

Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2018-жылы өтө турган шайлоого катышат. Бул тууралуу Орусиянын лидери 6-декабрда ГАЗ автомобиль заводунун 85 жылдык мааракелик салтанаты учурунда жар салды.

Орус президенти Владимир Путин кийинки жылы өтчү шайлоого катышар-катышпасын көптөн бери айтпай келген. Бул боюнча суроолорго орус лидери түз жооп бербей, айрым учурда тамашага салып, кээде ойлонорун айтып кутулчу.

6-декабрда "Ыктыярчылардын бүткүл орусиялык форумунда" президенттик шайлоо боюнча жакын арада жарыяларын билдирген.

Ошондон эки саат өтпөй Новгороддогу ГАЗ заводунун 85 жылдык мааракесинде жумушчулардын бири президентке кайрылды:

- Бүгүн ыктыярчылардын форумунда сизден "Президенттик шайлоого талапкерлигиңизди коесузбу?" деп сурашканда, эл колдосо катышарыңызды айттыңыз. Бүгүн ушул залга чогулган элдин баары, бири калбай сизди колдойт. Владимир Владимирович, бизге белек кылып, өз чечимиңизди жарыялаңыз. Биз сизди колдойбуз, ГАЗ сизди колдойт. Ушундайбы? Келгиле, баарыбыз чогуу айталы! Биз сизди колдойбуз!

Ушундай ураандан кийин Владимир Путин көптөр күткөн чечимди жарыялады:

- Чындыгында бул тууралуу жарыялаганга мындан мыкты жер жана шылтоо болбосо керек. Колдогонуңарга рахмат. Мен Орусия Федерациясынын президенттигине өз талапкерлигимди коем.

Путин ГАЗ заводунун 85 жылдык мааракесинде президенттикке ат салышарын жарыялады.

​Путин президенттик шайлоого кандай жол менен аттанары азырынча белгисиз. Анын алдында үч жол бар: парламенттик көпчүлүктүн атынан катышуу, "Бирдиктүү Орусия" партиясынан аттануу же өзүн-өзү көрсөтүү.

Буга чейин Путин эки жолу өзүн-өзү көрсөтсө, бир жолу "Бирдиктүү Орусиянын" талапкери катары ат салышкан.

Орусиядагы 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышарын теле алып баруучу Ксения Собчак, "Яблоко" партиясынын лидери Григорий Явлинский, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский жана ишкер Сергей Полонский жарыялаган.

Өлкө башчылыгына ат салышуу ниетин оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный да билдирип келет. Бирок бийлик оппозициялык саясатчыны "Кировлес" ишканасы боюнча айыптуу деп табылганын жүйө келтирип, анын шайлоого катыша албасын ачык айткан. Навальный буга карабай шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүнү улантууда.

Путиндин билдирүүсүнөн кийин Алексей Навальный "Твиттерге" "Алдамчы Путинге өзүңөрдү алдоого жол бербегиле" деп жазды.

Кийинчерээк "Ал бийликте 21 жыл болгусу келет экен. Менин пикиримде бул абдан көп", - деп кошумчалады.

Путинди тарапташтары 1990-жылдардагы Орусиядагы кризис сазынан алып чыккан саясатчы катары сыпатташат. Буга кошумча "чечен согушунан соң өлкөдө тартипти жана туруктуулукту орнотту" деп макташат.

Ал эми сынчылар, тескерисинче, Владимир Путин Советтер Союзу кулаган 1991-жылдан кийин Орусия демократия жана адам укугу жаатында жеткен ийгиликтерин жокко чыгарды деп эсептешет.

Жарандык активисттер жана укук коргоочулар Путиндин бийликтеги үчүнчү мөөнөтүндө Орусиянын АКШ, Евробиримдик жана НАТО менен мамилеси начарлаганын айтышууда.

2014-жылдын мартында Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алганы жана Донбасстагы куралдуу кагылыштарга катышканы үчүн Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизген.

Ал эми Кошмо Штаттар Орусиянын АКШда 2016-жылы өткөн президенттик шайлоого болжолдуу кийлишкени үчүн дагы кошумча санкция жарыялаган.

Путиндин 2018-жылкы шайлоого катышуу жарыясы Эл аралык Олимпиада комитетинин орус спортчуларына байланыштуу чечимине туш келди. Комитет бир күн мурда Орусиянын курама командасын кийинки жылдын февраль айында Түштүк Кореяда өтчү кышкы Олимп оюндарынан четтетүү чечимин кабыл алган. Анткен менен эл аралык уюм таза спортчуларга нейтралдуу желек алдында мелдештерге катышууга уруксат берген.

Путин Орусияны 1999-жылдын аягынан берип башкарып келет.

65 жаштагы Владимир Путин Орусияны 1999-жылдын аягынан бери башкарып келатат. Анын ичинде 13 жыл президент болсо, төрт жыл өкмөт башында турган. Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылдын 18-мартында өтөт.

Эгер бул шайлоодо жеңип чыкса, Путин өз президенттигинин төртүнчү мөөнөтүнө киришип, 2024-жылга чейин бийликте турууга мүмкүнчүлүк алат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.