Активистти эркинен ажыраткан сот өкүмү
Активист Мавлян Аскарбеков эки жылга кесилди. 29-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда ал акыркы сөзүн сүйлөп, сот өкүм чыгарды.
Аскарбеков тергөөчү ага коюлган айыпты далилдей турган толук тергөө жүргүзө албаганын, коюлган берене боюнча айыбы жоктугун айтты.
Судья Темирбек Маматов Аскарбековду Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык күнөөлүү деп таап, жалпы тартипте 2 жыл жазасын өтөсүн деди. Ал ошондой эле жаза мөөнөтү Аскарбеков камалган күндөн тартып эсептелинерин айып корутундусун окуп жатып билдирди.
Бул өкүмдұ Аскарбеков өзү күтпөгөнүн, мыйзамсыз экенин айтып, кийинки инстанцияга кайрыларын айтты.
Аскарбеков 46 жашта. Ал Бишкек шаарында төрөлгөн. 2015-жылы Кыргыз мамлекеттик юридика академиясында магистр даражасын алган. Башкаруу академиясында, Улуу Британиядагы окуу жайда жана Борбор Азиядагы Америка университетинде да окуган.
Жеке ишканаларда эмгектенген. Жаш саясатчы катары бир катар коомдук бирикмелерге мүчө болуп, жаштардын түрдүү уюмдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн “Жаңы муун” кыймылын негиздеген.
2018-жылдан тартып бир нече жыл Бишкектин Биринчи Май районунун акиминин орун басары болуп эмгектенген.
2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоого №27 округдан талапкер болуп катышкан.
Камоого негиз болгон Фейсбуктагы пост
Саясатчынын адвокаты Эрик Ирискулбеков Аскарбековго Фейсбукта жазган постуна байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.
Анын айтымында, айып Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен тагылган. Мавлян Аскарбеков жазган постко соттук-лингвистикалык экспертиза жүргүзүлүп, эксперттер “анда улут аралык кастыкты козутуу чакырыктары бар” деген тыянак чыгарып берген.
Эрик Ирискулбеков жүргүзүлгөн экспертизага макул эмес экенин, иште бир да күбө жоктугун айткан.
Аскарбеков өзү сот залынан колу кишенделип, күч кызматкерлеринин коштоосунда чыгып баратып журналисттерге "Президент Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деди. Мен өз оюмду өкмөткө кайрылуу менен айткам. Жашыруун видеолор монтаж болгон", - деп айтууга үлгүргөн.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кылмыш иши боюнча маалымат берген эмес.
47 жаштагы Аскарбеков өлкөдөгү окуяларды активдүү комментарийлеген саясатчылардын бири. Ал соңку жылдары бийликтин айрым иштерин сынга алган пикирлери менен бөлүшүп келген.
Быйыл 12-июнда Фейсбуктагы баракчасына өзүнө каршы чагымчыл мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын, үйүнө УКМКнын кызматкери барганын жазып чыккан.
Дагы караңыз
Активист Мавлян Аскарбеков "кастыкты козутууга" шектелип кармалды"Премьер-министрге кайрылып, кытай жарандары кичи, орто бизнеске аралашып жатканы тууралуу айттым эле. Конструктивдүү талкуулап, эл алдында түз эфирде дебатка чакыргам. Базар күнү үйүмө УКМКнын үч кызматкери келип мени менен сүйлөшүп, жашыруун камерага тартышып, монтаждап азыр чыгарып жатышат", - деп жазган ал өзүнүн постунда.
Муну менен катар ал интернетте тараган видеону кошо тиркеген.
13 мүнөттүк "Жалган маалыматтын изи менен. Мавлян Аскарбековдун далилсиз сенсациясы" деген видеодо активисттин буга чейинки билдирүүлөрү сынга алынып, "өлкөнү эч ким каптап кетпегени, улуттук коопсуздук маселеси мыйзам менен темирдей корголгону" айтылган.
Ошол эле күндүн кечинде Аскарбеков кармалганы белгилүү болгон. Бишкектин Ленин райондук сотунда 13-июнда анын бөгөт чарасын аныктоо боюнча сот отуруму өтүп, ал эки айга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алынган.
"Басым токтогон жок"
Мавлян Аскарбековдун аты жакында International Partnership for Human Rights (IPHR) уюмунун жаңы баяндамасында аталган. Кыргызстанда жарандык эркиндик чектелүү экенин белгилеген уюм УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин деле бийликти сындагандарга кысым уланып жатканына көңүл бурган.
International Partnership for Human Rights уюмунун баяндамасынын авторлору Кыргызстандагы март айынан августка чейинки абалды талдашкан.
Баяндамада Камчыбек Ташиев кызматта турганда сөз эркиндигин муунтуу өнөктүгүн жетектегени, анын тушунда бир катар жарандык активисттер, журналисттер, коомдук жана саясий ишмерлер камакка алынганы айтылат.
IPHR уюму Ташиев кызматтан кеткенден кийин Кыргызстанда жарандык эркиндиктин абалы жакшырат деген үмүт акталбаганына токтолгон.
БУУнун чечиминен кийин абактан чыккан Temirov Live (Сот экстремисттик деп тапкан) каналынын журналисти Махабат Тажибек кызынын иши кайрадан сотто карала баштаганы, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын июнь айында Майлуу-Сууда эч кандай себепсиз кармалып, суракка алынышы, чет өлкөдө жүргөн эко-активист Самат Кушбековдун каралоого кабылышы, жер маселесин айтканы үчүн активисттер Мавлян Аскарбековдун, Азамат Баямановдун камалышы мисал катары келтирилген.
Оппозиция өкүлдөрү Темирлан Султанбеков менен Кадырбек Атамбаевдин соту журналисттердин катышуусуз, жабык өткөнү сөз болгон.
Быйыл май айында кыргыз бийлиги эл аралык эксперт Стив Свердловду өлкөгө киргизбей койгонуна, бюрократиялык басым күчөп, 2024-жылы кабыл алынган “Чет өлкөлүк өкүлдөр” мыйзамы жаңы эрежелер менен толукталганына, борбор калаада митинг өткөрүүгө салынган тыюу 2026-жылдын 16-сентябрына чейин узартылганына көңүл бурулган.
Эки жылдан бери абакта жаткан жалгыз бой эне Каныкей Аранованын окуясы социалдык тармактардагы пикири үчүн аялдарды, мигранттарды жана активисттерди катаал жазалоонун айкын мисалы катары көрсөтүлгөн.
"Мыйзам каматат"
2024-жылдын аягында Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу расмий башталгандан кийин өлкөдө кытай жарандары көбөйгөнү тууралуу сөздөр чыккан. Кытайлык жарандар аралашкан ар кандай окуялар катталган. Президент Садыр Жапаров ал кезде кытай жарандары ири долбоорлорго байланыштуу убактылуу келгенин, ар бир мигрант көзөмөлдө экенин билдирген.
Жапаров 14-июнда Балыкчы шаарында Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна мезгил кутусун салган учурда сөз сүйлөп жатып, Кыргызстандагы чет элдик жумушчулар темасына токтолгон.
Ал темир жол тармагындагы жетишкендиктерди мисал келтирип, ири долбоорлорго Кыргызстан чет жактан жумушчуларды тартканга мажбур экенин айткан:
Садыр Жапаров
“Ошондуктан, блогерлер дейбизби, оппозиция дейбизби же өзүн көрсөткөн популист саясатчылар дейбизби, “каптап кетти, жайнап кетти” деген сөздөрдү чыгарып, тоскоолдук жаратып жатышат да. Ушундайларга чекит коюп, кескин токтотушубуз керек. Албетте, мына биз ушундай өзүбүздүн күчүбүз жеткен жер болсо өзүбүз салып жатабыз, ал эми инженерлерибиз жок, тажрыйбасы жок, колубуздан келбеген нерселерди кошуна мамлекеттерден суранып, жасатып жатабыз. Ал эми “өзүбүз курабыз” деп жата берсек, биздин инженерлердин курулуштары 15-20 жылда араң даяр болот. Ошондуктан, азыр андай чагымчылдык аракеттерге барбагыла деп блогерлерибизди чакырып кетем”, – деген Садыр Жапаров.
Президент Кыргызстанда сөз эркиндиги бар жана демократия өкүм сүрүп жатат деген пикирин мурдатан эле айтып келет. Мамлекет башчы жакында эле журналист Али Токтакуновдун YouTube каналына курган маегинде пикир үчүн абакта жаткандарды бийлик эмес, мыйзам каматканын белгилеген:
"Блогерлер деле ошолорду туурады да. Тигини деле, муну деле тартышат, анан "кокуй, бул туура эмес, ал туура эмес" деп кыйкыра беришет. Анткени тигилерден үлгү алган да. Анан мыйзамдар түзүлдү, жоопкерчилик алышты. Туура эмес маалымат таратсаң, бирөөнүн беделине шек келтирсең жооп бересиң деп. Аларды мен каматкан жокмун да, "кама" деп дагы айтпайм. Мыйзам каматат. Аларды суроо Ички иштер министрлигинин, УКМКнын милдети. Тартип деген болуш керек. Тартип болбосо, мамлекет чачырап кетет. Айрым учурда 5-10 суткага камашы мүмкүн".
“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашык жарандын ишин тизмектеген. Башка басылмалар болсо пикири үчүн соңку төрт-беш жылда 140 киши камалып же куугунтукка алынганын эсептеп чыккан.