ШКУнун 25 жылдык саммити Бишкекте өтүүдө

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчылары. 1-сентябрь. Бишкек, Кыргызстан.

Бүгүн 1-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын мааракелик жыйыны өтүүдө.

Жыйынга катышуу үчүн кыргыз борбор калаасына күн мурун Беларус президенти Александр Лукашенко, Индия премьер-министри Нарендра Моди, Иран президенти Масуд Пезешкиан, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Пакистан премьер-министри Шахбаз Шариф, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, Кытай төрагасы Си Цзиньпин жана Орусия президенти Владимир Путин келишкен.

Мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринен тышкары Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрэлсүх жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү да азыр Бишкекте. Иш-чараларга Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш баштаган эл аралык уюмдардын жетекчилери да катышууда.

Жер бетиндеги калктын 40% ашууну жашаган өлкөлөр кирген уюмдун 25 жылдыгына арналган мааракелик саммит Бишкекте жаңы курулган "Ырыс ордо" конгресс борборунда уюштурулду.

Быйыл ШКУнун түзүлгөнүнө чейрек кылым толуп, жыйындын негизги темасы уюмдун мындан аркы өнүгүү багыттарын талкуулоого арналат. Саммит «ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай бирге» деген ураан алдында өтүүдө.

Саммиттин күн тартибинде эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, терроризмге каршы күрөш, экономикалык кызматташтык, транспорттук жана логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, санариптештирүү, экология жана гуманитардык кызматташтык маселелери бар. Ошондой эле “ШКУ+” форматындагы кеңейтилген жолугушууда туруктуу өнүгүү жана эл аралык укукту чыңдоо боюнча пикир алмашуу болот.

Жыйынтыгында ШКУнун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясына жана бир катар кызматташтык документтерине кол коюлат.

Дагы караңыз

ШКУга 25 жыл. Ички ажырым жана тышкы басым

Уюм 2001-жылдын июнунда түптөлгөн. Адегенде Шанхай бешилтигине – Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстанга Өзбекстан кошулуп, азыркы аталышы берилген. Кийин ага Индия, Пакистан, Иран жана Беларус мүчө болду.

Коопсуздук жаатындагы регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү демилгесинин тамыры СССР менен Кытайдын чек ара маселесин чечүү аракеттерине барып такалат. Советтер Союзу ыдырагандан кийин сүйлөшүүлөр көп тараптуу форматка өткөн. 1996-жылы Шанхай бешилтигине кирген өлкөлөр чек ара аймактарында аскердик тармакта өз ара ишенимди бекемдөө, ал жерлерде куралдуу күчтөрдүн санын кыскартуу тууралуу келишимге кол койгон. Мындан тышкары Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан террорчулук менен күрөшүүнү макулдашкан.

2001-жылы беш өлкөгө Өзбекстан кошулуп, лидерлер ШКУну түзүү тууралуу документтерге кол коюшкан. Айрым эксперттер 2010-жылдарга дейре Орусия уюмду саясий блок деп эсептеп келгенин белгилешет. 2013-жылы Кытайдын лидери Си Цзинпин “Бир алкак бир жол” демилгесин жарыялаганга чейин Бээжин дал ушул уюмду көп тараптуу экономикалык кызматташтыкты өрчүтүүнүн инструменти катары кабыл алып келген. Кытай да, Орусия да бирикмени Батыш институттарына каршы аракеттенүүчү курал, АКШ долларына альтернатива болуп бере тургандай экономикалык түзүм катары кабыл алышат.

2015-жылдан бери альянс Түштүк Азия жана Жакынкы Чыгышты көздөй кеңейип отуруп, ушу тапа ага 10 өлкө кирет, диалог боюнча өнөктөш мамлекеттин арасында Түркия, Азербайжан, Катар жана башкалар бар. Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ. Бирок талибдер бийликке кайтып келген 2021-жылдан бери Кабулдун өкүлдөрү жыйындарга чакырылбай калган. 2017-жылдан тарта бири-бирине атаандаш болгон эки ядролук держава Индия менен Пакистан расмий түрдө уюмга мүчө болуп кирген. Андан кийин, 2023-жылы Нью-Делиде онлайн өткөн жыйында альянска Иран кошулган.

2024-жылдын 4-июлунда акыркы болуп уюмга Беларус кабыл алынган. Ал Орусиядан кийинки экинчи европалык мүчө-мамлекет болуп калды. “Европадагы акыркы диктатор” атыккан Александр Лукашенконун башкаруусундагы Беларус бийликти бир колго топтоо, диктатуралык башкаруу модели жагынан ШКУдагы Орусия, Кытай, Иран сыяктуу өлкөлөргө жакын.

Дагы караңыз

Путин, Си, Моди Бишкекте. Чоң державалардын атаандаштыгы жана кызматташтыгы

Блокко кирген мамлекеттерге дүйнөлүк ички дүң өндүрүмдүн бирден үч бөлүгү туура келет. Бул 20 триллиондой доллар дегенди билдирет. Андан тышкары уюмга мүчө мамлекеттердин аймактарын кошкондо Евразиянын үчтөн эки бөлүгүн түзөт. Расмий жыйындардан тышкары дээрлик жыл сайын уюмга мүчө өлкөлөрдүн аскердик машыгуулары өтүп турат.

Freedom House эл аралык уюму 2025-жылкы докладында ШКУга кирген мамлекеттердин Индиядан башкасынын баары "эркин эмес" деп сыпаттаган. Батыштагы кээ бир эксперттер жана укук коргоочу уюмдар аны “автократтардын бирикмеси” же “диктаторлордун клубу” деп сыпаттаганы бар. Себеби Кытай, Орусия, Иран жана Беларус өңдүү өлкөлөр расмий бийликтен башкача пикирдегилерди катуу куугунтуктайт.

Былтыр Тяньцзин шаарында өткөн саммиттен кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагына Кытай, Индия жана Орусия лидерлеринин сүрөтүн жарыялап, Дели менен Москва Бээжиндин таасиринде калганын жазган. Мындан тышкары айрым талдоочулар Украинага кол салгандан бери эл аралык санкцияларга туш болгон Орусия үчүн өз дымагын илгерилетүүдө жана соода-сатык кылууда Шанхай кызматташтык уюму маанилүү аянтча болуп бергенин белгилешет.

Башкаларынын айтымында, АКШ жана Еврошаркет бирикме америкалык таасирге каршы болгон өлкөлөрдү бириктирүүнү көздөйт деген ойду карманат. Ал эми аймактык бирикменин жетекчилиги жана ага кирген мамлекеттер Шанхай кызматташтык уюмунун эч кимге каршылыгы жоктугун, диалогго ачык экенин белгилейт.

Макала толукталууда