Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Орусия: Владимир Путиндин туулган күнү митингдер менен коштолду


Орусиядагы Навальныйды колдогон митингдер
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

Орусиядагы Навальныйды колдогон митингдер, 7.10.2017

7-октябрда президент Владимир Путин 65 жашка чыккан күнү Орусиянын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өттү. Миңдеген демонстранттар Путинди кызматтан кетүүгө үндөп, бийликке оппозиционер Алексей Навальныйды шайлоого катыштыруу талабын коюшту. Орусиянын шаарларында 300гө чамалуу киши кармалды.

7-октябрь - Орусиянын президенти Владимир Путиндин туулган күнүндө Москвадагы Александр Пушкиндин эстелигинин алдында нааразылык жыйынга чогулган жүздөгөн демонстранттар Тверь көчөсү менен Кремлди көздөй бет алышты.

Чогулгандар «Алексей Навальныйга эркиндик!», «Навальный – биздин президент», «Туулган күнүң менен!», «Путин – Конституциянын кепили», «Кулдардын бийлиги кетсин», «Путинди пенсияга», «Путин - ууру» деп кыйкырып баратышты. Полиция үн күчөткүчтөр аркылуу Пушкин аянтында топтолгондорду «өтүп бараткандарга тоскоол болбой» тарап кетүүгө үндөп жатты.

Москванын бийлиги уруксат бербесе дагы, акциянын башталышында полиция эч кимди кармаган жок. Саясий аналитик Валерий Соловей полиция көчөгө көп деле эл чогулбайт деген таризде «»жумшак мамиле» жасаганын белгиледи. Анын үстүнө акциянын негизги демилгечилери буга чейин кармалып, камакка алынышканы маалым.

Бир нече күн мурун жарыяланган нааразылык чарасына чындап эле Навальный март жана июнь айларында уюштурган массалык митингдерге салыштырганда аз киши катышты. Анда миңдеген кишилер көчөлөргө чыгып, жүздөгөн адамдар кармалган эле.

7-октябрда чогулгандар түш оой тарай башташты. Жамгырда калгандардын көбү үйлөрүно кайтса, жаштар Пушкиндин эстелигинин алдында советтик ырларды ырдап турушту. Кечке жуук москвалыктар Кремлдин дубалдарынын жанына топтолуп, Навальныйдын камактан чыгарылышын талап кылып, таң аткыча турарын билдиришти.

Санкт-Петербургда шаар бийлиги уруксат берилбеген нааразылык жыйынына чыккандарга катаал мамиле жасады. Путиндин кичи мекенинде бир жарым миңдей киши Марс паркына чогулушту. Полиция кеминде 66 кишини кармады. Интернетте полициянын желим таягы башына тийип, канжалаган аялдын сүрөтү тарады. Навальный түзгөн Коррупция менен күрөшүү фондунун мүчөсү Георгий Албуров 500 рублей айыпка жыгылды. Андан кийин Элдар Дадинди дагы полиция кармап кетти.

Питердин Дворцовый аянтына Кремлди колдогон “Түнкү карышкырлар” клубунун байкерлери келип, Владимир Путиндин туулган күнүнүн урматына атаандаш акция өткөрүштү.

Екатеринбург жана башка Уралдын шаарларында дагы полиция нааразылыкка чыккандарды кармады.

Екатеринбургдун Эмгек аянтында жүздөгөн кишилер топтолду. Полиция 10дон ашуун кишини атайын даярдалган автобустарга сүйрөп салып жатканын видеодон көрүүгө болот. Бир киши полиция кармаган маалда эсин жоготту, айрым маалыматта полициянын токмогунан кулап калганы айтылды. Оппозициячыл маанайдагы шаар мэри Евгений Ройзман Навальныйдын өнөктөшү Леонид Волковдун энеси менен турган сүрөтүн Твиттерге койду.

Саясий куугунтуктоолорго мониторинг жасаган ОФД-Инфо уюму жекшембинин таңына чейин Орусиянын шаарларында 290 киши кармалганын билдирди. Полиция болсо өлкөдөгү 17 аймактан 136 киши полиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, 71 кишиге административдик чара көрүлгөнүн бышыктады. “Кармалгандар орточо алганда бир сааттан эки саатка чейин полиция бөлүмүндө отурганы” Орусиянын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө белгиленет.

​Ярослав облусунда 56, Липец облусунда 24, Брянск жана Псков облустарында жетиден, Краснодар крайында 12 киши кармалган.

Укук коргоочулар тараткан маалымат боюнча Питерде 100гө жакын кишини полиция кармап кеткен. Волгоград, Ижевск, Калининград шаарларында 10дон ашуун киши кармалган.

Расмий Кремль нааразылык акцияларында кармалгандын баары бошотулганын жарыялады.

8-октябрда интернеттеги коомдук тармактарда Москвада жана Сантк-Петербургда мөөнөтсүз нааразылык чараларына чыгуу чакырыктары таркады.

XS
SM
MD
LG