Ташиев менен катар анын үч орун басары кызматынан четтетилип, алардын ордуна жаңы кадрлар дайындалды.
Президенттин чечими менен Курванбек Авазов УКМК төрагасынын биринчи орун басары кызматынан, Даниэль Рысалиев УКМК төрагасынын орун басары-Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору кызматынан, Элизар Сманов УКМК төрагасынын орун басары-Антитеррордук борбордун жетекчиси кызматынан алынды.
Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча президент Садыр Жапаровдун чечими күтүүсүз болгонун билдирди.
“Мен ооруп калып президенттин уруксаты менен Германияга келгем, себеби мурдагы операция болгон жерге көрүнүүгө туура келди. Бирок кечээ мени жумуштан алышыптыр, мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли-журтубуз, президентибиздин алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанам! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт! УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин, ийгиликтерди каалаймын! Ал эми өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуш үчүн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот!”, - деген Камчыбек Ташиев.
УКМК төрагасынын милдетин убактылуу аткарууга Жумгалбек Шабданбеков бекитилди. Шабданбеков 2020-жылдан бери УКМКнын төрагасынын орун басары болуп, ошону менен бирге жогорку саясий жетекчилерди кайтарган 9-кызматын башкарып келген.
Рустам Мамасадыков Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан бошотулуп, УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болду. Экс-депутат Алишер Эрбаев УКМК төрагасынын орун басары-Антитеррордук борбордун директорлугуна дайындалды.
Президент дагы бир тескемеси менен Уранбек Шадыбековду УКМК төрагасынын орун басары-Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматына бекитти.
Чек ара кызматы атайын кызматтын курамынан чыгарылып, Министрлер кабинетине түз баш ийдирилди.
Дагы караңыз Чек ара кызматы УКМК курамынан чыгарылдыЖогорку кызмат адамдарын кайтарган 9-кызмат дагы УКМК курамынан чыгарылып, президентке түз баш ийген Мамлекеттик күзөт кызматы болуп калды. Ага Сыргак Бердикожоев төрага болуп дайындалды. Ачык булактарда Бердикожоев тууралуу маалымат жок.
11-февраль күнү Жогорку Кеңеште соңку окуялар боюнча айрым депутаттар үн катты. Депутат Үмбөталы Кыдыралиев сөз сүйлөп, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бир партияны түптөп, үзөңгүлөш келаткан тарапташ катары бийликте отурган беш жылда мурда чечилбей келаткан чек ара көйгөйүн чечип, экономиканы өнүктүрүп жатканын белгиледи.
“Мамлекет жакшы нукта баратат, өнүгүп атат. Эми жумушта биз деле өзүбүздүн жакындарыбыз менен түшүнбөстүктөр болот. Ошон үчүн мен өзүмдүн эки досумду чакырат элем, баары жакшы болот, баарыбыз бир болобуз, астыга койгон максаттарга жетебиз. Экөө тең кыргыз элинин патриоту. Экөө тең эл-журт дегенде ичип жаткан суусун, жеп аткан тамагын таштап, чуркап кетет. Ошон үчүн биз дагы – парламент ушул күндөрү бөлүнбөй-жарылбай бүт баарыбыз ынтымакта бир туруп койсок, мен ишенем Кыргызстан кубаттуу мамлекет болот”.
Мына ушинтип Кыргызстандагы кезектеги саясий тандемдин доору адаттагыдай чуулгандуу аяктап жатканы сөз болууда. Мындай жыйынтык көптөн бери талкууланып келгени менен, Ташиев ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө кеткен учурда күтүүсүздөн жасалган ыкчам чечимдер коомдо кызуу талкууланып жатат.
Өлкөдөгү эки негизги таасирдүү кишилердин ортосундагы пикир келишпестиктерге карабай, Мамлекеттик күзөт кызматы Камчыбек Ташиевди кайтарууну улантарын билдирди. Ташиев өзү Кыргызстанга качан кайтары жана ага карата бийлик кандай мамиле жасалары азырынча белгисиз.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жаралган саясий жагдай боюнча өз пикирлерин билдиришти.
Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков президент өзүнүн ыйгарым укуктарын колдонду дейт.
“Мамлекет башчыны эл шайлаган, ага бийликти ишенип берди. Мына, биз азыр Камчыбек Кыдыршаевичтин дагы пикирин окуп атпайбызбы. Президент кантип чечүүнү өзү билет. Анын укугу. Баш мыйзамда да каралган, ал өзү дайындайт, Жогорку Кеңешке жөнөтөт. Анан биз бул жакта карап, талкуулап, эгерде ал жетекчи татыктуу болсо колдоп беребиз”.
Ал эми дагы депутат Кубанычбек Самаков Ташиевдин коопсуздугу камсыздалышы зарыл деп эсептейт.
“Коопсуздугу, албетте, каралышы керек деп эсептейм. Анткени, кылмыштуу топту жоюу деген Кыргызстанда чындыгында болуп көрбөгөн иш. Бул Камчыбек Кыдыршаевичтин жасап кеткен абдан маанилүү, эң чоң иштеринин бири болгон. Ошондуктан, мунун артында коркунучтар да болушу мүмкүн. Ошого ылдайык, коопсуздугу да каралышы керек деп эсептейм”.
11-февраль күнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармак аркылуу болуп жаткан окуяларга пикирин жарыялады. Ал Кыргызстанда кош бийлик өкүм сүрүп, өзүнө ашкере таасирди ыйгарып алган коопсуздук кызматы мамлекеттик башкаруунун принциптерин бузуп келгенин белгиледи.
“Соңку жылдары мамлекеттик башкаруу системасында – өкмөттө да, жер-жерлерде да белгилүү бир дисбаланс жаралып калган, муну моюнга алышыбыз керек. Мамлекеттик коопсуздук органдарына айрым функциялардын ашкере топтолуп калышы бул түзүмдүн кээ бир өкүлдөрү өздөрүн мыйзамдын куралы катары кабылдабай, тартип үчүн күрөштүн аброюна жамынып алып ыйгарым укуктарынан чыгып кетип жана коомдо үшүн алуу жана куугунтуктоо атмосферасын түзүп калган. Бул тема жарандык коомдун, ишкер чөйрөнүн жана жаштардын адилеттүү сынын жаратып жаткан”.
Саясий “тандем” түшүнүгү 2005-жылы кыргыз коому “Жоогазын ыңкылабына” элирип, ошонун таасиринде турган мезгилде пайда болгон. Ошол кездеги президент Аскар Акаевди бийликтен кулаткан саясий күчтөрдүн лидери Курманбек Бакиев менен абактан чыгып, саясий туткун катары таанылып, зоболосу көтөрүлүп турган Феликс Кулов президенттик шайлоого чогуу аттанып, бири мамлекетти, экинчиси өкмөттү башкарарын жар салган.
2017-жылы президенттик мөөнөтү соңуна чыгып бараткан Алмазбек Атамбаев жакын досу Сооронбай Жээнбековду “өзүнүн саясатын улантуучу” катары мураскер кылып, шайлоого аттандырган. Бул учурду, албетте, атаандаш саясатчылардын тандеми катары атоо кыйын.
2020-жылы талаштуу шайлоодон кийинки бийлик алмашуудан соң кайрадан тандем түзүлүп, Садыр Жапаров президент, Камчыбек Ташиев УКМК төрагасы болуп келген.