Талас шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик туу көтөрүлгөн иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Ал мамлекеттик туу эң ыйык таберик экенин белгилеп, ар бир жарандын алдында бабалардан калган жерди, элди, тилди, нарк-насилди сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү жоопкерчилиги турганын айтты:
"Кыргызстандын эгемендигинин соңку 35 жылдык тарыхы бизге чоң сабак калтырды. Албетте, оңой боло койгон жок. Түркүн сыноолорду баштан кечирдик, жаңылдык-жаздык, ийилдик, бирок сынган жокпуз. Жол издедик, тажрыйба топтодук, акыры өзөгүбүздү таанып, уңгужолубузга кайта баштадык. Эң башкысы – өткөндөн сабак алып, элдүүлүгүбүздү чыңдап, жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз".
Талас облусунда "Акылман" лицейи, жаңы мечит, жаңыланган "Манас ордо" комплекси, ошондой эле "Айтматов ааламы" борбору ачылды.
"Манас ордо" комплексин жаңылоого 1,4 млрд сом жумшалганы маалым болду. Ал жерде тарыхый багыттагы илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт. Иш-чараларды өткөрүү үчүн жыйын залы, административдик корпус, зыяратчылар үйү, түлөөкана жана башка объекттер бар. Кошумча имараттар курулгандан кийин музейдин аянты 1090 чарчы метрге кеңейген.
Кыргызстан Эгемендик күнүн жыл сайын 31-августта белгилейт. Бул жолу бул күн Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына туш келгендиктен расмий майрамдоо датасы жылган. 1990-жылдын октябрында Жогорку Кеңеш өлкөнүн аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясын кабыл алган. Ал эми 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгы жарыяланган.
"Шайлоо алдындагы кара пиар"
Президент Садыр Жапаров Таласта мечиттеги жолугушууда бийликтин дарегине айтылган сын-пикирлерди "шайлоо алдындагы кара пиар" деп атады. Соңку учурда сыртка чыгып кеткен бир катар активисттер бийликти сындаган материалдарды чыгарып жаткан эле. Ал дооматтарга президент үн ката элек болчу. Талас шаарындагы мечиттин ачылышынан соң жергиликтүү имамдар менен жолугушууда Жапаров:
"Ар бир нерсесине жооп берет элем. Бирок мен алар менен алышып отура берсем анда мына мындай жыйынтыкка жете албайт элем. Кетип бараткан жолубуздун аягына чыкпай калабыз ар бир үрө берген иттерге кылчактай берсеңер. "Иттер үрө берет, кербен жүрө берет". Андайларга көңүл бурбаш керек, жооп да бербеш керек. Ишенгени ишене берсин, алар азчылыкты түзөт. Эң негизгиси, жакшылыктарга ишенгендер көп болсо мага ошол жетет. Шайлоо алдындагы кара пиар деп эсептегиле. Эмне үчүн былтыр, мурдагы жылы чыгып алып ушинтишпейт", - деди.
Жапаров да, ал жолугушууга катышкандар да сөз кимдер жана кайсы сын-пикир жөнүндө болуп жатканын тактаган жок жана конкреттүү адамдардын ысымын атаган жок.
Президент айтылган сын-дооматтарга көпчүлүк ишенбей турганын айтып, өлкөдө соңку жылдары болгон өзгөрүүлөрдү көпчүлүк көрүп жатат деп жүйө келтирди.
Дагы караңыз
Эгемендикке 35 жыл: багытын издеген КыргызстанАкыркы апталарда өлкөдөн чыгып кеткен айрым мурдагы кызматкерлер жана активисттер социалдык медиада бийликтин дарегине сын-пикирин айтууда. Маселен, Кумтөр ишканасынын мурдагы директору Теңгиз Бөлтүрүк, ишкер Сыргак Кенжебаев, мурдагы экология кызматкери Самат Кушбек сыяктуулар кыргыз бийлигин мыйзамсыз иштерге айыптаган билдирүүлөрдү соцтармактарга жарыялаган.
Дагы караңыз
Ташиевдин тагдыры, Кумтөрдү башкаруу, камалган активисттер. Жапаровдун жаңы маегиСадыр Жапаров журналист Али Токтакуновго курган маегинде бул сын негизсиз экенин айтканы менен башка реакция кылган эмес. Бирок өлкөдө туруктуулукка шек туудургусу келген күчтөр бар экенин кайталап, аларга чара көрүлөрүн эскерткен жайы бар.
Учурдагы бийлик өлкө эми гана өнүгүү жолуна түшкөнүн айтып, соңку жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасын мисал катары көрсөтүп келатат. Ошол эле маалда мамлекеттик институттардын чыңдалышы, сот адилеттиги, саясий жана сөз эркиндигине, адам укугуна байланыштуу маселелер дале актуалдуу.
Саясат таануучулар өлкө 35 жылдык эгемендиктин тарыхында далай кыйынчылыктарды баштан кечиргенин, азыр тарыхтан сабак алуу процесси уланып жатканын белгилешет.
Эмил Жороев
"Эркиндик дегенде дароо эле башаламандык, ар кимдин өзүм билемдиги деп түшүнбөө керек. Саясий, жарандык укуктардын, сөз эркиндигинин жана башка эркиндиктердин сакталышы өнүгүүгө эч убакта кедергисин тийгизбейт. Ошол эркиндиктин өзү дагы болсо катардагы адамдардын жашоосунун сапатына түздөн-түз тиешеси бар деп түшүнүш керек. Албетте, каатчылыкты, саясий туруксуздукту, экономикалык өнүгүүнүн болбой жатышын, коррупциянын өтө көп тереңдеп кеткенин байкап, башынан өткөрүп келген коом үчүн, балким, ошол 2020-2021-жылдары "укукту кое туралы, өнүгүп алалы" деген туурадай көрүнгөндүр басымдуу көпчүлүккө. Бирок азыр көрүп жатабыз, укуктардын өнүгүүгө эч кандай байланыштуу эмес, тескери да эмес, өз орду, баалуулугу бар экенин. Менимче, эл деле билип турат", - дейт талдоочу Эмил Жороев.
Дагы караңыз
IPHR: "Ташиев кетти, бирок абал өзгөргөн жок"Аймактарды өнүктүрүү
Президент Жапаров Талас сапарынын алкагында бул аймактагы бир катар жаңы объектилерден тышкары жалпы Кыргызстан боюнча 100 социалдык жай-ишканаларды онлайн форматта ишке киргизди.
"Акылман" лицейинин пайдаланууга берилиши жана 100 объекттин онлайн ачылышы.
Бийлик мурдагы жылы 100дөн ашык социалдык жана өнөр жай объектилери пайдаланууга берилгенин, былтыр да 100 социалдык жана 60тан ашык өндүрүш ишканасы ачылганын кабарлаган. Ошондой эле мамлекеттик ипотекалык үйлөр, мектеп-бала бакчалар, жаңы курулган жолдор жана башкалар да ачылган.
Экономист Эрлан Камалов бир аймакка басым жасоону кубаттап, башка жагдайларды да эске алуу керектигин айтты:
Эрлан Камалов
“Мына ушул жасалып жаткан иштердин кийинки этабында жергиликтүү бийликти күчтөндүрүүгө басым жасалышы керек деп ойлойм. Жергиликтүү бийликтердин бюджети көбөйүшү үчүн сөзсүз түрдө ал жерде инфратүзүм өнүгүшү керек. Инфратүзүм өнүккөн жерде инвестиция да көп салына баштайт. Демек, салык да көбөйөт деген сөз. Ошондуктан бара-бара экономикалык функцияларды аймактардын өздөрүнө өткөрүп беришибиз керек. Ар бир аймак өзүнүн маселесин, өз көйгөйүн өзү чечкенге жеткирүүбүз кажет. Президент өзү деле аймактарда эл менен жолуккан учурда жер-жерлерде көп маселелердин чечилбей жатканын көрбөдүбү. Жергиликтүү бийлик дагы эле болсо борбордун көзүн карап, кылчактап отурат. Менимче, келечекте жүргүзүлчү административдик-аймактык реформанын негизги багыты жергиликтүү бийликке көбүрөөк ыйгарым укуктарды берүүгө арналышы керек”.
Жапаров да акыркы жылдары мына ушул көйгөйлөрдү жоюуга көңүл бурулуп жатканын кайталап келет. Анын ичинде 2030-жылга чейин тоолуу аймактарды өнүктүрүү планын да жарыялаган.
Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Эгемендик майрамын ар кайсы аймактарда өткөрүп, анын шылтоосу менен чоң-чоң объектилердин салынып жатканын кубаттайт.
Тилек Токтогазиев
“Ишкерлерге шарт түзүүгө кам уралы. Эркин экономика шартында бизнеске жакшы шарт түзүп берсе керектүү нерселерди өзү сала баштайт. Университет, мектеп, бала бакча, клиниканы ошо жеке ишкер өзү кура берет. Анын эффективдүүлүгү да жогорураак болот. [...] Башка маселе, жергиликтүү бийликтердин күчтөнүшү. Дүйнөлүк тажрыйбада аймактардын өзүндө мүмкүнчүлүк көбүрөөк берилген жактарда өнүгүү жакшыраак болот. Мисалы, Кытайда шаарлардын өздөрүнө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр берилген, ошондуктан шаарлар дүркүрөп өнүгүп кетишкен. Швейцарияда, АКШда жана башка өлкөлөрдө аймактардын өздөрүнүн ыйгарым укуктары кеңири, эркиндиктери көбүрөөк. Өнүгүү ар бир аймактын өзүнүн колунда болуп калат. Бир учурда Кыргызстан да ушундай жолго түшкөн, бирок кийин артка кайтып, баарын Бишкек чече турган болуп калды. Ошол эле учурда Кыргызстан 2000-2010-жылдары басып өткөн жолго биздин кошуна мамлекеттер – Өзбекстан менен Казакстан түшүп баштады. Децентрализация – аймактарга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берүү алардын саясий реформаларынын багыты болуп жатат”.
Кыргызстанда салыктын көбү республикалык бюджетке кетип, азыраак бөлүгү гана шаар-айыл аймактардын капчыгында калгандыктан жергиликтүү бийликтер дайыма көйгөйлөрүн өз алдынча чече албайт же чоң имараттарды, ишканаларды сала албайт. Ушундан улам анын көбүн мамлекет өз мойнуна алат.
Буга параллель бийлик акыркы жылдары аймактардагы чоңураак шаарларга миллиарддаган каражатты түз берип жатат. Бирок былтыр Токмок менен Кара-Балта шаарларына бөлүнгөн 2 млрд сомдук каражат боюнча мыйзам бузуу аныкталып, жетекчилер камалышкан.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Чоң-Өрүктү: Кыргызстандагы “Кичи Англия”
Кыргызстандын мурдагы президенттери Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин, Роза Отунбаеванын, Алмазбек Атамбаевдин жана Сооронбай Жээнбековдун тушунда да аймактарды өнүктүрүүгө басым жасаларын жарыялашкан. Атүгүл Жээнбековдун маалында 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп да жарыяланган. Ага карабай аймактагы шаарларда жана айылдарда суу, жол, мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык жайларга байланыштуу көйгөйлөр чечилбей калган.