Эрдоган, Мухаммед бин Салман, Шариф "Мекке коргонуу келишимине" кол коюшту

Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Пакистандын өкмөт башчысы Шахбаз Шариф Мекке шаарында коргонуу келишимине кол койгондон кийин. 7-август, 2026-жыл.

Иран менен АКШнын ортосунда жаңжал уланып, аймактагы коопсуздук боюнча чыңалуу күчөп жаткан чакта Сауд Арабиясынын, Пакистандын жана Түркиянын лидерлери 7-августта биргелешип коргонуу тууралуу келишимге кол коюшту.

Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф 7-августта Меккеде жума намазын чогуу окушту.

Андан соң үч лидер «Мекке биргелешкен коргонуу келишими» деп аталган макулдашууга кол коюшту. Анда «үч мамлекеттин кайсы бирине жасалган куралдуу кол салуу алардын баарына жасалган кол салуу катары кабыл алынары» белгиленгенин 7-августта Пакистандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Келишим Жакынкы Чыгышта белгисиздик күчөп, Тегеран менен Вашингтондун тиреши толук токтобой жаткан маалда түзүлдү.

Бирок билдирүүдө ар бир мамлекет өзүнө кандай конкреттүү милдеттенме алганы так көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле тараптардын бири кол салууга кабылган учурда келишим калган өлкөлөрдү аны коргоо үчүн кандайдыр бир конкреттүү аскердик аракетке канчалык деңгээлде милдеттүу болору белгисиз.

«Бул НАТОнун 5-беренесине абдан окшош. Анткени анда бир мүчөгө кол салуу бардык мүчөлөргө кол салуу катары кабыл алынары так жазылган. Бул жагынан алганда НАТОнун 5-беренесине окшоштугу бар. Бирок тараптардын бирине кол салуу болгон учурда бул механизм иш жүзүндө кандай иштей турганын көрүшүбүз керек», - дейт Chatham House институтунун улук илимий кызматкери Галип Далай.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган (солдо) Меккеде биргелешкен коргонуу келишимине кол коюлгандан кийин Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен кол алышып жатат. 7-август, 2026-жыл.

Серепчилер Эр-Рияд, Исламабад жана Анкаранын өз аймагындагы же коңшу өлкөлөрдөгү жикчил тенденциялар менен кыймылдарга карата көз караштары окшош экенин белгилешет. Алардын эсебинде, бул үч өлкөнү жакындаткан негизги факторлордун бири.

Мисалы, Сауд Арабиясы Иранга таянган хусилерге каршы Йемендин расмий өкмөтүн колдойт. Эр-Рияд ошондой эле Сомалидеги жикчил кыймылга каршы туруу үчүн Египет жана Сомалинин бийликтери менен кызматташтыгын күчөттү.

Өткөн айда Кувейт мамлекети Пакистан менен коргонуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө келишимди ратификациялады.

Ага эки тарап алгач 2023-жылдын июнунда кол койгон. Келишимге ылайык, Кувейт менен Пакистан аскердик даярдык, чалгын маалыматтарын бөлүшүү жана биргелешкен аскердик машыгууларды камтыган аскердик кызматташтыкты баштайт. Эр-Риядда жашаган талдоочу Масуд Алфак келишимди «аймактын коопсуздук архитектурасындагы олуттуу өзгөрүү» деп мүнөздөдү.

«Бул өлкөлөр өздөрүнө жалпы коркунучтар бар деп эсептешет жана бул өнөктөштүк агрессияны ооздуктоочу күч боло алат деп ойлошот», — деди Альфак.

Анын пикиринде, «негизги максат тирешүүгө баруу же согуштарга аралашуу эмес, аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоого көмөктөшүү».

Түркия, Сауд Арабиясы жана Пакистандын ортосундагы аскердик келишим Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдардын кесепети Перс булуңундагы мамлекеттердин өзүнө түздөн-түз жеткен учурда түзүлдү.

АКШ менен Израил Иранга сокку ургандан кийин Тегеран жана аны колдогон күчтөр Сауд Арабиясына жана башка булуң өлкөлөрүнө чабуул кое баштаган. Эр-Рияд Йемендеги хусилердин жана Ирактагы Иранга жакын топтордун жаңы соккуларынан да кооптонууда.

Бирок үч тараптуу аскердик келишим азыркы согуштан улам эле пайда боло калган жок. Аны түзүү боюнча сүйлөшүүлөр буга чейин эле жүрүп келген.

«Акыркы окуялар Иран менен АКШнын ортосундагы согуш мындай келишимдин болушу канчалык маанилүү экенин тастыктаганы талашсыз. Бирок келишим бул окуяларга түздөн-түз байланыштуу эмес. Чынында, бул боюнча талкуу көптөн бери эле уланып келет» - дейт саудиялык саясат талдоочу Абдулла Ал-Рифаи.

2025-жылдын сентябрында Сауд Арабиясы да Пакистан менен келишимге кол койгон. Стратегиялык өз ара коргонуу келишиминин (SMDA) шарттарына ылайык, эки тарап «кайсы бир өлкөгө каршы жасалган ар кандай агрессия эки өлкөгө тең каршы жасалган агрессия катары кабыл алынат» деп макулдашкан.

АКШдагы Пакистандын мурдагы элчиси Хусейн Хакканинин айтымында, Түркия үчүн үч тараптуу келишимге кошулуу «өзүнүн аскердик өндүрүшү үчүн Сауд Арабиясынын капиталын тартууга, ошол эле учурда Пакистан менен биргелешип өндүрүш жүргүзүүгө же ага курал-жарак сатууга» мүмкүнчүлүк берет.

«Түркия НАТОдон чыгып жаткан жок. Тескерисинче, ал стратегиялык ийкемдүүлүгүн жана сүйлөшүүлөрдөгү позициясын күчөтүү үчүн параллелдүү өнөктөштүктү өнүктүрүп жатат», — дейт Хаккани.

Сауд Арабиясы апрелде Пакистандын чет элдик валюта резервдерин турукташтырууга жардам берүү үчүн 8 миллиард долларлык каржылык колдоо пакетин жарыялаган.

Хакканинин айтымында, каржы тартыштыгына кабылган Пакистан үчүн Сауд Арабиясы жана келечекте Түркия менен коргонуу жаатындагы байланыштар өзүнүн аскердик тажрыйбасынан киреше табуунун бир жолу болуп саналат.

Башкача айтканда, аскерлерди даярдоону, аларды жайгаштырууну жана курал-жарак сатууну чет элдик валюта алып келүүчү жана бюджеттик түшкөн жүктү жеңилдетүүчү булакка айландырууга мүмкүнчүлүк берет.

Түркия НАТОдо АКШдан кийинки экинчи ири армияга ээ. Пакистан өзөктүк куралы бар жалгыз мусулман мамлекети. Сауд Арабиясы болсо Перс булуңундагы негизги державалардын бири жана дүйнөдөгү ири мунай экспорттоочулардын катарында турат. Алардын аскердик кызматташтыгы да бүгүн башталган жок.

Пакистан ондогон жылдардан бери сауд аскерлерин даярдап, техникалык жардам көрсөтөт. Түркия менен Пакистан аскердик машыгууларды өткөрүп, техника алмашат. Сауд Арабиясы болсо түрк өндүрүшүндөгү сокку уруучу дрондордун ири кардары.

Анкара келишим кайсы бир конкреттүү мамлекетке каршы багытталбаганын айтууда. Бирок анын түзүлүшү Тегеран үчүн жаңы жагдай жаратат.

«Иран муну терс кабыл алат деп ойлойм. Анткени Сауд Арабиясы Ирандын да, Иранга ыктаган топтордун да чабуулдарына көп кабылып келет. Эми бул жамааттык коргонуу келишими болгондуктан бир өлкөгө кол салуу баарына кол салуу катары кабыл алынат. Ошондуктан Иран же Иранга ыктаган топтор кийинки жолу Сауд Арабиясына кол салууда эки жолу ойлонууга аргасыз болушу мүмкүн», - дейт Chatham House институтунун улук илимий кызматкери Галип Далай.

Үч мамлекет тең Вашингтондун өнөктөшү болгондуктан серепчилер бул келишимди АКШга каршы альянс катары көрбөйт. Тескерисинче, Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөр өз коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти көбүрөөк өз колуна ала баштаганынын белгиси катары баалашууда.

Ал тапта Иранга ыктаган Йемендеги хусилер жекшембиде, 9-августта Сауд Арабиясынын Aramco компаниясынын Жазан шаарындагы мунай иштетүүчү заводуна чабуул койгонун билдиришти. Азырынча аларга жооп кайтарыла элек.